Шашылыш кабар:

Ч.Айтматовдун карылар үйүндөгү мугалими 99 жашка чыкты

Ч.Айтматовдун карылар үйүндөгү мугалими 99 жашка чыкты
Коом
0

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мугалими Анна Крамарева 99 жашка чыкты. Өмүрүн билим берүүгө арнаган мугалим учурда карылар үйүндө жашайт. Угуусу начарлаганы менен чыгаандардын мугалиминин акылы азыр да тунук. Өзү окуткан Чыңгыз Айтматов, Илгиз Айтматов сыяктуу окуучуларынын баарынын аты-жөнүн гана эмес, кыял-жоруктарына чейин эстейт. Туулган күнүн «Марал» радиосу да барып куттуктап келди.


Чыңгыз Айтматовдун мугалими Анна Крамарева бүгүн, 28-майда  99 жашка чыкты. Өз учурунда Чыңгыз Айтматов сыяктуу мыкты инсандарга тарбия берип, 40 жылдан ашык убакыт математика сабагынан билим берип келген. Өмүрүн билим берүүгө арнаган апа, жалгыз калып, 15 жыл мурда Бишкектеги карылар үйүнө келген. Согуш учурунда, оор кезеңде балдарга талыкпай билим берген ардактуу мугалимди окуучулары сүйүп эстешет. Жашы 100гө  жакындап калса да Анна Крамарева балдардын баарынын аты-фамилиясына чейин, жада калса жоруктарына чейин эстейт. Согуш мезгилинде техника илимдеринин доктору, профессор Илгиз Айтматов 6-7-класста математика сабагынан Анна Крамарева бергенин сыймыктануу менен эстейт. Ал сабак берген балдар өзгөчөлөнүп турчу эле деп эскерет.

Мыкты мугалим болчу. Ошол кыйын учурда эч нерсеге карабай бизди окутту. Ал окуткан окуучуларды өзгөчө бөлүп карашчу. Эгерде кичүү класстар окуй албай жатса Анна Крамареванын окуучулары үйрөтсүн дешчү.

Анна Крамарева билим берүү тармагына өмүрүн арнаган. Азыр да акылы зирек дешет социалдык мекемедеги дарыгерлер. Бирөө менен кагазга жазуу аркылуу баарлашат. Анткени угуусу начарлаган.

Биринчи жолу бул мекемеден мугалимин кезиктирген Лилия Мирзаева өтө жаман абалда калганын айтат. Убагында балдарга үлгү болуп, тыкан, билимдүү, чырайлуу мугалимди алсыз, улгайган, жалгыз көрүү ал үчүн оор болгон.

Биринчи көргөндө ыйладым. Барып сүйлөшө албадым. Кат жазып мед айымдарга таштап коеюн десем, алар эң жакшысы жолугуп, сүйлөшүүнү сунушташты. Угуусу начарлаган үчүн жазып сүйлөштүк. Ошондон бери келип турам.Алып кетейин десем болгон жок. Анткени мен анын азыркы абалын кабыл ала алган жокмун. Бат-баттан келсем, урушат. Көнүп калам деп коркот. Баарыбызды эстейт. Бир эле аты-жөнүбүздү эмес, кыял-жоруктардан бери айтып берет.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов, техника илимдеринин доктору, профессор Илгиз Айтматов сыяктуу чыгаандарга кандуу согуштагы кыйынчылыкка карабай билим берип келген Анна Крамарева турмуштук жагдайга байланыштуу 15 жыл мурда Бишкек шаарындагы карылар үйүнө келип жашап калган. Өмүрүн эл агартууга арнаган Анна Крамерева бул социалдык мекемеде да үлгүлүү тургун дейт мекеменин директору Эркингүл Курманалиева.

-Келгенине 10 жылдан ашты. Азыр да акылы тунук. Кээде көз айнеги жок деле окуп коет. Кулагы укпай калган үчүн жазып сүйлөшөбүз. Быйыл эми 99 жашка чыкты. Эми буйруса 100 жылдыгын белгилейли деп тилек кылып жатабыз.

Анна Крамарева Талас облусундагы Манас районуна караштуу Пакровка орто мектебинде 40 жылдан ашык убакыт мугалим болуп иштеген. Бүгүн ал 99 жашка толду. Анын айтымында ал Чынгыз Айтматовду 6-классында окуткан.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache