Биз менен байланышыңыз

Момбеков: Министрлер Илмияновдун атын атагандан коркушчу

Пикирлер | 29 Окт 2018 | 538 | 0

Өкмөттө жүргөндөр, министрлер Икрамжан Илмияновдун атын атагандан коркушчу. Бүгүн алар бийликте иштеп жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Илмиянов мамлекеттин төрттөн бирин башкарып калганы чындык. Аны баары билчү. Бирок эч ким бетине айта алган эмес.

«Азыр өкмөттө жүргөндөрдүн бетине коюп берем. Бир маселени чечип койгула десең ,баары эле Илмияновду көрсөтүшчү. Аны менен макулдашышчу. «Шопур» эмне деп жатат» деп калышчу. Алардын баары бүгүн иштеп жатат», — дейт Момбеков.

Эл өкүлү Илмияновдун тергөө органдары менен байланышып, ачылыштарды жасап жатканына  ишенбей турганын айтты.

«Чындык Икрамов аркылуу чыкпаса башкалардан чыгат. Пара берип кызмат сурагандардан сурашса айтып берет. Чыны менен иликтешсе, ишти башка нукта алып барса болот», — дейт Момбеков.

Эске салсак, 20-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Илмияновду 28-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камоо чечимин чыгарган. Ал Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча айыпталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM