Шашылыш кабар:

Арабаев: Декларацияны ачык толтурбагандар жооп бере турган мезгил келди

Арабаев:  Декларацияны ачык толтурбагандар жооп бере турган мезгил келди
Күн Чабыт
0

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев аталган кеңештин 8-февралдагы чечимдеринин аткарылышы боюнча маалымат берди.

Басма сөз жыйынында Сагынбаев ушул жылдын 1-июлунан тартып мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлердин 2017-жылга карата тапшырган декларациясы текшериле баштаарын кабарлады.

Дамир Сагынбаев белгилеп өткөн  мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлердин декларациясын  текшерүү маселесин. Анын жүрүү тартибин жана ачык айкындуулукту камсыз кылуунун жолдорун Мамлекеттик Кадр кызматынын мурунку жетекчиси Чолпонкул Арабаев «Күн чабыт» программасында айтып берди.

1-июлдан баштап мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлердин 2017-жылга карата тапшырган декларациясы текшериле турганы кабарлады.  Бүгүнкү күндө декларация боюнча кабыл алынган нормативдик актылар  өзүн актадыбы?

Бул маселе эгемендүүлүк алган жылдардан бери жүрүп  келе  жаткан иш. Кудай буюрса 2017-18-19 жылдарда аягына жетет. Эми жоопкерчиликке тарта турган мезгил келди. Себеби муну турмуш өзү талап кылды. Буга чейинки укуктук актылардын баардыгы ушул иштерге жол салды. Себеби коомчулуктун, дүйнөлүк практиканын талабы ушундай. Бул жерде мамлекеттик кызматка бараардан мурун, ар бир жаран кызмат берсе эле ала бербей жоопкерчилигин кошо сезиш керек. Андагы тагылган  милдетти жакшы билип, ачык-айкындуулук боолууга тийиш. Алардын алган маянасы бюджеттин эсебинен, бюджет каржынын эсебинен каржы элдин акчасы экенин ар бир мамлекеттик кызматкер жон тери менен сезиш керек. Кечээ Коопсуздук кеңештин катчысы туура  иштери айтты. Ар бир мамлекеттик кызматкердин тапшырган декларациясын аягына чейин текшерип, жыйынтыгын коомчулука жарыялаш керек.

— Ошондой эле Сагынбаев арам акчасын жашырып калууга аракеттенгендер баары бир жазага тартылат деди.Бүгүнкү күнү декларация киреше боюнча гана жүрүп жатат. Чыгаша менен киреше дал келтирип, декларациянын тактыгын анык көрсөтүү үчүн кандай рычаг керек болуп турат?

Бүгүнкү күнү рычагдар толук жетишпесе дагы тапкан кирешеси менен кетирген чыгымынын ортосундагы далилдөөгө укук коргоо органдарынын мүмкүнчүлүгү бар. Бул жагынан коркпой деле койсок болот. Кабыл алынган мыйзамдарга Салык кызматы өкмөттүк деңгээлдеги укуктук-нормативдик актыларын иштеп чыгып, аны аягына чыгарганга болот.  

— Мамлекеттик кызматкерлердин ошол эле чиновниктердин декларацияга кирбеген кирешелерди кантип аныктап чыгууга болот ?

Көпчүлүк учурларда мамлекеттик кызматкерлердин тапшырган декларациясын анализдеп көргөндө көпчүлүк чиновниктердин үй мүлктөрү жакындарына катталганы боюнча коомчулукта айтылып жатат. Булардын баарын коомчулукка укук коргоо органдарынын жардамы менен ачыктап койсо болот. Ошондуктан бул оңой эле далилденчү маселе.

 — Маегиңизге рахмат!

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache