Биз менен байланышыңыз

Эл аралык уюмдар өлкөгө 8 млрд долларлык инвестиция салат

Кыска кабар | 1 Ноя 2018 | 1211 | 0

Эл аралык уюмдар Кыргызстанга 8 млрд доллар өлчөмүндө инвестиция кылып жатышат. Бул тууралуу 2018-2040-жылдарга Улуттук стратегиянын тиркемесинде белгиленген.

Анда каражаттын басымдуу бөлүгү өнөр жай тармагына жумшалып, ал 2 млрд 501,1 млн долларды түзөт. Ал эми транспорт жана логистикага – 1 млрд 458,6 млн доллар, кен байлыктарды казууга – 1 млрд 247,2 млн доллар, энергетикага — 1 млрд 127,6 млн доллар сарпталат.

Жалпысынан 8 млрд доллар каражатка өнөр жай тармагы боюнча 27, кен казуу боюнча 11, транспорт боюнча 16, энергетика боюнча 11 долбоор ишке ашат.

Copyright © 2017 Maral FM