Шашылыш кабар:

Г. Жакыбалиева: “Жергиликтүү эл менен жол коопсуздугун бирге чечебиз”

Май 28th, 2018 | by Канай Анаркулов
Г. Жакыбалиева: “Жергиликтүү эл менен жол коопсуздугун бирге чечебиз”
Коом
0

«Марал» радиосу “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмеси менен “Жол коопсуздугун биргеликте чечели” программасын баштады. Бул программада бүтпөс көйгө болуп келе жаткан, өлкө аймагында күнүнө 3 адамдын өмүрүн алып жаткан жол кырсыктарын азайтууга карата иштеп жаткан атайын долбоор тууралуу маалымат ала аласыз . Тагырагы  “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмеси жергиликтүү эл жана жергиликтүү бийлик менен иштей турган долбоордун үстүнөн иш алып барууда. Бул тууралуу кененирээк долбоордун ассистенти Гүлзат Жакыбалиева менен маектештик.

Эмнеден улам жергиликтүү эл менен маселени чечүүнүн жолдорун издөө идеясы келип чыкты ?  Долбоор тууралуу кененирээк айта кетсеңиз.

Статистиканы карап көрсөк, адамдардын жолдо каза болуусу боюнча Кыргызстан Европа өлкөлөрү менен мурунку союз мамлекеттеринин арасынан экинчи орунда турат. Орто эсеп менен жол кырсыктарынын кесепетинен  күнүнө 3 адам көз жумат экен. Азыр республикалык деңгээлде айып пулдарды көтөрүү, Жол коопсуздугун караган кызматкерлердин функциясын күчөтүү сыяктуу бир катар  иштер жүрүп жатат. Ал эми биз, “Сорос” фонду жана  “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмеси жергиликтүү эл менен бул көйгөйдү бирге чечүүнүн жолдорун издей турган долбоордун үстүнөн иштеп жатабыз.

Азыр долбоордун алкагында кандай иштер аткарылып жатат?

Ар бир аймактын маселесин ошол жердеги жергиликтүү элден жакшы эч ким билбейт. Ошондуктан биз жергиликтүү бийлик менен элден сурамжылоолорду жүргүзүп, алар менен бирге “Кандай кооптуу аймактар бар жана кантип чечебиз?” деген суроолорго чоогу жооп издеп жатабыз. Алгач Бишкек шаарындагы Свердлов районунан баштадык. Учурда  Ленин районунда ишибиз уланууда. Мындан тышкары мектеп окуучулары менен да көп иштешүүдөбүз. Анткени балдардын өмүрүн алган кырсыктар да көбөйгөнү маалым. Аларга да окутуулар, кызыктуу оюндар, жолдо жүрүүнүн эрежелери сыяктуу  иш чаралар өтүп жатат.

Коомчулук ошол эле жергиликтүү бийлик анын катарында Жол кыймылынын коопсуздугун караган кызмат бул аркеттиңиздерди кандай кабыл алышууда?

Эл абдан жакшы кабыл алууда. Биз мектептерге барып сурамжылоолорду жүргүзүп жатканда, окуучулар аябай активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Алар жаңы конуштардагы жолдордун начардыгы, жол белги, жол чырактардын жоктугуна нааразычылыктарын билдиришип, жолдогу инфраструктуранын жакшырышынан үмүт артып жатышканын айтышты.  Ушул эле көйгөйдү чоң кишилер да көтөрүштү. Алар да жумушка же башка жакка бара жатканда кооптуу  участкалар бар экенин, ал жерлерге шарт түзүлсө деген тилектерин билдиришти. Белгилей кетсем ,ички иштер минисрлиги менен Билим берүү жана илим министрлиги биздин башкы өнөктөштөрүбүз. Алар да бул долбоорду колго алып, өз жардамын берип жатышат.

Бул долбоодун үстүнөн иштөө канча убакытка созулат жана жыйынтыгы качан чыгат?

Долбоор апрель айында башталган. Беш айга созулуп, август айында жыйынтыкталат. Сурамжылоо жана башка иш чаралардын соңунда талдоо жүргүзүп, анын жыйынтыгын тиешелүү бийлик өкүлдөрүнө сунуш катары тапшырабыз. Албетте коомчулуктун жардамы менен бул иш аткарылып жаткандыктан, элге дагы жарыялайбыз.

Маегиңизге рахмат.

 

 

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache