Шашылыш кабар:

Акимов: Парламент олигархтардын тобуна айланды

Акимов: Парламент олигархтардын тобуна айланды
Кыска кабар
0

Парламент кызыкчылыктар менен топтолгон олигархтардын тобуна айланды. Мындай пикирин “Деньги и власть” гезитинин башкы редактору Турат Акимов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанды парламентаризм сактап кала албайт. Парламентаризмдин ар кандай түрлөрү жана аттары бар. Анда парламент шайлоо жолу менен түзүлөт, башка жол жок. Ал эми кыргыз коомчулугунун негизги максаты акча жана бийлик болуп калган. Ошондуктан депутаттар бир партиядан экинчисине өтүп кетишет.

«Бизге партиялык тизме менен эмес округдардан шайланып келген депутаттар керек. Ошондо эл өкүлү элдин алдында уят болуп калбоо үчүн айылына көпүрө куруп, суу чыгарууга аракет кылат. Болбосо партиянын тизмесинде кандай адамдар бар экени белгисиз бойдон калууда. Азыркы парламенттеги фракция мүчөлөрүнүн максаты жок, идеалар үчүн күрөшпөйт. Сырткы инвестициядан 12 млрд доллар пайда түшсө анын 5 миллиарды мамлекетке калган бөлүгү аткаминрелердин үйлөрүнө кетет. Чет мамлекеттен алынган каражаттын жарымын чөнтөккө салып, карызды элге жүктөп коюшат», — дейт Акимов.

Ал белгилегендей, заманбап парламентаризмде 3 гана тартия болот. Бир ишке жүз киши жооптуу болсо эч кандай көзөмөл болбойт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache