Шашылыш кабар:

Назаров: Алтын кошулмалары сыртка салыксыз ташылууда

Назаров: Алтын кошулмалары сыртка салыксыз ташылууда
Күн Чабыт
0

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы Жалал-Абад облусундагы Бозымчак кенин иштеткен «KAZ Minerals Bozymchak» компаниясынын жооптуу кызматкерлери салык төлөөдөн качып, 2015-жылы Кыргызстандан 9 миң 800 тоннага жакын алтын аралашмасын ташып кеткенин аныктады.

Иликтөөнүн жүрүшүндө аталган компания «Бозымчак кенинде казылган рудада жез концентраты көп» деп жезге эсептелген салыкты төлөп жүргөн. Бирок текшерүүдө рудада алтын концентраты көп экени ачыкталган. Бул факты боюнча аталган компаниянын башкы директору Ильяс Тулекеевге иш козголуп, учурда үй-камагында.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттар тобу курамында баалуу металлдар бар концентраттарга бажы төлөмүн жогорулатуу, аларды өлкөдөн чыгарууга чектөө коюу боюнча сунуштарды киргизип, мыйзам долбоорун дагы сунушташкан эле. Биз демилгечилердин бири, парламент депутаты Айтмамат Назаров менен маектештик.

Марал: Алтын аралашмасын чет жакка ташууга байланышкан маселе боюнча сиздер демилгелеп чыккан мыйзам долбоорунун тагдыры эмне болду?

Айтмамат Назаров: Биз дагы буга чейин алтын кошулмаларынын сыртка ташылып кетип жатканы боюнча иликтөө жүргүзгөнбүз. Анда көп көлөмдөгү кен сыртка чыгып жатканы белгилүү болуп, алар канчалык ачык жана документте кандай көрсөтүлгөнү тууралуу маселе коюлган. Андыктан биз алтын кошулмаларын чет өлкөгө алып чыгууга кошумча бажы төлөмүн киргизүүнү сунуштаганбыз. Болбосо концентраттарды Кыргызстанда иштетүү талабын койгонбуз. Ушундай сунуштар камтылган документти парламентке алып келсек ал биринчи окуудан эле өтпөй калды. Муну өкмөт дагы колдогон эмес депутаттар дагы колдогон жок. Депутаттар алтын кошулмаларын алып кетүүдө мыйзамсыз иштер бар экенин айтып, укук коргоо органдарына дагы кайрылганбыз.

Марал: Сиздер сунуштаган мыйзам долбоорунун колдоо таппай калышын эмне менен байланыштырасыз?

Айтмамат Назаров: Мыйзам сунушталгандан кийин өкмөт Кыргызстанга алтын кошулмаларын иштетүүчү завод курууга эки жылдан ашык убакыт кетет деген маалымат алып келди. Ошондой эле эгер ал завод курулса өлкөнүн экологиясына зыяны тийерин айтышты. Андыктан руда түрүндө эле чет жакка ташый берели деген сунушту беришти.

Марал: Руда түрүндө ташыганда бажы төлөмдөрү төлөнбөй Кыргызстан тескерисинче чыгымга учурап жатат деген да маселе көтөрүлбөдү беле.

Айтмамат Назаров: Ооба, рудаларды Кыргызстандан тышкары алып чыгып кетүүдө кошумча нарк салыгы төлөнбөйт. Андан сырткары рудаларды алып кеткен компаниялар Кыргызстанда кошумча нарк салыгы төлөнгөн товарларды сатып алып, кызмат көрсөтүүлөрдөң пайдаланса алардын сырттан сатып алган буюмдарына кайра каражат кайтарылып берилет. Ошондон улам биз алтын кошулмаларынан өлкө пайда таппай эле кайра бюджеттен акча кайтарып берүү болуп жатат деп көтөрүп чыкканбыз. Эгер концентраттарды Кыргызстанда иштете турган завод жок болсо, экологияга зыяны тийсе анда аны чет өлкөгө ташууну токтотуп турууну сунуштаганбыз. Бюджетке дагы пайдасы тийбесе анда аны кийинки урпактарга калтырып коёлу дегенбиз. Тилекке каршы бул сунушубуз өткөн жок.

Марал: Бирок убагында «Кыргызалтын» ишканасынын жетекчиси Алмаз Алимбеков Кыргызстанда үч жылдын ичинде алтын кошулмаларын иштете турчу ишкана курулат деп убада бербеди беле.

Айтмамат Назаров: Биз мыйзамды сунуштаганда завод эки жылдын ичинде курулуш керек деп, 2019-жылга чейин мөөнөт бергенбиз. Эгер ал завод курулбаса алтын кошулмаларын ташып кетүүдө 25 пайыз бажы төлөмү киргизилсин деген сунушту айтканбыз. Бирок кен казган компаниялар андай болсо биз жабылып калабыз, ишибиз токтойт деген жүйө менен каршы чыгышкан. Ал компанияларды өкмөт дагы колдогон. «Кыргызалтын» ишканасынын жетекчиси заводду курабыз деген убада берген, бирок азыркыга чейин курула элек. Азыр Тогуз-Тородогу курулуп жаткан комбинат ошол комбинат болчу деген сөздөр чыгып жатат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache