Шашылыш кабар:

Акимов: Атамбаев Конституцияны өзгөртүүдө өзүн коргоого маани берген

Акимов: Атамбаев Конституцияны өзгөртүүдө өзүн коргоого маани берген
Кыска кабар
0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө өзүн коргоого көбүрөөк маани бергени байкалууда. Мындай пикирин “Деньги и власть” гезитинин башкы редактору Турат Акимов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев күч органдарына күчтүү реформа жасаган. Анын арты менен күч органдары саясатчыларды колго түшүрүп, саясатка аралашып калган. Негизи бул маселелер өкмөт башчынын колунда болушу керек болчу.

«Бийликке келүү системасы акчага байланыштуу болуп түзүлүп калган. Бир нече олигарх биригип патия түзүшөт да бизнес кылып жатканын ойлошот. Партияда жүргөн режиссер жана сүрөтчүлөр мандат бөлүштүрүүгө келгенде тизмеден чыгарылып алардын ордуна байлар келип калды. Конституция 9 жолу өзгөртүлүшү — мамлекеттин констукциясынын 9 жолу талкалануусу», — дейт Акимов.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache