Биз менен байланышыңыз

Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге карагандарга маяна берилет

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Ноя 2018 | 1515 | 0

Өкмөт мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган ата-энелерге айлык акы төлөп берүү маселесинин үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 180 минге жакын мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар. Анын 30 миңин балдар түзөт. Аларга экономикалык мүмкүнчүлүккө жараша каражат кошулууда.

«Балдардын 6 миңге жакыны 1-топтогу майыптар. Кароого муктаж болгон балдардын ата-энесине айлык катары 4 миң 962 сом төлөө каралууда. Келечекте ал балдардын ата-энеси пенсия алууга дагы укуктуу болот. Патент менен социалдык төлөмдөр алынат да пенсияга бөлүнөт»,-  дейт вице-премьер-министр.

Маалым болгондой, жөлөк пулдар боюнча түшкөн арыздарды 100% Социалдык өнүгүү министрлигинин башкармалыктары тактап чыгат. Учурда өлкөдө 220 миңдей жаран жөлөк пул алат. Ал эми жөлөк пул алуу боюнча жыл сайын 270 миңдей жаран кайрылат.

«Жөлөк пул алуучулардын тизмеси электрондук форматта илинсин деген тапшырма берилди. Бүгүнкү күнү айыл өкмөттөрдө мындай тизмелер бар. Жөлөк пулду кимдер алып жатканын ар бир киши көрө алат. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөн гана жөлөк пул берип койбой аларды иш менен камсыз кылып, маселелерин чечип, кеңеш берип жөлөк пул алуучулардын катарынан чыгаруу зарыл», — дейт Өмурбекова.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM