Шашылыш кабар:

Шестаков: Ар бир президент жасаган иши үчүн жооп бериши керек

Шестаков: Ар бир президент жасаган иши үчүн жооп бериши керек
Кыска кабар
0

Өлкө башчы жогорку саясий кызматка өз эрки менен барат. Андыктан жасаган иштери үчүн жооп бериши керек. Мындай пикирин саясат таануучу Игорь Шестаков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, президент дагы жаран катары башкалар менен бирдей укукка ээ. Коомчулукта адилетүүлүк үчүн чоң талап бар. Адилетсиздикке каршы элдик толкундоолор болгондо коомчулук Конституцияны окуп отурбайт.

«Экс-президент Роза Отунбаевага берилген женилдиктер түшүнүксүз. Атамбаев да өзүнө берилген жеңилдиктерге каршы турушу зырыл. Мыйзам чыгаруучулар экс-президенттин кол тийбестиги кандай учурда алынаарын так көрсөтүшү шарт», — дейт саясат талдоочу.

Эске салсак, 10-майда Жогорку Кеңеште Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланып жатканда коммиссиянын мүчөсү, депутат Исхак Масалиев ЖЭБди жаңылоодогу шектүү жагдайлар адилеттүү иликтениши үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестикти алууну сунуштаган.

17-майда Жогорку Кеңеш экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча сунушту колдоп берген.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache