Шашылыш кабар:

Бизнес өкүл аталар пайда болду

Бизнес өкүл аталар пайда болду
Экономика
0

Жаштарды натыйжалуу бизнес кылууга үйрөтүү үчүн бизнес өкүл ата жана апалар дайындалды. Эми алты ай аралыгында тажрыйбалуу ишкерлер жаштарды  бизнес кылууга үйрөтүшөт.

Менин өкүл атамдын отуздан ашык бизнеси жана алтымыштан ашык өнөктөшү  бар. Эми атамдан көп нерсени үйрөнөм деп турам. Өзүм бир тармактуу болуп иштегим келбейт. Ошондуктан убакытты үнөмдүү пайдаланып, көп ишке жетишким келет.

Бул бизнести жаңы таанып, ишкердикке кадамын таштаган Чыңгызхан Токтобаев. Бизнеске аралашкандыгына эки жылдын жүзү болду. Бүгүнкү күнү «Кеттик» аттуу туристтик фримасын ачып, Кыргызстандыктарга тоодо эс алуу программасын  уюштуруп келет.

Эми  «Кыргыз жаштарынын ишкердиги» программасына катышып, өкүл аталуу болду. Бул аянтчада тажрыйбалуу ишкерлер же өкүл аталардан  жаштар  бизнес кылуу ыкмаларын үйрөнүшөт. Тагыраагы жарым жыл  бою өкүл балдарынын бизнестерине көзөмөл жүргүзөт.  Бул устат-шакирттик долбоор Кыргызстандын жаштарын натыйжалуу бизнес кылууга  үндөөрүн «Enactus Kyrgyzstan» уюмунун аткаруучу директору Гүлбарчын Сүйүнова айтып берди.

Биздин долбоордун негизги өзгөчөлүгү бул ишкердик эмес. Бул устат-шакирттик долбоор. «Enactus» бизнес өкүл эне жана бизнес өкүл ата деген түшүнүк бар. Кыргызстанда бул жаңылык. Буюрса жыйынттыктары үч айдан кийин болот. Бул программага биринчи катышкан балдар конкреттүү иштери менен келет.

Программанын алкагында жеке ишкер Арслан Кененбаев өкүл балалуу болду. Ошону менен ишкердин он бешинчи шакирти болуп калды. Эми белгиленген мөөнөттө бизнеске акча салуу гана эмес, андагы кыйынчылыктар жана тажрыйбасы менен бөлүшөт. Анткени бизнес дайыма жаңыланууну талап кылган тармак.

Бизнес өкүл ата болгонго менде жетиштүү тажрыйба бар. Ишкердик менен алектенгениме 20 жылдын жүзү болду. Бүгүнкү күнү 15тен ашык жаш ишкерлерге жол көрсөтүп, тарбиялап келем. Бул биздин өлкө үчүн абдан маанилүү. Себеби өлкөдө ишкерлер канчалык көп болсо, мамлекетибиз өнүгөт. Сиздер жакшы билгендей, постсоветтик өлкөлөрдө базар экономикасы башаламан болгон. Азыр убакыттын өтүшү, ишкерлердин талыкпай жаңы инновацияны үйрөнүшү менен ишкерлердин деңгээли жогорулады. Ошондуктан жаштар дагы белгилүү жетишкендиктерге жетүү үчүн талыкпай билим алып, жаңы ыкмаларды үйрөнүшү керек.

Ошондой эле жаштарды ишкердик кылууга үйрөтүү программасынын алкагында эми  турмуштун оор сыноосуна туш болгон жаштар дагы тартылат. Жаш курагы 18-35 жашка чейин деп көрсөтүлдү. Кыргызстандын баардык аймактарынан катыша алышат жана акысыз.

Эми алты айдан кийин өкүл ата менен өкүл баланын жасаган иштеринин жыйынтыктары чыгат. Мыкты делгени глобалдык масштабдагы АКШда өтө турган ири сынакка катышат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache