Шашылыш кабар:

Өлкөдө 5 300 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт

Өлкөдө 5 300 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт
Коом
0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча акыркы 4 айдын ичинде 60 табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталып, жыйынтыгында 6 адам каза болгон. Ал эми акыркы 1 жуманын ичинде катталган сел коркунучтарын жою аракеттери жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө 5 миң 300дөй үй-бүлө кооптуу аймакта жашап жатат. Алардын 3 миңи жер жана ссуда бөлүнбөгөндүгүнөн көчпөй жатса, 2 миңдейине жер бөлүнсө да көчө элек.


Өлкө аймагы боюнча 11 миң 32 участок кооптуу аймакка кирет. Алардын 4 миң 602си калктуу конуштарга туура келет. ӨКМ маалыматы боюнча бүгүнкү күндө 5 миң 300дөй үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт. Алардын бири Өзгөн районуна караштуу Ничке-Сай айылынын тургуну Мелис үй-бүлөсү менен тектоникалык жаракасы бар жерде жашайт. Жамгыр жааган сайын кошуна, тууган-уруктун үйүнө көчүп, кайра келип жашап жүрөт. Анткени жер азыркы күнгө чейин бөлүнүп бериле элек.

-Жамгыр жаап жатат. Айла жок жарака кеткен жерде жашап жатабыз. Негизи бизге жер берилиш керек. Бирок негедир бөлүнө элек. Жамгыр жааган сайын тууган-уруктун үйүнө качабыз. Күн жылыса кайра келебиз.

ӨКМ маалыматы боюнча бүгүнкү күндө мынтип кооптуу аймакта коркуп жашаган үй-бүлөлөрдүн саны 3 миңден ашат. Калган 2 миңдей үй-бүлө жерди да, мамлекеттен ссуданы да алган. Бирок жеке кызыкчылыгы жана кайдыгер мамилеси менен көчпөй келет. Калкты жана аймакты коргоо башкармалыгынын башчысы Алмаз Асановдун айтымында бул 3 миң үй-бүлө 2017-жылдын 1-январына чейин тизмеге киргендер.

-2017-жылдын 1-январынан баштап мамлекет ссуда бөлүүнү токтоткон. Бул 3 миң үй-бүлө ага чейин тизмеге кирген. Булардын ичинде ссуданы алса, жерди ала элек, же жерди алса, акчасын ала электери да бар. Ал эми калган 2 миңден ашык үй-бүлө акчасын убагында алып койгон, бирок көчпөй жүрөт.

Жаздын келиши менен өзгөчө өлкөнүн түштүк аймагында жер көчкү, сел коркунучу жогору болорун ӨКМ билдирет. Мунун кесепетинен жогоруда айтылгандай кооптуу аймакта жашаган калктын өмүрүнө коркунуч келет. Маселен, акыркы жуманын ичинде эле катуу жааган жамгырдан улам, Баткен, Жалал-Абад облусунун айрым аймактарында сел болгон. Маселен, Лейлек районунда бир нече жолу сел жүрүп 31 турак үй жана 34 чарбалык объектке зыян келтирип, 58 млн 800 миң сом чыгым алып келген. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматовдун билдиришинче министр Нурболот Мирзахмедов жеринен барып таанышкан. Учурда калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Баткенде 1 сааттын ичинде 5 айылга сел тарап кетти. Бүгүнкү күндө калыбына келтирүү иштери аягына чыгып калды. Биринчи күнү 12 техника, 120 киши иштесе, азыркы күндө 50 киши иштеп, 9 техника тартылган. Ушул жуманын аягына чейин калыбына келтирүү иштери аяктайт. 2 жумадай өтсө сел коркунучу жокко эсе болуп калат.

Тилекке каршы мындай айттырбай келген өзгөчө кырдаалдын кесепети адам өмүрүн алган учурлар да бар. Эске салсак, өткөн жылы 29-апрелде Өзгөндүн Аюу айылында 24 кишинин өмүрүн алган жер көчкү катталган. Алардын 9у жаш балдар болгон. Мындай учурларды алдын алуу максатында ӨКМ өткөн жылы биринчи жолу алдын ала жаракасы болгон жерлерди көчүрүп түшүрүү аракетин жасап көргөн. Министрдин орун басары Калыс Ахматов бул ыкманы алдын алуу максатында колдонуу аракети болуп жатканын айтат.

3 жолун карап жатабыз. Атайы атып түшүрүү, суу агызып, же техника менен түшүрүү иштерин былтыр жасап көргөнбүз. Жакшы жыйынтыгын бере элек. Анткени бул убакытты алат. Эгерде ушул методдорду ишке ашырсак, коркунучту азайтууга шарт түзүлмөк.

Кошумчалай кетсек, ӨКМ маалыматы боюнча акыркы 4 айдын ичинде 60 табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталып, жыйынтыгында 6 адам мерт болду.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache