Шашылыш кабар:

Дүйшенбиев : «Куралдуу күчтөрдөн кеткендер кайра кайтып, жаштардын кызыгуусу да артып жатат»

Май 29th, 2018 | by Канай Анаркулов
Дүйшенбиев : «Куралдуу күчтөрдөн кеткендер кайра кайтып, жаштардын кызыгуусу да артып жатат»
Күн Чабыт
0

Бүгүн 29-май, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күнү. Куралдуу күчтөр күнүн белгилөө туурасында чечим 1992-жылы кабыл алынып, андан бери ал расмий түрдө майрамдалып келет.  Саамалыкты утурлай, бул тармактагы жүрүп жаткан реформа, келечектеги пландар тууралуу Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Генерал-майор Райимберди Дүйшенбиев менен маектештик.

Адегенде майрамыңыздар менен жалпы “Марал” радиосунун атынан куттуктайбыз!

Чоң рахмат.

Мына, куралдуу күчтөрдө бир катар реформалар жүрүп жатат. Бүгүнкү күндөгү абал кандай жана Генералдык штаб түзүлгөндөн кийин бул тармакта  кандай жыйынтыктар болуп жатат?

1992-жылы 29-майда Кыргызстандын аймагындагы мурдагы Советтер Союзунун аскер бөлүктөрүн өлкө өз карамагына алган. Бул Куралдуу күчтөрдү түптөөнүн башаты болуп, бүгүн 26 жыл толуп олтурат. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы мамлекетти коргоону уюштуруу менен байланышкан маселелерди чечет. Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүмдөрдү даярдоону, өнүктүрүүнү, мобилдүү жайылтууну жана колдонууну тикелей жетектейт. Жалпы күч түзүмгө коргоо министрлиги, мамлекеттик чек ара кызматы, ички иштер министрлигинин ички аскерлери, улуттук коопсуздук кызматы, өзгөчө кырдалдар министрлиги, улуттук гвардия, мамлекеттик коргоо кызматы жана адилет министрлигинин кызматкерлери түзөт. Кокус бир олуттуу кырдаал жаралса, ар бири өз ишин кылбай, Башкы штабдын алдында  баары башкарылат. Кургактагы аскерлер түзүлүп , абадан коргонуу да күчтөндү. Бул жыл аралыгында биздин армия бир топ күчтөндү.

Материалдык-техникалык, ошол эле кадрдык абал жакшырдыбы?

26 жыл аз убакыт болгону менен кыргыз армиясы үчүн ал бутуна туруунун, өнүгүүнүн татаал мезгили болду. Аскер кызматчылары болсо, өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо тапшырмасын аткарууга жөндөмдүүлүгүн эчен жолу далилдей алышты. Саны менен утпасак да сапаты менен күчтүүбүз. Материалдык-техникалык, курам жактан да мыкты даярдыктабыз. Бүгүн биздин куралдуу күчтөр замандын талабына ылайык, жаңы коркунучтарга жана чакырыктарга каршы турууга жөндөмдүү.

Бүгүнкү күндө социалдык колдоолор, үй менен камсыз кылуу сыяктуу жалпы эле шарт жакшырып келе жатат. Мунун  айынан куралдуу күчтөрдөн алыстап кеткендердин кайра  тартылып, өзгөчө жаштардын кызыгуусу арткандай. Буга кандай дейсиз?

Туура айтасыз. Буга чейи кызматтан кеткендердин көбү кайра арыз менен кайрылышып, кызматка келүү өтүнүчү көп болуп жатат. Өзгөчө жаштардын кызыгуусу артып, куралдуу күчтөрдүн катарына кошулам дегендердин саны артууда. Аскердик милдетин убагында өтөй албай калганда 25 жаштан кийин 50 миң сом төлөп кайрадан өтүү мүмкүнчүлүгү тузүлбөдүбү. Ал да өз жемишини берип жатат.

Дагы бир маселе, ата-энелердин жүрөгүн өйкөгөн, айрым уландарды да чоочуткан “дедовщина”  дегенди толук жоёбуз дедиңиз эле. Азыр ал жоюлду деп айта аласызбы?

Бул багытта биз көп иштерди алып бардык. Азыр эң башкысын айтайын, бир аскер бөлүктө бир жылдык гана жоокерлер кызмат өтөп жатат. Тагырагы мурун жазгы чакырылыштагылар кийин күзгү чакырылыш менен келгендерге үстөмдүк кылып койчу. Азыр бир аскер бөлүктө бир чакырылыш кызматынын өтөп бүтүп, алар кеткенден кийин гана кийинкиси келет. Ал эми жаңы келген жоокерлерди келишим менен кызмат өтөгөн сержанттар, офицерлер окутуудан өткөрүп, даярдашат.

Майда барат нерсени эске албаганда кандай негизги муктаждык бар?

Негизги маселелердин бири турак-жай болчу. Себеби айлык-акынын аздыгы, аскер адамдарынын буйрук боюнча өлкөнүн ар тарабында жүргөнү өзүн материалдык жактан камсыздаганга бир аз тоскоолдук кылчу. Акыркы жылдар бул маселе чечилип келе жатат. уйү жоктордун жашаган батирине акысын мамлекеттин эсебинен  төлөп жатабыз. Бүгүн да президентибиз менен 12-кичирайондо үйлөрдү тапшыруудабыз. Бул саамалык дагы да улана берет. Анан заманбап техникалар бизде азыраак.

Анда Орусиянын түштүкө дагы бир авиабаза ачуу сунушуна кандай карайсыз? Ага Кыргызстандын муктаждыгы барбы?

Негизи эки өлкө бир пикирге келсе, анда бул авиабазанын ачылганы жакшы эле. Анткени түштүк таратпты абадан коргоо дагы күчтөнөт.

Алдыда сиздин бакшарууңуздагы  куралдуу күчтөрдү эмне күтүп жатат, кандай олуттуу өзгөрүүлөр болот?

Биз мындан ары да материалдык-техникалык жактан камсыздоону күчөтөбүз. Сөзсүз түрдө заманбап аскердик техника, курал-жарактар менен толук камсыз кылууга аракет болуп жатат. Анын алкагында Орусия, Кытай, Түркия, Казакстан сыяктуу мамлекеттер менен тыгыз иш жүрүүдө. Алдыда учак, тик учактарды алуу пландары турат.

Маегиңизге рахмат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache