Шашылыш кабар:

Темир жол бажысынын «Түндүк» башкармалыгынын экс-жетекчисинин үйүнөн 50 миң долларлык 25 алтын саат табылган

Май 28th, 2018 | by Бахар Хакимова
Темир жол бажысынын «Түндүк» башкармалыгынын экс-жетекчисинин үйүнөн 50 миң долларлык 25 алтын саат табылган
Кыска кабар
0

Темир жол бажысынын «Түндүк» башкармалыгынын мурунку жетекчиси Нурбек Айбашев 17-июнга чейин камакта кала турган болду. Мындай чечим Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 25-майда Айбашевдин үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Анда миллиондогон каражат карыз болгон тараптардын тизмеси, ар бири 50 миң долларлык 25 алтын саат табылган.

Айбашев Темир жол бажысынын «Түндүк» башкармалыгынын мурунку жетекчилиги кызматынан 2016-жылдын 21-апрелинде алынган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache