Биз менен байланышыңыз

Билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жаш курагы боюнча мыйзам долбоору каралды

Кыска кабар | 30 Окт 2018 | 684 | 0

Билим берүү уюмдарынын жетекчилери 65 жашка чыкканда алар менен түзүлгөн келишим токтотулат. Бул тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде каралды.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын авйтымында, азыркы учурда мамлекеттик жана муниципиалдык билим берүү уюмдарынын 55 жетекчиси 65 жашка чыккан. Ошол эле мезгилде алар педагогикалык кызматкер катары таанылышат.

Жаш курагы 65 жашка келген мектеп директорлору кызмат ордун бошотуп берген соң, кааласа насаатчы катары иш алып бара алат.

Комитетте Эмгек кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн концепциясы жактырылып, аны биринчи окууда кабыл алуу жагы Жогорку Кеңешке сунушталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM