Шашылыш кабар:

Кытай менен Кыргызстандын жер алмашуу сунушу өткөн жок

Май 31st, 2018 | by Субанбек Исмакеев
Кытай менен Кыргызстандын жер алмашуу сунушу өткөн жок
Кыска кабар
0

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 30-майда болгон жыйында Кытайдын элчилигине Бишкек шаарынан 3 гектардан ашык жер тилкесин бөлүп берип, ордуна Пекинден 25 сотых жер алуу боюнча сунушталган долбоорду карады. Анда аталган жер тилкелери ижара иретинде 49 жылга алмашылмак.

«Кыргыздипсервис» мамлекеттик мекемесинин жетекчи орун басары Айнура Дубанаеванын кабарлашынча документке президенттин кийинки жумада Кытайга болгон иш сапарынын алкагында кол коюлат.

Маалымат боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун июнь айында Кытайга болгон расмий сапарында эки өлкөнүн элчиликтеринин имаратын курууга жана дипломатиялык түзүмгө жер берүү боюнча келишимге жетишилмек.

«Анын алкагында Кытайга Бишкек шаарынан 3,3 гектар жерди 49 жылга ижарага бөлүп берүү каралган. Ал эми Кытай тарап Пекинден 25 сотых жер берип, гранттык негизде Кыргызстандын элчилигинин имаратын куруп берүү каралган», — деди Дубанаева.

Айнура Дубанаеванын айтымында Кытай тарап Кыргызстандагы элчилиги жайгашкан жерге ижара иретинде жылына 723 миң сом төлөп турат. Кыргызстан болсо 2004-жылдан бери Кытайдагы элчилиги жайгашкан жерге ижара катары 3 миллион доллардан ашык каражат төлөгөн. Жыйынтыгында сунушталган долбоор жетиштүү добуш топтой албай, өтпөй калды.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache