Биз менен байланышыңыз

Кожобеков: Автомектептер аккредитациядан өтүшү мүмкүн

Пикирлер | 1 Ноя 2018 | 964 | 0

Автомектептерди көз карандысыз агенттиктер тарабынан аккредитациядан өткөрүү сунушталууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда лицензия алууну электрондоштуруу механизми каралууда. Бул система ишке кирсе, лицензия алуу бир топ жеңилдейт.

2014-жылдан бери автомектептерге лицензия мөөнөтсүз берилип келет. Бирок лицензиялык көзөмөл иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатат.

«Текшерүү учурунда талаптардын бири аткарылбаса, эскертүү берилет. Кемчиликтер жоюлбаса, айып туп салынат. Анда да жыйынтык болбосо соттун чечими менен автомектептин ишмердүүлүгү токтотулат», — дейт Кожобеков.

Анын айтымында, мурда автомектептердин окуу процессин көзөмөлдөө аксап келген. Бирок 2017-жылы көңүл бурулуп Билим берүү министрлиги тарабынан жардам бериле баштаган.

«Министрлик атайын иштеп чыккан жобо учурда коомдук талкууда турат. Ал ишке кирип калса автомектептердин окутуу программасы каралат. Жол коопсуздук кызматкерлери менен макулдашып, окутуунун технологиясына, методикасына өзгөртүү кирет», — дейт Кожобеков.

Ал белгилегендей, жеке автомектептердин баалары атаандаштыктын негизинде болот. Ал эми мамлекеттик мекемелерде 3 жылдык программа бар. Анын баасы көзөмөлгө алынат.

Кошумчалай кетсек, өлкө боюнча жалпы 237 автомектеп бар. Алардын 63ү мамлекеттик, калганы жеке менчик мекемелер.

Copyright © 2017 Maral FM