Шашылыш кабар:

Майчиев: ЖМКларга депутаттар менен артисттер көбүрөөк даттанат

Майчиев: ЖМКларга депутаттар менен  артисттер көбүрөөк даттанат
Күн Чабыт
0

Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссиянын курамы жаңыланды.

Жаңы курам 26-майдагы журналисттердин республикалык жыйынында жабык добуш берүү менен тандалды.

Күн тартибиндеги  маселелер жана көптөгөн медиа чөйрөдөгү чырды сотко жеткирбей чечүүдө бул комиссиянын ролу тууралуу Маалымат каражаттарынын үстүнөн келип түшкөн арыздарды кароо комиссиясынын төрагасы, медиа эксперт Шамарал Майчиев  «Күн чабыт» программасында айтып берди.

-Сиз төрагалык кылган комиссия алдыңкы үч жылга шайланды. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн келип түшкөн даттанууларды караган комиссиясынын бүгүнкү күндөгү ролу кандай?

Бул комиссия 2007-жылы түзүлгөн. Республикалык масштабдагы жыйында журналисттердин этикалык кодексин негизинде кароо үчүн түзүлгөн. Андан бери комиссиянын курамы төрт жолу жаңыланды. Комиссия жылына кээде 10 иш караса кээде беш ишти колунан өткөрөт. Комиссияга жети мүчө коомчулуктан болсо, калган алты мүчөсү коомчулуктан болот. Көбү бул комиссия угулбайт, көрүнбөйт деп сындашат. Бирок он жылдын ичинде жүздөн ашык даттануу арыздарды карадык.

Бүгүнкү күндө өзүңөздөр билгендей окурмандардын көбү сотко кайрылат. А сотто бир нече убакыттан кийин чечим чыгат. Анда көп учурда журналисттер утулат. Себеби маалыматтардын көбү сапатсыз, бир тараптуу. Фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-бирине кошулуп, божомолдор факт катары көрсөтүлүп калып жатат. Натыйжада журналисттер чыгымды төлөп берүүсү милдеттендирилип калууда. Ошондуктан мындай процедураларга кирбей угарманга дагы бул маалымат  ишенимдүү же ишенимдүү эместигин билип алса пайдалуу болот. Бул жерде комиссиянын мүчөлөрү бекер иштеп берет.   

-ЖМКдын үстүнө келип түшкөн даттануулар көбүнчө кимдер тараптан болуп жатат жана даттанууларда чындыгында эле журналисттер тараптан кесиптик этикалык норма сакталбай жатабы?

Биз юридикалык жак эмеспиз. Ошого карабай арыздар окурмандар тараптан түшөт. Көбүнчөсү депутаттардан жана белгилүү артисттерден түшөт. Ошондой эле айрым спортчулар дагы бар. Буга кошумча атайын топтор тараптан дагы келип түшкөн арыздар болгон.

-Комиссия ишмердүүлүгүн мындан ары кайсы нукта улантат ?

26-майда өткөн конференциядагы комиссияга бир нече сындар айтылды. Көбүнчөсу  комиссия тууралуу элге маалыматтын жетпей жаткандыгы белгиленди. Ошондуктан  айыл-аймактардан баштап шаарларга чейин комиссия жөнүндө маалыматтарды берүүнү көбөйтөлү депу турабыз.

Маегиңизге рахмат!

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache