Шашылыш кабар:

Абдылдаев: Парламенттин эшигин жаап коюу керек…

Абдылдаев: Парламенттин эшигин жаап коюу керек…
кечээ. бүгүн. эртең
0

«Марал» радиосунун “Экстер менен эксклюзив” программасында Улуттук онкология борборунун мурдагы жетекчиси, медицина илимдеринин доктору профессор Рысбек Абдылдаев менен коом, илим, инновациялык ачылыштар тууралуу маек курдук. Уктурууну Майраш Базлакунова алып барды.

— Учурда Калифорния штатында Силикон өрөөнүндөгү биотехнологиялык компанияда иштеп  жатыпсыз. Сизди акыркы он жылдан бери Кыргызстанда көрө элекмин. Кыргызстанга жылына келип турасызбы?

— Американын аркы жээгинде болгондуктан ишке байланыштуу жылына бир жолу же эки жылда бир келип турам. Андыктан келгенде жөн кетип калбай убакытты пайдалууга аракет кылам.

Кыргызстанга келип, аба майданынан түшкөндө эмнени көбүрөөк байкайсыз? Кандай ой толгоолор менен келип коносуз?

— Азыр жакшы өзгөрүүлөр болуп жатат. Мурунку жылдары келгенде чек арада тургандар эмне үчүн бизди орой тосуп алат деп таң калчумун. Алар өзүнчө кыйын болуп, сен алардын алдында төмөн болуп турушуң керек болчу. Ага мен чыдайм, бирок келгендердин арасында улгайгандар, балалуулар, оорулуулар, туристтер болушу мүмкүн. Экинчиден, имараттан чыкканда эле “такси, такси” дешип талай башташат айдоочулар. Кыргызстан таксистердин мамлекетиби деген ой да кетчү. Азыр жакшы, оңдолуп калды. Орусия аркылуу учуп калсам тамеки жыттангандай биринчи адамды Москвадан көрчүмүн. Кайра кетип бара жатканда чет элдик менен сүйлөшүп калсам ал “эмне үчүн силердин эл такыр күлбөйт” деп сурады. Күлөт деп жооп берсем, “жок, кичине ичип алса күлөт экен, көбүрөөк ичсе кайра эле сүйлөбөй калышат” экен деген. Элдин маданияты жогору болсо деген тилек пайда болот. Бул жолкусунда Түркия аркылуу келдим. Ал жерде атайын кызмат кыргыздын 8 кызын депортация кылып жатканын көрүп бир чети намыстанып, бир чети кайгырдым. Эмне үчун кыздарыбыз жаман жолдо түшүштү? Анысы аз келгенсип баарын чогултуп алып кууп жатышат, ошончолукка жеттикпи? Башка жерден мындай көрүнүш көрбөйсүң. Демек бул жерде айрым нерселерге көңүл бурбай жатабыз.

Кыргызстанга келгенде көзгө жакшы көрүнгөн нерселердин эң алгачкысы тоолор, андагы мөңгү, карлар… Жаз мезгилинде келип калсаң табият ушунчалык кооз, абасы таза. Бирок шаардын ичи чаң. Эмне үчүн борбор калаа тескерисинче ушунчалык кир болуп калган? Тартип жок, ар ким жөөлөйт. Эгерде чет элден бирөө келсе ушунун баарын көрөт турбайбы деп ойлойм. Бул тарбиянын начарлап жатышы, жоопкерчиликтин аздыгы деп ойлойм.  Тууганчылык менен Ош жергесине барып келдим. Мени таң калтырганы менден жашыраактар салам айтып учурашып өтөт, Бишкекте андай эмес. Үчүнчүдөн, кайда барба баары иштеп жүрөт. Бул жакшы көрүнүш. Жөн басып жүргөн бир да бош кишини көрбөйсүң. Бир четинен жашоо ушуга мажбурлап жатса керек.

— Кыргызстанда Улуттук онкология борборун жетектеп жүрүп, кызматтан кетээриңиз менен эле   АКШга кетип калдыңыз. Үй-бүлөнү багуу үчүн кеттиңизби же башка максат да бар беле?

— Жок, үй-бүлөнү Кыргызстандан да бакса болот. Мага 3 жолу сунуш түшкөн. Биринчиси жыйырма жыл мурда түшсө, түшүнгөн эмес экенмин. Конференцияларга барып жүрүп, жакшы адамдар менен таанышып, медицина кайдан өнүгүп жатканын көргөн соң ойлондум. Чет элдик досум ачык эле “сиздин денгээлдеги адистер жашоодо сөзсүз өзгөртүүлөргө барышы керек, сиз баарына жеттиңиз” деди. Мен СССР учуранда окуп, диплом алганымды айтсам бир таанышым “сиз топтогон тажрыйбаны, басып өткөн жолду Американын жакшы окуу жайын бүтүп жаткандарга жетүүгө абдан көп” деген. Көрсө тажрыйба да өзүнчө университет экен. Адис катары айтсам, бир нерсени жакшы өздөштүрсөң ал ишти көздү жумуп коюп жасай бересиң. Оруулууларды көргөндө, дартын аныктап кеңеш бергенде бир гана тилди колдоносуң. Эгер сиз такыр башка менталитеттеги коомго барып иштей баштасаңыз мээде уктап жаткан клеткалар ойгонот. Адам мээдеги клеткаларды иштетпей койгондо унутчаак, жалкоо боло баштайт. Анын арты менен карылык бат эле жетип келет.

— Рысбек мырза, пленатанын көп акылдуу адамдары да Силикон өрөөнүндө иштешет. Океандын ары жагына көнүп кетүү кандай болду? Негизи эле жашоо эрежеңиз, көз карашыңыз өзгөрдүбү?

— Мен даяр жумушка барарымды билчүмүн. Американын рак боюнча изилдөө борборлорунун адистери менен конференцияда кездешип, айрымдары менен достук мамиледе болуп жүргөм. Ошондуктан көнүп кетүү жеңил болду. Океандын жээгинде абан чоң энергия бар. Аба таза, табияттын кооздугу, ден соолукка пайдалуулугу… Экинчиден, ал жерде кыш болбойт. 12 ай бою жашылча-жемиш болот. Ар дайым кызыктуу болгон эң алдыңкы жаңылыктардын арасында жашайсыз. Ал жакка барып жашаганда көз карашым өзгөрдү. Мен жашаган аймак өнүгүп алдыга кеткендиктен, эмне үчун кыргыз элине да ушундай мүмкүнчүлүк берилген жок, биз да СССР державасында жашабадыкпы деген суроо жаралат. Бизде да жакшы адистер чыгып мүмкүнчүлүк болгон. Элдер бири-бирине дайыма күлүп, суроонун аягына чейин жооп берип турат. Бул кичинекей кезде үйрөтүлгөн тарбиянын жемиши. Мындан сырткары, Америкада жүрүп мыйзамдын күчтүүлүгүн сездим. Мен Кыргызстанда иштеп жатканда акыркы жылда 36 текшерүү келген. Эмнеге мындай көп келип жатышканын сурасам, өлкөдө текшерүүгө бир гана медицина менен мектептер калганын калганы жеке менчикке өтүп кеткенин айтышчу. Эптеп булардан бир нерсе өндүрүп алып, үй-бүлөмдү баксам дегендер бар эле. Мен иштеген жеке менчик компанияларга салык кызматы келгенин көргөн жокмун. Алар иштөөгө мүмкүнчүлүк беришет. Салык төлөөгө ишкерлер өзү кызыктар. Баары системага салынган. Ал эми бизде иштегенге такыр мүмкүнчүлүк бербей, мамлекетик болобу, менчик болобу тытып эле жатышат. Бизде жашоонун кайсыл жерине карабагын баары интрига. Көчөдөгү таксисттер да саясат тууралуу сүйлөшөт. Медицинанын өзү да саясат.

— Биотехнолгия боюнча иш жүргүзүп жатасыз, сырттан Кыргызстандагы медицинанын өнүгүшүнө кандай баам салат элеңиз?

— Биз абдан карта калдык. Себеби ар бир 30 мүнөттө медицина тармагында бир жаңылык болуп турат. Аны интернет аркылуу оңой эле алууга болот. Бирок маалыматтын көпчүлүгү англис тилинде, эгер бул тилди билбесеңиз сиз өзүңүз эле сыртта каласыз. Орусиянын медициналык борборлору 50-60 жыл артта калышты. Ал эми Кыргызстан Орусиядан да артта болгон соң демек, биз 70-80 жылдан да көп артта калдык. Америкада дарыгерлер жыл сайын адистиги боюнча билимин аныктап турат. Чоң конференцияларга барып, доклад жасап аны жарыялоо зарыл. Конференция бүткөндө сертификаттар берилет. Оорулуу адам адистердин сертификат менен иштеп жатканын билет. Ал эми бизде текшерген эч ким жок. Окуткан китептери эски, технология жок. Дарт аныктоо, дарылоо ыкмалары эчак эле унутулган. Мисалы ак канды дарылаган схема 1964-жылы ойлонулуп табылан, аны бүгүн да окутушат.

— Биз бул кемчиликтерди кантип оңдошубуз керек? Алсак, Кыргызстанда онкологиялык оорулар жашарып кетти. Эл аралык окумуштуулар баягы эле ыкма менен дарыланып жатканын белгилеп жатат. Эмне кылуу зарыл?

— Жеке оюмда биздеги абал мындан да ылдый түшүшү мүмкүн эмес. Биз эң төмөнкү чектебиз, андан ылдый түшүүгө мүмкүнчүлүк жок. Өсүш үчүн тилди үйрөнүш керек. Кайсы тилде кеңештер берилип, дарылар кайсы тилде чыгып жатканына байкоо салуу зарыл. Үч эмес андан да көп тилдүү болгон жакшы. Албетте, эне-тил биринчи орунда тураарын унутпайлы. Азыр англис тили өнүгүп жаткандыктан француз да, япон да аталган тилде сүйлөшөт. Тил билбиген адис артта калат.

— Дүйнө эли дарылоонун башка ыкмасын өздөштүрүп жатат. Бизда мурдагы салттык ыкма, дары дармектерди колдонуп келебиз. Өнүккөн өлкөлөрдү мисалга алганда бул маселе кандай чечилген?

— Өнүккөн өлкөлөрдө жылына ири илимий конференция болот. Дарыгер ошол убакытты күтүп, ал учурга эч нерсе пландабай конференцияга барууга милдеттүү. Мисалы, Чикагодо онкология боюнча эң чоң конференция болот. Ага дуйнөнүн булуң-бурчунан 50 миңдей профессор келет. Эми аларды батырууга зал жок. Миң кишини бир залга отургузса, андайдан дагы 50 жай керек. Бир залда ашказан рагы жөнүндө сөз болсо, экинчисинде өпкө рагы тууралуу кеп козголот. Ошонун баарына жетишип, угуп калуу маанилүү. Адистер менен кезегишип калганда маалымат алмашабыз. Андай ири чогулуштарда айтылган жаңылыктар дүйнөгө балким 10 жылдан соң келет, белгилүү болот. Американын университеттеринде жыл сайын бир нече окумуштуу Нобель сыйлыгынын лауреаты болот. Алар менен сүйлөшүп отуруп көбүрөөк жаңылык аласың.

— Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан медицина тармагындагы окумуштуулардын аброю канчалык деңгээлде? Өлкөдө дары-дармек бизнеси “гүлдөп” жатканы сизди ойлонтобу?

— Ойлонтот. Айтсам, академик Алмаз Алдашев эч качан өзүн мактаган эмес, жөнөкөй окумуштуу болгон. Бир жолу конференцияда доклад окуп жатканда катышуучулар Кыргызстанды билбей картадан карап табышкан. 6 млн калкы бар өлкөдө ушундай мындай окумуштуулар болсо Кыргызстан кыйын мамлекет экенин айтышкан. Мурда окумуштуулар болгон. Маселе, азыр барбы, кийин да болобу? Кыргызстанда медициналык илимди өздөштүрүп жаткан жалгыз мекеме Алмаз Алдашев түптөгөн биотехнология боюнча институт. Дүйнө эмне менен иштесе алар да ошол нерсе менен иштешет. Дүйнөдөгү ири көйгөйлөр — муздардын ээриши менен деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү жана бактериялардын антибиотиктерге туруктуу боло башташы. Анда ар бир инфекция эпидемия болот. Кыргызстанда акыркы жылдары тубаса оорулар көбөйүп кетти. Францияда антропология музейинини институ Кыргызстанга келип изилдөө жүргүзгөнгө кызыгып жатышат. Археолог, антрополог сөөктү таап изилдейт да, кайсыл бир жерде ушундай адамдар жашаган деп айтканы туура эмес. Ал балким жолдо келе жатып оорудан же башка себептен улам каза болгон адаамдын сөөгү. Тил бир жерде кимдер жашаганын аныктоого жардам берет. Тил менен молекулардык биологияны байланыштырып, кыргыздын илгерки тарыхын көтөрүп жатышат. Ал эле эмес диалектикалып өзгөчөлүктөрдү да алып жатышат. Демек, бул лингвисттер үчүн да керек. Мындан сыртары, дагы бир эл аралык институт кымыз ичкен кыргыздардын генетикасын карап, кымыз организмдеги бактерияларды өзгөртөт. Бактериялардын ооруга туруктуулугу салышытырмалуу башкача болот. Кызым эң пайдалуу суусундук. Анда витамин Ц көп. Кымыз ичкендерде рак, инфекция азаят.

— АКШда кыргыздардын саны көппү, алар менен жолугуп турасыздарбы? Алардын билимге болгон мамилеси кандай?

— Жаштар көбүрөөк өздөрүнчө жолугушат. Сыймыктана турган, өнүгүп келе жаткан жаштар бар. Караколдук бир кыз белгилүү компаниянын президентинин жеке жардамчысы. Аны мурдагы президент Барак Обама сыйлап турган сүрөтү бар. Алар эч качан өздөрүн жарнамалашпайт. Дагы бир жаш кызыбыз 3 университеттин профессору. 32 жашынан баштап иштеп жатат. Аны бул жакта эч ким билбегени менен Америкада жолдошу сыймыктанат. Дүйнөдө математикадан күчтүү үч мамлекет болсо кыргыз кыздары үчөөнүн бирөөнө кирет. Биздикилер ушунчалык жөндөмдүү экен, тилди бат өздөштүрүшөт. Өзүнчө юридикалык фирма ачкан кыздарыбыз бар. Отуз жашка чейинки 30 бай аялдын ичине Бишкектен барган кыз кирген. Дарыгер болуп иштеп, медицина тармагында аты чыккандар  барбы билбейм. Компьютердик технологияларда иштегендер бар.

— Аларда Кыргызстанга келгиси келген ынтызарлык барбы? Чет өлкөдөгү билимдүүжаштар үчүн мамлекеттик саясат иштелип чыгышы керекпи?

— Мамлекеттик саясаттан баштайлы. Мен Вашингтонго келип, Кыргызстандын элчилигине телефон чалып, жарым күн дегенде байланыштым. Максатым элчи менен сүйлөшүү болчу. Телефонумду калтырып коюшумду, өздөрү кайра байланышаарын айтышты. Мага эч ким чалган жок. Вашингтондогу элчилик кыргыздар менен иштебейт. Түркменистанда чет элдик түркмөн окумуштууларынын кеңеши бар. Аларды колдоп, элге тааныштырып турушат. Биз сыйлык да, акча да сурабайбыз, маселе анда эмес. Биз азыркы саясат менен кете берсек чет мамлекеттерде өнүгүп жаткан кыргыздар акыры ошол жакка сиңип кетет. Кыргызстанга келишпейт, бул жакта эч кимге кереги жок болуп жатат. Бул туура эмес. Кыргызстан жаштарын колдоп, аларга мүмкүнчүлүк берүү зарыл. Элдин сыймыгы, келечеги ошолор экенин айтышыбыз керек. Президент, өкмөт аппаратында чет элдик мамилелер, мигранттарды караган бөлүмдөр бар да, алар сыртта жүргөн мекендештерге эмне кылышты? Көйгөйлөргө терең кароо маанилүү. Орусияда эмне үчун кыргыздын кыздары кемсинип жүрөт? Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги эмне кылып отурат? Алардын бары мигранттардын ата-энесинен чогулткан салыкка унаада жүрүп, тамагын иичип, имаратта иштеп жүрөт. Элчиликте иштеген башка бир таанышым, өз мекендешетеринин кызыкчылыгын коргоп отурганын айтат. Бизде андайлар жок. Америкадагы элчи жаш бала, анын биз менен иши жок. Ал өзүнчө башка планетада жүрөт, Депутаттар келгенде дүкөнгө алып барышы керек.

— Дайыма кыймылда жүргөн адамсыз, Кыргызстанга келем деп ойлойсузбу? Сагынуу сезими жашайбы же азырынча ошол жакта эле болуп турсам дейсизби?

—  Кыргызстанга келүү оңой, бүгүн да калып кала алам. Сен өзүңдү Кыргызстанга керек экениңди сезишиң керек. Мен келип алганымдан эмне пайда бар? Америкада жүрүп өлкөмө кандай жардам кыла алам дейм. Билим берүү жана илим министрлигинин илимди жетектеген профессор Абдыманап Муратовга терең ыраазымын. Медицина илиминде жалгыз институтту сактап кала албасак тарыхта «калабыз.» Ошодуктан жан талаша долбоорлорго киргизсем дейм. Колумдан келишинче иниститутта иштегендерге жардам берсем… Ал жакка илим деп умтулган адамдар келет. Менин жашыма келгендер Кыргызстанды сагынбай коё албайт. Жаштар балким бат көнүп кетишет, бирок биздин оюбуздун бары Кыргызстанда.

— Кыргызстандагы жаңыдыктар менен таанышып турасызбы? Өлкөдө эмне болуп жатат, кандай жол менен өнүгөт деген нерселер ойлонтсо керек?

— Азыр интернет баарын айтып берет. Ким эмне кылып жатканын көрүп турабыз. Маданиятың, билим деңгээлиң жок болсо парламентте эмне отурасың деп айтканың келет. Быйылкы жылды региондорду өнүктүрүү дегенибиз менен жырым жылда эмне жумуш бүтүрдүк? Калган 6 ай дагы бат эле өтүп кетет. Депутаттар тегерентип, алардын артында дагы башка толкундар тегеренип, элдин баары ошону карайт. Алардын пайда жок. Доктур дарыласа, ЖКдагылар мыйзам чыгарызы зарыл, башка жумуш жасашпасын. Мыйзам чыгарганда да элди тонобой, иштеп жаткан ишине жолтоо болбоого тийиш. Мен президентти сындай да, мактай да албайм. Бирок өлкө башчы жакшы демилге бериши шарт.

— Парламент коомдогу терс көрүнүштөр менен күрөшөбүз деп ачык чыгып жатпайбы. Эң негизгиси коррупция менен күрөшөбүз деп жатат. Сиздин оюңузда бул кандай жүрүп жатат?

— Коррупция менен күрөшүүгө саясат, бири-биринен өч алуу аралашып кетти. Коррупциянын баары көчөдө, бурч-бурчта МАИ кызматкерлери турат. Айдоочуларды токтотуп акча алып жатканын баары көрүп турат. Операция кылганда эмне деген акчаларды алышат. Түрдүү мамлекеттик наамдарды алып жатышат. Сыйлык берүүнүн да баркы, денгээли түшүп, коррупцияга айланып кетти. Парламент мыйзам чегинде ушул системаны түзүшү зарыл. Мындан 3 жыл мурда Белорусиянын президенти БУУнун башкы Ассембеясында докладын окуп баштаганда өлкөсүндө энелердин өлүмү жок экенин айткан. Эмне үчүн бизде жаш энелер төрөттө өлүп жатышат? Бирөө карап, бирөө көңүл бурбайт. Дүйнөдө мындан өткөн трагедия жок. Белорусияда бир эне төрөттөн каза болуп калса дарыгерлер, министрлер жооп берет. Дары коррупция аралашкан бизнеске айланып кетти. Кыргыздар дарыны эбегейсиз колдонобуз. Каттоодон өтпөгөн дарыларды да сатып жатышыт, баалары бир нече эсе кымбат. Токтоткон эч ким жок. Дарыларды колдонуу боюнча Кыргызстан дүйнөдө биринчи орунда. Эч кандай жоопкерчилик жок. Ар бир дарынын  терс касиети бар. Көп дары нефтиден алынат, зыян. Өлкөдө негизделбеген операциялар көп жасалат. Операциядан кийинки материалдарды караган адистердин журналин ачып көрсөңүз кандай жаман иштер жасалып жатканын түшүнөсүз. Клиникаларды түшүнүп, текшерген киши жок. Биз бири-бирибизди жамандап отура берсек башка улуттар пайдасын көрөт. Биз башка улутту бактылуу кыла албайбыз. Бирок эмне үчүн биздин эл бактылуу жашаган жок?

— Азыр сиз алыстасыз. Бирок эл үчүн жардам бер деп кызмат сунушташса Кыргызстанга келет белеңиз?

— Мен келмекмин, бирок мага кызмат сунушталбашына 200 % ишенем. Анткени кызмат алуу — улутук көйгөй. Бир орунду талашып 20 киши жүрөт. Мага кызмат беришпесе да медицинага жардам бере алам.

— Маегиңизге рахмат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache