Шашылыш кабар:

Рыспаев: КСДПда калаар-калбасымды убакыт көрсөтөт

Рыспаев: КСДПда калаар-калбасымды убакыт көрсөтөт
кечээ. бүгүн. эртең
0

«Марал» радиосунун “Кечээ. Бүгүн. Эртең” программасынын бул жолку чыгарылышында Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев менен саясаттын талылуу маселелери тууралуу маек курдук. Уктурууну Майраш Базлакунова алып барды.

— Кожобек мырза, маселенин ток этээр жеринен баштасак, праламентке келип чоң саясатка аралашканыңызга 9 жылга аяк басып калды. 2010-жылы парламентке келдиңиз эле, эмне жоготуп, эмне таптыңыз?

— Парламентке келип бир нерсе таап же жоготконумду айта албайм. Өз салымымды кошуп иштеп жатам. Парламентке келип саясатка болгон кызыгуу мурункуга караганда өстү. Бул жерде саясий толкундар, оюндар көп болот. Жоготуу дегенде өзүң каалабаган жоготуулар көп болот экен. Көрө албастыктын айынан бир кезде дос болгондор душманга айланат. Атың өчүп, мурда “Кожоке” деп учурашкандар “депутат кандай” деп калышат. Мындай мамилелерге кыжырың келет, бирок саясатка келген соң аны билгизбегенге аракет кыласың.

— Парламетке келгенге чейин бутуна турган ишкер элеңиз. Саясатка болгон кызыгууңуз эмнеден улам жаралды?

— Мен бутка туруп, үй-бүлөмдү камсыздап койгон соң саясатка келдим. Башкаларда деле саясатка келип элге кызмат кылып берсем деген ой туулса керек. Өзүң, балдарың ачка болсо саясатка келип эмне кыласың? Мен элиме кызмат кылганга жарап турсам керек.

— Бирок парламентке келбей туруп да элге кызмат кылса болобу, кандай ойлойсуз?

— Соопчулук кылып, ар кандай жардамдарды берсе болот. Бирок парламентке келгенде көбүрөөк кызмат кылганга шарт түзүлөт.

— Сиз парламентке алгач “Ар Намыс” саясий партиясы аркылуу келдиңиз. Бирок, кийинчерээк КСДПнын тизмеси менен V жана VI чакырылыштарда депутат болдуңуз. Болгондо да маанилүү тармактарды жетектедиңиз. Атамбаевдин тилин кантип таптыңыз?

— Мен бирөөнүн тилин табайын деп парламентке келбейм. Тескерисинче алар менин тилимди тапты окшойт. Менин тилимди табуу оор эмес, мен салмактуу карайм. “Ар Намыс” менен келгенде сүйлөшүүнү өзүм жүргүзгөм. Афгандар коому аталган партия менен чогуу иштеп, Нурлан Төрөбеков экөөбүз депутат болуп, “Ар Намыска” иштеп бергенбиз. “Ар Намыс” 2015-жылкы шайлоого катышуу максаты аз болгондуктан Феликс Куловдон уруксат алгам. Ошол учурдагы премьер-министр Алмазбек Атамбаев бизди чакырып, колдоп бергиле деген. Анда Атамбаев КСДП аркылуу депутат кылууга сөзүн берген. Мен анын тилин деле тапкан жокмун, кызматты туура пайдаландык. Атамбаев тизмеге мени да коштурган экен.

— “Ар Намыстын” кайрадан парламентке келүүгө мүмкүнчүлүгү жок беле?

— Эгер бул партиянын чамасы болсо чыгат эле. Демек, акчасы жок, ага да байланыштуу.

— Айрым оппоненттериңиз “Кожобек Феликс Куловду сатып кетти” деген ойлорду да айтышты. Ал киши менен мамилеңиз кандай?

— Аны менен мамилем жакшы, кааласаңыз өзүнөн сураңыз. Кулов ар дайым ыраазычылыгын билдирет. “Ар Намыс” бийликке келбесе да өзү сыйлаган адамдар парламентте жүрүшүн каалайт. Куловду сатып кетпедим, сүйлөшүп эле жүрөм. Эртең башка партияга барсам эч качан сатып кеткен болбойм. Себеби туура иш алып барган партия менен чыгасың. Эгер чамасы жок болсо бөлөк партиялар менен сүйлөшүүгө туура келет. Бир партия чыкпай турган болсо жөн жерден башты ургулап «бир партияда калам» деген эл өкүлдөрүнөн алысмын.

—  Албетте, кырдаалга, саясатка жараша бир топ депутаттар ар кайсыл партияга өтүп парламентке   келишти. Бирок көкүрөгүңүзгө колуңузду коюп айтсаңыз сиз үчүн кайсыл партия өз балаңыздай көрүнөт,  “Ар Намыспы” же КСДП?

—  Мен ушул партия жакшы, мунусу жаман деп айта албайм. Экөөндө да кемчиликтери менен кошо жетишкендиктери бар. “Ар Намыста” иштеп жүргөндө эркин элек. Феликс Кулов оюубузду эркин айтканга жол берген адам болчу. КСДПда андай көрүнүштөр жок. Өйдө жакты карашып, алар эмне десе ошондой болот дешчү. Өйдө жак дегенде биринчи кишилер жөнүндө айтып жатам. Негизи ар бир депутаттын ою угулуп, анын негизинде чечим кабыл алынганы жакшы.

—  Бирок мен КСДПда эркиндик болбой жатат дегениңизди уккан эмес элем. Мурда айтчу эмес элениз?..

— Жок мен азыр да айта алам. Мурда да фракцияда депутаттардын сөзү угулуш керек деп айтып жүрдүм. Ар ким оюн эркин айтуусу шарт.

— КСДПнын ичинде өз ара бекем ынтымак жок экени Алмазбек Атамбаев президент болуп жүргөндө да айтылчу, бирок сыртка чыкчу эмес. Ал тургай “лидердикти талашкан кырдаал түзүлүп калды”  деген кептерди да кесиптештериңиз айтып калаар эле. Бул чындыкпы? 

— Атамбаевдин, Жээнбековдун убагында деген сөзгө көп кошула албайм. Атамбаевдин убагында да айтчулар ачуу чындыкты айтып келгенбиз. Бирок биз айткан нерселер эмнегедир талкуланбай, элге чыкпай кала берген. Бишкек ЖЭБинин туура эмес курулганын, коруупциялык элементтер көрүнүп турганын көп жолу айткам. ЖЭБде авария болгонго чейин эле көчмө жыйын өткөрүп, кымбат баага салынганын айтып келгем. Сапар Исаков кыргыз-кытай мамилесин бузуп жатканымды, ага президент да ачуусу келип туранын айтып, эскертүү берген. Мен ошондуктан бул маселени бир эмес эки жолу көтөргөнүмдү айтым. Комитеттин төрагасы болуп турганда долбоор ратификациядан өтүп жатканда катачылыктарынын баарын көрсөтүп жазып бергем. Себеби ал жерде көптөгөн процедуралар бузулган.

— Бирок Сапар Исаковдун өкмөтүн колдогонсуз да ээ?

— Албетте, Исаковдун өкмөтүн колдогонбуз. Себеби көпчүлүк колдоду, биздин да үмүтүбүз чоң болгон. Бирок тилекке каршы көрдүңөр, жумуш акырына чыккан жок.

— Сизди КСДПда өзүнүн позициясы бар депутаттардын бири катары билели. Бирок Сапар Исаков өкмөттөн кетээрде оппозициялык фракциялардын баары анын ишин канааттандыраарлык эмес деп колдогон жок. Ал эми КСДП башында колдоп берди да, кийин каршы чыкты. Мунун сыры эмнеде болду? Ойлордун, позициянын тез өзгөрүшү көптөрдү таң калтырды?

— Кырдаалга байланыштуу болот. Башында өзүбүз шайлаган өкмөт башчыга колдоо көрсөтсөк иштеп көрсүн деген үмүттөр болгон. Ошол убактагы тирешүү өбөлгө болду. УКМКдан жумуштан алынга Болот Сүйүнбаевди Финансы полициясына кызматка койгону карама-каршылыкка алып келгендиктен КСДПны да, жалпы коомчулукту да ирээнжитти. Аны менен депутаттардын колдоосуна татыган жок.

— Сиз “кытайлык TBEA компаниясы 20 млн долларлык грантты эмне үчүн берген, анткени мындан көп каражат пайда түшөөрүн билишкен, катуурак айтканда чотур беришкен жана өкмөт мунун баарын билген” деп айтып чыктыңыз. Анда ал каражат кимдин чөнтөгүнө түшүшү мүмкүн? Сиз өз алдынча иликтөө жасап көрдүңүзбү?

— Мындай нерселер иликтөө жасалып айтылбайт, мен тергөөчү эмесмин. Депутат катары оюмду айта алам. Сиз TBEAнын ордунда башка компаниянын башкаруучусу болуп турсаңыз жумуш бүтө электе эле 20 млн долларды грант катары берип жатсаңыз, муну ар бир ишкер түшүнөт. Киреше табамынбы деп ойлонбой туруп, 20 млн доллар берип жатсаңыз демек, сиздин киреше мындан он эсе чоң деген ой туудурат. Мен да ошол ойго таянып айттым.

— ЖЭБ маселесин караганда парламентте окшош пикирлер айланып эле айтылып жатты. Күнөө кимде болушу мүмкүн? Саясий жоопкерчилик кимде деп ойлоп жатасыздар? Сапар Исаковдун өзүндөбү же аны өкмөткө түрткөн башка адамдардабы?

—  Бул 2008-2009-жылдырдан бери келе жаткан чоң долбоор. Ошол учурда Сапар Исаков Максимдин командасы менен чогуу жүрүп, барып билип келген долбоорлор. Бул долбоорду ким алып келген деген суроо жаралат. Булар 2010-жылдары ратификация болуп жатканда айтылган сөздөр. Шадиев министр болуп турганда Датка-Кемин башталган. Аны текшерсек да ушундай эле нерселер чыгат. Банктардын ортосундагы ратификацияларды 120 депутат колдоп эле келе жатат. Карызга алынган акча болгондуктан анын пайдаланышы тууралуу аткаруу бийлиги жооп бериши зарыл. Бүгүнкү күндө депутаттарды күнөөлөгөндөй “ратификациядан өткөрүп койгонсуңар” деп айтып жатышат. Өкмөтүн сурангандарын айтсак, ал эмес “ушинтип каршы боло берсеңер ЖЭБ курулбай калса эл душманы болосуңар, берилген акчан ратификациядан өткөрбөй жатасыңар” деген дооматтар болгон. Түздөн-түз бул же ал жооп берет деп айта албайм. Азыр тергөө амалдары жүрүп жатат.

— Бир топ депутаттар Кытайга барып келишти. ЖКнын V чакырылышынын бир депутаты “Осмонжан Артыкбаев мага келип, жүрүңүз Кытайыга барып эс алып келбейлиби дегенине каршы болгон элем” деп айткан эле. Депутаттар эмне максатта бара жатканын, жол чыгымдарын кайсы компания төлөгөнүн билишкен беле?

— Компания өзүнүн ишканасын, иштеп жаткан жумушун көрсөтүүгө алып барат. Бул нормалдуу көрүнүш. Ишкана өзүн ишендирүү максатында, курулуштарын көрсөтүүгө чакырса барып көрүп келсе болот. Бирок калп барган соң эч нерсе көрсөтпөй туруп бир жерге эс алдырганы алып кетсе, анда коомчулукта бөлөк пикир пайда болот.

— Парламентти чоң класска салыштырып жүрөсүз. 5-класс менен 6-класстын айырмасы барбы, эгер болсо эмнеде?

— Парламентти мектепке салыштырганда ар бир бүтүрүүчүнүн айырмасы болот. Мурдагы да, азыркы да парламентте артыкчылыктары, кемчиликтери бар. Ошодуктан кесиптештеримди биринен-бири өткөн же кемчилиги бар деп айта айткандан алысмын. Себеби парламентке ар бир депутат өз милдетин толугу менен аткарам деп келиши зарыл. Себеби улуу трибунадан ант берип жатышат. Ант берген соң өлкө кызыкчылыгына иштейм, антты бузсам керт башым менен жооп береп дешет. Аны жүрөгүнүн тереңиде сакташы зарыл.

— Парламент жөнүндө бекеринен сураганым жок. VI чакырылыштын депутаттары соңку эки, үч айда өзгөчө ЖЭБ маселесин кароодо өз позицияларын ачык айтып, активдүүлүгүн көрсөтө башташты. Мында бир сыр барбы? Жаран катары, депутаттар эмнеге ачык айта баштады, мурда коркушчу беле деген ой жаралат…

— Сиздер Атамбаевден коркчу белеңиздер деген сөздү айта албай жатасыз. Колду бурап “муну айтпагыла” деген эч ким жок. Депутаттарга эч ким андай буйрук бере албайт. Мен айтып чыккан учурда депутаттар айткан эмес. Ал убакта Сапар Исаков ЖЭБ маселесин көтөрбөй турушумду айткан. Эл өкүлдөрү мага кошулуп, бүгүнкү күндөгүдөй колдошкон эмес. ЖЭБдеги авариянын күчү, бийликтин алмашып кеткендеги себеби менен депутаттар ачыкка чыгышты. Мен мурда жалгыз айткандыктан алсыз болдум. Башкалар балким бул маселени тастыктап айтууну туура көрдү.

— Ачык позицияңызды айтканда мурунку президент Алмазбек Атамбаев сизди чакырып алып “эмне эле мынча ачык болуп жатасың” деп айтчу беле?

— Мен Атамбаев кызматтан кеткен соң ага каалоо айтып коёюн деп өзү менен жолуктум. Болгондо да ЖЭБ авария болгон күндүн эртеси экөөбүз сүйлөштүк. Жолугуп, ден соолугуна кам көрүүсүн айттым. Атамбаев “Кожоке, ЖЭБ бизге керек болчу, сен билесиң” деди. Мен ЖЭБдин курулушуна макул экенимди билдирдим бирок TBEA сыяктуу компаниялар менен ишке ашырылганы мага жакпаганын ачык айттым. Ал да кытай ишканасын текшерсе да эмне кылса да өзүңөр билесиңер деген оюн билдирди.

— КСДПынын келечеги кандай болоору эксперттердин, коомчулуктун көз кырында. Негизи өз ара ынтымак кандай? Президентти колдогондор да бар экени белгилүү. Ортодогу ынтымак, пикир алмашуу жайында элеби?

— КСДПнын тагдыры кандай болоору партия мүчөлөрүнүн аруулугунан, тазалыгынан көз каранды. Бүгүнкү күндө Атамбаевдин тегерегиндеги кулагы чыгып жаткан, коррупцияга байланышкан деген дооматтар коюлуп жаткан адамдарды көргөндө КСДПга жологум келбейт. Себеби мен уурулук кылбаган, таза партиялар менен болгум келет.

— Демек бул партиядан башкасына өтүшүңүз же жаңы партия түзүшүңүз мүмкүн экен да…

— Коомчулукта аты аталып жаткандардын арасында КСДПнын мүчөлөрү же ошолорду колдоп жүргөндөр бар экенин тергөөчүлөр тастыкашса менин бул партияда болушум мүмкүн эмес.

— Бирок Кыргызстан кичинекей, ошол эле саясатчылар менен кол алышып, учурашып жүрчү элеңиз да. Алардын коррупцияга аралашкан иш аракеттери ачыкка чыгып анан эртең кайра жүз көрүшүү кыйын болсо керек же жеңил элеби?

— Жүз көрүшөсүң. Ошол эле Сапар Исаков менен да жүз көрүшүп жатабыз. Жүз көрүшүү жеңил же оор болгудай КСДП менен бир туугандай болуп жашаган жокмун. Биз күндө жолугуп бир меселерди талкуулаган партия эмеспиз. Өлкөнүн келечеги, партиянын жумуштары боюнча жакшы нерселерди айтып жүргөндө “бүгүн кулагы чыгып жаткан адамдар жөн эле жалаа, мен андай деп ойлобойм” деп айтмакмын. Тилекке каршы бизде андай ынтымак болгон эмес, уккан да жокмун.

— ЖКда Асылбек Жээнбеков деген өзүнчө партия түзүлүп калды деген пикир айтыла калат?..

— Ушактарга көп ишене бербеш керек. Мен 2010-жылдан бери «парламент таркайт экен» дегенди угуп эле келем. Ошентип 9 жыл өттү. Ошондуктан сиз айткандар да катардагы иш. Асылбек Шариповичтин партиясы болсо алгач биз укмакпыз.

— “Көзүң жумулуп калса уктап, сок ичип жатсаң арак ичип жатышат дешет” деп журналисттерге нааразы болгон жагыңыз бар. Журналисттер сиз тууралуу көп жазып капа кылышабы?

— Мен арыздангыдай жаш бала эмесмин. Журналист оозуна келгенди оттобой, тастыктап жазышы зарыл. Бирөөнү каралап коюу оңой эле. Стакан кармап отурганыңды тартып алып “бул арак ичип жатат” деп жазбаш керек. Экинчиден, адамдын жеке жашоосуна эч ким кийлигишпеши керек. Жумуш убактысында эмес, достору менен эс алып отурганда сок ичеби, арак ичеби ал депутаттын өз эрки. Эл өкүлдөрүн желмогузга теңебеш керек. Журналисттреге таарынычым жок, аларга ачык эле айтам. Тастыктап жазган журналисттерди сыйлайм.

— Атамбев бир нече журналисттер менен соттошуп, ортодо бир топ нааразычылыктар чыкты. Жаран караты экс-президентин аракетин кандай баалайсыз?

— Атамбаев журналисттерге менин оюмду эле айтчу. Ал “Тастыктап жазгыла, каралабагыла, сары прессаны токтоткула, эркинжикти жакшы эле берип жатабыз” деген. Анын мындай жакшы жерин жакшы деп айтыш керек.

— Атамбаев президент болуп турганда саясий куугунтук болгонбу?

— Мен саясий куугунтук деп баалоодон азырынча алысмын. Себеби юридикалык жактан баа берсем болот. Бул багытта Өмүрбек Текебаевдин маселеси тастыкталган эмес. Текебаев президентке асылса асылгандыр, бирок ошого жараша жооп алышы зарыл эле. Ал доомат менен түрмөдө отурат. Мындай такталбаган доомат менен отургуза берсе өзүнө жакпаган адамдарды камап койсо боло берет экен деген ой туулат.

— Ушул сыяктуу иштерди кайра карап чыгууга президент кийлигишүүсү зарылбы?  Бул сот реформасына аралашкандай болуп калбайбы?  

— Парламенттик республика дегенибиз менен эски адаттан арыла албай жатабыз. Негизи президент мындай  парламент аткарчу жумуштарга кийлигишпөөсү зарыл. Чарба иштерин министрлер менен өкмөт башчы аркарышы кажет. Өлкө башчы тышкы жана ички саясатты карап отурат. Ошондуктан эскиден кете албай жаткан жагыбыз бар. Бул бара-бара түзөлөт.

— Президент кызматка келгенде коррупцияга байланыштуу резонанстуу иштерди аягына чыгаруу керектигин күч, көзөмөл органдарына тапшырып жатат. Бил иш аягына чыгарына ишеним артасызбы?

— Ар бир нерсеге ишеним артуу маанилүү. Өзүбүз шайлаган кызматкерлерге ишенбесек мамлекеттүүлүктүн эмне кереги бар? Ишенбесек, ар ким өзүн билип, өтүгүн төргө илет. Ар бир жаран мыйзамга баш ийип, кызмат кылса мунун баары тастыкталат. Коррупция ошол убактагы жетекчилердин кийлигишүүсү менен жасалган болсо алар дагы ушундай болот деген ой менен жасалганы көрүнүп турат. Мисалы, ратификация болуп, депутаттарды киргизип, өздөрү да тазаланып, атайын аракет менен кылгандай көрүнүп турат. Бирок жумуштарды шашылыш түрдө кылгандарынын бары чон адамдардын кийлигишүүсү менен болгон деген ой туулат. Эми тергөө, укук коргоо органдары коркпой аягына чыгарышы зарыл. ЖЭБ боюнча аткаруу бийлиги, жарандар 5 колдой билет. Көрсөтмөнү ошолор берсин. Депутатар аткаруу бийлигинде иштеген жок. Ага аткаруу бийлиги жооп берет.

— Бир кесиптешиңиз кийинчерээк үнүңүз катуу чыгып калганын айтты. Бул сиздин коррупцияга каршы элдескиш душман болгонуңузданбы же азыркы бийликке карай кол сунууңузбу?

— Ким айтканын айтып койсоңуз жакшы болмок. Менин үнүм бирдей чыгат. Бир гана Кудайдан корком. Маселе көтөрүп чыкканда үнү чыкпагандардын үнү азыр чыгып калган окшойт. Убагында баары укпай койгондо менин айтканым катуу угулгандыр. Бул айрымдарына жакпай жаткандыр.

— Парламентте талкуу болуп, эл өкүлөрү кызуу талашка барган учурда сиз күлдүрүп же ошол убакытты жайгаргандай аракетиңизди байкап калабыз. Бул сиздин табиятыңыздан бүткөн мүнөзбү?

— Мен парламентти күлдүрөйүн дебейм. Сөздү убагында айтпаса атасы өлөт. Капилеттен сөз тапмай жагым бар. Барын жайгырап коём деген ойдо айтпайм. Туура сөздү макалдатып айтып койсом депутаттарга жагып калат. Баары туура көрүшөт.

— Мурунку ажо менен кийинки ажолордун ортосунда таарыныч барбы?

— Экөөнүн ортосунда жүргөн киши эмесмин, таарыныч бар деп айта албайм. Эл катары маалыматарды угам. Таарынса таарынып жаткандыр. Мурунку бийликте кызматта тургандардын жумуштан кетип, алардын ордуна башкалар келип жатканына байланыштуу экөөнүн ортосунда ажырым бар го деген ой жаралат. Негизи кадр саясатынан жаңылбаш керек.

— Экономиканы алдыга сүйрөй турган рычагдардын бары өкмөттүн колунда турат. Өкмөттүн азыркы курамы сиздин купулуңузга толобу? Кадр тандоодо кемчиликтер кетип жатабы?

— Бизде кадрдык дефицит пайда болду окшойт. СССР убагында кадр тандоо оңой болгон. Азыр партиялык тартип менен өсө турган коомчулук жок. Бизде баары менчикке өтүп кеткен. ААКларда иштеп жүргөндөрдү жумушка алса болот. Өкмөт башчы такшалган адам. Ал адамдарды кызматка шашылыш коюп алган учуру болушу мүмкүн.

— Президенттин указы менен үстүбүздөгү жыл айылдарды өнүктүрүү жылы болуп жарыяланды. Бирок жарым жыл өтүп кетти. Жасалып жаткан иштер сиздин купулуңузга толобу? Дагы эмнелерге көңүл бөлүшүбүз керек?

— Аймактар калып кетти. Жаштар шаарыга келип тыгылып алышты. Алыскы айылдарда кары-картаңдар калып, жерлер айдалбай калды. Кара жумуш кылууга адамдар табылбай калды. Ошондуктан региондорду өнүктүрүү зарыл. Жаштар жөн эле ар кимди тоноп шаарда басып жүрбөсүн. Окуп жатам деп убактысын өткөрбөй, баары эмгекниши шарт деп ойлойм. Айылга барышса дыйканчылык, чарба иштери күтүп турат. Мамлекеттин кызматта иштейм дегенден алыс болуп, ар бир жаран өз жөндөмүнө жараша иш кылыш зарыл. Региондорду өнүктүрүү үчүн бюджетте каражат болушу шарт. Жеңилдетилген насыяларды берсек айыл жергеси өзү эле өнүгүп кетет.

 — Соңку суроо, саясаттан кете турган болсоңуз эмне менен алек болосуз? Балким кийинки парламенттик шайлоого даярданасыз…

— Мен жаш курагыма карата иш кылам. Өргүү мезгилине жетсем, саясаттан кетүүгө туура келет. Экинчиден, мен алектене турган ишкердигим бар, алар да жетиштүү. Мен саясаттан кетсем ооруп калбайм. Бийликке, депуттаттарга кызыгып калчу адамдардан эмесмин.

— Маегиңизге рахмат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache