Биз менен байланышыңыз

КСДП: Өмүркулов бир нерсеге нааразы болсо, сотко кайрылсын

Кыска кабар | 1 Ноя 2018 | 546 | 0

КСДП партиясы катарынан чыгарылган депутат Иса Өмүркуловдун айткандары боюнча комментарий берди.

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын айтымында, КСДПнын саясий кеңешинин Иса Өмүркуловду партиянын катарынан чыгаруусу легитимдүү болгон.

«Эгер Өмүркулов бир нерсеге нааразы болсо, сотко кайрылсын. Ал партиядан чыгып калганын факт катары кабыл алышы керек. Биз аны чакырганбыз, бирок ал белгисиз себептерден улам келген жок. Бул саясий кеңештин чакыруусун четке каккан биринчи учур эмес», — деди Жолдубаева.

Ал эми Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Ирина Карамушкина КСДПнын айласында түзүлгөн кырдаал боюнча оюн айтып, жакын арада партиянын лидери Алмазбек Атамбаев маалымат жыйын өткөрөрүн билдирген.

Эске салсак, Иса Өмүркулов бүгүн журналисттердин суроолоруна жооп берип, партиядан чыгарылганына бир ууч киши гана себептүү экенин айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM