Шашылыш кабар:

Хит ырлардын калем акысы эселеп аз көрсөтүлгөнүнүн сыры эмнеде?

Хит ырлардын калем акысы эселеп аз көрсөтүлгөнүнүн сыры эмнеде?
Билим жана Маданият
0

Кыргызпатент авторлордун чыгармаларын эсептөөдө бардык телеканал, радиолорду автоматтык системага өтүүнү сунуштайт. Анткени адам фактору катышкан учурда чыгармасы көп угулуп, же аткарылып бирок калем акысы аз чыгып калган учурлар көп кездешерин белгилешет. Мисалы автоматтык түрдө эсептелген отчет менен колго эсептелгендин ортосунда эселеп айырма болгон.


Өткөн жылы эл арасында хит ырга айланып, теледе, радиолордо байма-бай жаңырып турган “Торгоюм” чыгармасынын мүлктүк укугун сатып алган ТМС компаниясынын негиздөөчүсү Тынчтыкбек Кожобеков эксперимент жасап көрөт. Бул ыр канча жолу, кайсыл жерде коюлганын байкап көрүүнү чечет. Жыйынтыгында Кыргызпатенттен эсептелген акысы, автоматтык түрдө эсептелген калем акыдан эселеп аз көрсөтүлгөн. Анткени теле-радиолордон келген отчетто анын обого берилген санын аз көрсөтүшкөн.

Бир жылдын ичинде бизге 2миң 600 сом эле чыгыптыр да. Бирок биздин эсептөөбүз боюнча эселеп көп болмок. Бул жерде Кыргызпатентти күнөөлөбөйбүз. Анткени алар келген отчетторго жараша эсептешет. Биздин телерадиокомпаниялар кээде жазат, же жазбай коет. Бизде бардык нерсе эптеп-септеп.

Акын Акбар Кубанычбеков да мындай жагдайды байкаганын жашырбайт. Анткени мындан 2 жыл мурда алган калем акысы менен, акыркы 1 жылдагы көрсөткүч эселеп көбөйгөн. Азыркы жыйынтык кандайдыр бир деңгээлде жасаган аракетине байланыштуу болсо да, көбүрөөк системанын жакшырышы менен байланыштырат.

-Өткөн жылы байкап көрүп аз чыгып жатат деп ойлоп койдум эле. Быйыл болсо 10 эсе секирик болду. Муну менен системанын жакшырышы менен байланыштырмакмын. Бирок андай дейин десем, быйыл байкап көрсөм чындыгында ырлар радиолордо, теледе көп коюлду окшойт.

Кыргызспатенттин төрайымы Динара Молдошева чындыгында авторлордун эмгеги так көрсөтүлүп, бааланбай калган учурлар бар экенин белгилейт. Буга көбүнесе телерадиокомпанияларда, театр, кафе, ресторандарда кеткен чыгармалардын саны так көрсөтулбөй калгандыгы себеп дейт. Анткени тизме колго жазылып, адам факторлору себеп болгон учурлар бар. Мисалы бир эле радиодо чыгармалардын баары бир эле сан менен көрсөтүлүп калган же отчет үчүн жазылып калган.

-Телекомпаниялар, театрлар, чыгармалар коюлган мекемелер бизге отчет берип турат. Анын натыйжасында биз чыгармалардын авторлоруна гонорар төлөп турабыз. Бирок ушундай жагдайда менин ырларым көп коюлат, бирок аз чыгып жатат дегендер бар. Бул учурда биз телекомпаниялардан, радиолордон толук каттоосун суранат элек. Анткени биз бизге келген отчет боюнча бөлүштүрөбүз. Бизге 1 тыйын калбайт. Балким бул көйгөдү чечүү үчүн атайы жумушчу топ түзүлүп, мыйзамга өзгөртүү керекпи? Айтор биз чечүүгө даярбыз. Бул учурда эң негизги сунуш катары чыгармаларды берип жаткан мекемелерге баарын электрондук түргө өткөрсө деп суранат элек. Анткени бул учурда баары автоматтык түрдө болуп, адам фактору катышпайт.

Буга байланыштуу биринчи жолу коомдук телеканал эфирден кеткен чыгармаларды автоматтык түрдө мониторинг жасай турган ТМС компаниясы менен келишимдин негизинде иш алып барган. Автоматтык түрдө эсептеген отчет менен мурдагысын салыштырганда чоң айырма байкалган. Мисалы, өткөн жылкы отчетто 14 деп көрсөтүлсө, автоматтык эсеп аны 117 деп чыгарган. Мындай учурда чыгарманын авторунун эмгегин, бизнес жасагандар жеп калат деген Тынчтыкбек Кожобеков ар бир авторду так болууга чакырат.

-Ар бир автор өзүнө тың болсо. Бир аңгеме, бир чыгарма жазса да, биринчи жазганын тиркеп, сактап, бардык документтерди топтоп, патенттеп койсо. Бүгүн балким анын ойлоп тапканын эл түшүнбөшү мүмкүн. Бирок кийин ааламдын ой жүгүртүүсүн өзгөрткөн нерсе болуп калышы ыктымал.

Акыркы 3 жылдын ичинде автордук укук бузуу боюнча 3 кылмыш иши козголгон. Чыгым 50 миң сомго чейин болсо административдик жоопкерчиликке тартылып, 2 миң сомдон 20 миң сомго чейин айып салынат. Ал эми 50 миң сомдон жогору болсо кылмыш жаза кодекси боюнча кылмыш иши козголуп, 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache