Биз менен байланышыңыз

Гриппке каршы 80 миңге жакын вакцина сатылып алынды

Кыска кабар | 31 Окт 2018 | 1159 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлиги сасык тумоого каршы 79 миң доза вакцина сатып алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта, “Гриппол люкс” вакцинасы дарыгерлерге, өнөкөт оорусу барларга, бат ооруган балдарга, балдар үйүндөгү жана интернат-мектептердеги балдарга, кош бойлуу аялдарга колдонулары айтылат. Бул вакциналар өлкөнүн бардык аймагына жиберилди.

Ошондой эле алдыңкы күндөрү “Глобалдык саламаттыкты сактоо” корпорациясы гуманитардык жардам катары 70 миң доза вакцина жиберет.

Бишкектеги № 312 поликлиникада, № 6 жана № 8 үй-бүлөлүк медицина борборлорунда эмдөөнү акылуу түрдө алганы болот. Баасы 500 сомдон тартып 650 сомго чейин болот.

Белгилей кетсек, гриппке көбүнчө 14 жашка чейин жаш балдар кабылышат. Кыргызстанда жарандар декабрь айынан тартып ооруп башташат. Ооруп калуунун жогорку чеги январдын соңу жана февраль айына туура келет.

Copyright © 2017 Maral FM