Биз менен байланышыңыз

Ырыс Жоомартова: Жакында 8-дипломду алайын деп жатам

Кыска кабар , Марал шоу | 6 Ноя 2018 | 1424 | 0

5-ноябрь күнү «Желе Шоу» программабыздын коногу режиссёр, актриса Ырыс Жоомартова кызыктуу маек куруп берди. Ал үйүндө көп турбастыгын, көп окуп, жакында 7 дипломун аларын айтты. Ошондой эле жолдошу баарын туура түшүнүп, кабыл аларын да билдирди.

«Үйдөгүлөр мага тентимиш деген «справка» басып берип коюшкан. Себеби мен эртең менен кетип, кечинде келем. Үй кожойкеси эмесмин, мен иштеп окуп турам.  Буюрса жетинчи дипломумду колго алам, ал эми  сегизинчи дипломумду окуюн деп жатам. Анткени «чымчыкты сойсо да касапчы сойсун» деген сөз бар эмеспи. Анын сыңары билим алуудан тажабайм.»

Режиссёр үй-бүлөсү тууралуу да кеп кылып берди.

«Бул нерсеге менин үй бүлөм түшүнүү менен карайт. Бир кыз бир уулум бар, жолдошум дагы баарын түшүнөт, сезет. Биз баарыбыз бири бирибизди түшүнөбүз. Үйдөгүлөрдөн да эч ким үйдө отурбайт, ар дайым изденүүнүн үстүндө»,-дейт Жоомартова.

Copyright © 2017 Maral FM