Биз менен байланышыңыз

Карамушкина: Иса Өмүркуловдун миссиясы башка болгон

Кыска кабар | 1 Ноя 2018 | 610 | 0

Бүгүн, 1-ноябрда КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Иса Өмүркуловдун билдирүүсүнөн кийин журналисттерге интервью берди.

Анын айтымында, Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу чечими кабыл алынган жыйын легитимдүү болгон. Ага өзү жана тогуз адам ишеним кат менен катышып, жалпы 10 адам болгон.

“Иса Өмүркуловдун миссиясы башка болгон. Ал акыркы болуп жаткан окуялар боюнча фракция лидери катары пикирин так айтышы керек болчу. Азыр жер-жерлерде тиешеси жок тараптар “партиянын атынан” деп жыйындарды өткөрүп жатышат”, — деп белгиледи депутат.

Мындан тышкары, Карамушкина Атамбаевдин тарапкерлерине карата куугунтук уюштурулуп жатканын билдирди. “КСДП Атамбаевсиз” тобунун активисттери менен президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев байланышта экендигин кабарлады.

Copyright © 2017 Maral FM