Шашылыш кабар:

Парламентте уюшкан кылмыштуу топтун он чакты мүчөсү бар

Май 31st, 2018 | by Бахар Хакимова
Парламентте уюшкан кылмыштуу топтун он чакты мүчөсү бар
Күн Чабыт
0

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентке отчёт берип жатып, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү катары каттоодо тургандар боюнча маалымат берди. Башкы көзөмөл органын кабарлашынча өлкөдө негизинен 3 ири уюшкан кылмыштуу топ бар. Андан сырткары 941 ар кандай кылмыштуу топтордун мүчөлөрү каттоодо турат. 2017-жылы ар кандай кылмыш иштерин жасаганы үчүн ИИМ тарабынан 241 уюшулган кылмыш топторунун мүчөлөрү кармалып, жоопко тартылган. Алардын ичинен криминалдык чөйрөдө жогорку тепкичти ээлеген 3 кылмышкер бар. 2017-жылы андан сырткары 129 уюшма кылмыш топторунун мүчөлөрү катталган.

Мына ушул уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү бүгүнкү күндө кандай жүрүп жатат? Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков «Күн чабыт» программасына маек курду.

Марал: “Ата Мекен” партиясы уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүүгө өзгөчө басым жасап келген. Сиз азыр анализ кылып жатасызбы, мындан 5 жыл мурунку абал менен азыркы абалды алып караганда өзгөрүү барбы?

Туратбек Мадылбеков: Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү мындан 10 жыл мурда кандай болгон, акыркы 5 жылда же бүгүнкү күндө кандай? биз дайыма анализ кылабыз. Бүгүнкү күн тууралуу айта турган  болсом, акыркы 10 жылдын ичинде уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш катуурак жүргөндөй болгон, бирок аягында солгундап кетти. Ошонун негизинде учурда уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөш өтө төмөн деңгээлде деп айтсак болот.

Кийинки кезде уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү бийликтин ар кандай бутактарында кенен жайылган, керек болсо өздөрү да кызматка кирип жаткан учур. Ошол үчүн убагында биз «Ата – Мекен» фракциясы мурунку ички иштер министри Суранчиевден сурап, ал Жогорку Кеңеште, башка жергиликтүү бийлик органдарында кылмыштуу топко тийиштиги бар канча адам бар экендиги тууралуу маалымат берген.

Бирок алардын саны бүгүнкү күндө дагы көбөйдү. Менин билишимче, Жогорку Кеңештин VI чакырылышында уюшкан кылмыштуу топтордун он чактыдай мүчөсү бар.

Азыр алар абдан куу болуп алышыптыр. Атамбаевдин бийлиги учурунда аларга бираз кызмат кылып туруп эле өздөрүнүн адамдарын киргизип кеткен учурлар болду. Бирок жалаң эле КСДП эмес, башка партиялар дагы ушул ыкманы колдонушту.

Марал: Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү боюнча мамлекеттик саясат иштелип чыкканбы? Сиз байкадыңызбы?

Туратбек Мадылбеков: Мамлекеттик саясат иштелип чыккан эмес. Өзүңөр билгендей, уюшкан кылмыштуу топтор дагы өздөрүнүн катарына көчөдөн эле жөнөкөй жарандарды ала бербейт. Көбүнчө спортчу, күчтүү балдарды өздөрүнө тартышат. Спотчуларга болсо убагында мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбагандыктан аларга уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлери көз салып, жардам берип акырындык менен өздөрүнө тартышкан. Бири аралашып кетсе, ал башкасын тартат. Ошондуктан мамлекеттик деңгээлде программа иштеп чыгуу керек.

Марал: Бул багытта күрөшүү боюнча кандай сунуштарыңыз бар?

Туратбек Мадылбеков: Бул маселени экиге бөлүп караш керек. Себеби уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү оңой эмес. Азыр уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү эч кимден коркпой калышкан. Себеби мурда күрөшүү боюнча жакшы сунуштарын айтып жүргөн, профессионал кишилер пенсияга чыгып кеткен. Бирок аларды жаш курагына карабай ишке алып келип, күрөштү күчөтүү зарыл. Азыркылар баары жаш, анын үстүнө тиги ыкчам кызматкерлер өздөрү да аралашып кетишкен. Алардын баарын тазалаш керек.

Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүгө жүрөктүү, принципиалдуу позициадагы кызматкерлер керек.

Экинчиден, бизде азыркы укук коргоо тармактары менен сот органдары да бирге болуп жатышат. Мисалы, мен өзүм комитеттин төрагасы болуп турганда, уюшкан кылмыштуу топторго тиешелүү жагдайларды таап, комитетте атайын жыйын өткөрүп, Жогорку Соттун ошол кездеги төрайымы Феруза Жамашеваны да чакырганбыз. Мен Ысык-Атада бир уюшкан кылмыштуу топко тийиштиги бар, киши өлтүрүп, коркунучтуу кылмыштарды жасаган адамды таап тапшырсам, бир жарым жылдан кийин эле аны чыгарып жиберишти. Биз кийин бул маселени комитетте көтөргөндөн бир жума өткөндөн  кийин кайра камашкан.

Азыр ошолордун баарын ревизия кылып, кайра карап чыгыш керек. Аларды тазаламайынча болбойт. Укук коргоо органдары биз бул жагынан кармасак тигил жагынан коё берип жатышат  деп айткандарын угуп жүрөм. Себеби соттордун көбү уюшкан кылмыштуу топторго кирип кеткен.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache