Шашылыш кабар:

Окуунун башталышын 10-сентябрга жылдырууга макулсузбу?

Окуунун башталышын 10-сентябрга жылдырууга макулсузбу?
Талаш талкуу
0

Билим берүү жана илим министрлиги учурда парламенттин сунушу боюнча окуу жылынын башталышын 1-сентябрдан 10-сентябрга жылдыруу маселеси чечилип жатканын билдирди. Анын максаты балдардын эс алуусуна кенен шарт түзүү, түшүм жыйноо иштеринде ата-энелерге жардам жана туристтерди тейлөө маселеси каралган. Бул боюнча “Эл-Пикир” борбору атайын сурамжылоо жүргүзгөн. Ага ылайык, окуу жылын 10-сентябрдан баштоого мугалимдердин 60 %ы макулдугун берсе, ата-энелердин 51 пайызы колдогон.

“Марал” радиосунун “Талаш талкуу” программасында «Окуу жылынын башталышын 10-сентябрга жылдырууга макулсузбу?» деген теманын алкагында угармандарын пикирин тыңдап көрдүк. Берүүнү Майраш Базлакунова алып барды.

Бизге байланышкан угармандардын 63 пайызы окуу жылынын 10-сентябрда башталышына каршы пикирин билдиришкен.

Whatsapp:

— Мен министрликтин бул сунушун колдойм. Депутаттар да бул маселени түшүнүп, көтөрүп чыгышса керек.

— Мен бул сунушту колдобойм, «жок» деп добуш берем.

— Менин оюмча, 10-сентябрга жылдырган туура. Айыл чрба жумуштарын бүтүрүп алып, биротоло окууга киришебиз.

— Мун бул сунушту колдобойм.

— 15-сентябрдан башталса болмок. Айыл жергесинде жумуш көп, мал чарбасына жардам болмок. Мен бул сунушту колдойм.

Токмок шаары, Мырза:

— Мен буга кошулбайт элем. Азыр балдар коомдук жумушка тартылчудай Кыргызстанда чарба жок. Бул иштер бир жумуш жасалып жатат дегенди көрсөтүү үчүн гана болуп жаткандай. Биздин өлкөгө 9 жылдык билим берүү жетиштүү. Билим берүү министрлиги мына ушул маселени ойлонсун. Окуучулар ЖРТ үчүн эки жыл жүрүшөт.

Нарын шаары, Тилек:

— 10-сентябрга жылдырып балдарды окуудан кармоого каршымын. Ата-энесине жардам берсин деген шылтоону айтышыбыз мүмкүн, бирок сабакка келбеген бала 20-сентябрга чейин да келбей коёт. Мен каршымын. Нарын эли мал менен жан багат. Малдар жайлоодон сентябрдын аягына жакын түшөт. Ата-энеси жайлоодо калса да балдар келип окуй берет. 1-сентябрда картошка казылат, бирок балдар окууга барат.

Ибраим:

— Мен макулмун. 1-сентябрда түшүм жыйноо убагына туш келет да балдардын окуусуна тоскоолдук жаратат. Азыр неберелерим мектепте окуйт.

Угарман:

— Бул маселеден эч нерсе өзгөрбөйт. 10 күн бир нерсени чечмек беле? Балдар 1-сентябрдан тарта окушу керек.

— Мен кошулам. Бирок 10 күн эч кандай тагдырды чечпейт. Мурда бизди пахтага айдашчу, окубай эле жүрчүбүз. Мамлекет айыл жериндеги элдин маселесин ойлоп жатканы туура. Бирок жок дегенде 20-сентябрга жылдыруу зарыл. Эгин жыйноо кеч күзгө чейин созулуп калат.

— Кыргызстанда жыйнай турган түшүм да жок. Балдарды жөнү жок окуудан калтыруунун кереги жок. Биз эч нерсе өндүрбөй жатсак. Кайдагы туристтерди айтабыз… 10-сентябрга которуу деп болбогон нерсени айтабыз.

Жалал-Абад шаары, Улукбек:

— Окуу 1-сентябрда эле башталганы жакшы. Түшүм жыйноого айылдык балдар гана катышат. Эгер 10-сентябрдан баштачу болсок шаардыктар эмне кылат? Жаштарды туура тарбиялоо үчүн окуу жылы 1-сентябрда эле башталганы оң. Бирдиктүү мектеп формасын иштеп чыгуу зарыл.

Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Алмаз Токтомаматов:

— Билим берүүнү 10-сентябрга жылдыруу окуу процессине көп таасир этпейт. 1-2-8-9-сентябрь күндөрү дем алыш күнүнө туш келип калгандыктан биз беш эле окуу күнүн жоготобуз. Аны 2019-жылдын 26-31-май аралыгында окуса сааттар, окуу жүктөмдөрү да кыскарбайт. Болгону күндөр жылат. Чейректердеги окуу материалдарын жылдырууга туура келет. Коомчулукта ар кандай пикирлер айтылат, бирок бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ысык-Көлдө балдар окууга даярдануу максатында 20-августта эле кетип калат. Аларга кошулуп ата-энелери да кетиши керек болуп калат. Жок дегенде 5-сентябрга чейин кадимкидей эс алып алышса деген ой, анткени сезон убагында көбүнчө конокторго көңүл бөлөбүз. Ошол кезде мүмкүнчүлүгү барлар ата-энеси менен биргеликте окуучулар, мугалимдер эс алып алышат. Экинчиден, жайлоого кеткен балдар 1-сентябдан кеч келишет. Алар да шашпай келип кошулса деген ой. Андан сырткары, балдар ата-энесине түшүм жыйноого жардам бермек. Аны кээ бир жерлерде туура эмес түшүнүп жатышат. Бул балдардын эмгегин эксплуатациялоо эмес. Жалданып иштеген башка нерсе, өз короосуна иштеген башка маселе. Бул жагынан балдар ата-энесине жардам берсе жакшы болот. Ал эми мугалимдер жумушка жылдагыдан 10 күн кеч чыгат. Бул маселеге чекит коюлушу үчүн өкмөт расмий түрдө кабыл алышы зарыл. Учурда министрликтин деңгээлинде каралды. Сурамжылоо уюмунун маалыматтарына ылайык, көпчүлүк колоп жатат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache