Шашылыш кабар:

Мектеп курулушуна кеткен миллиондор

Мектеп курулушуна кеткен миллиондор
Билим жана Маданият
0

Айрым депутаттар мектептердин курулушунда миллиондогон каражаттар сол чөнтөктөргө кетип жатканын айтышууда. Ал эми Курулуш агенттиги иштин баары атайын коюлган сумманын негизинде гана жүргүзүлөрүнө ишендирүүдө.

Эки миллион доллар 100 миллион сомго бир мектеп

Бишкек жылуулук борборун модернизациялаган TBEA компаниясы берген эки млн долларга эки мектеп курулары айтылган. Бирок кийин Бишкектин Калыс-Ордо конушуна 660 орундуу бир гана мектеп салынган. Атайын кызматтын маалыматында Кубанычбек Кулматов андан тышкары мектептин курулушун бүтүрүү үчүн шаардык бюджеттен дагы 100 млн сом бөлүп берген. Жыйынтыгында 2 млн доллар 100 млн сомго 660 орундуу бир мектеп салынган.

Ушундан улам коомчулукта мектептердин курулушуна кетчү каражат боюнча суроолор жаралды. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев «Марал» радиосуна курган маегинде мектеп курууда анын 1 чарчы метрине 350 доллардан 500 долларга чейин акча жумшаларын айтып берди.

— Бизде бул боюнча атайын чектөөлөр бар. Кыргызстандын бардык аймактарында мектептердин курулушунда 1 чарчы метр 350 доллардан 500 долларга чейин болот. Ушундан ашырбайбыз. Бүгүнкү күндө жалпы типтүү мектептердин долбоору иштелип чыкты. Ошонун негизинде биз акчаларды үнөмдөө максатында аларды пайдаланып жатабыз.

Бир чарчы метр 1000 доллар…

Курулуш агенттигинин маалыматында Кыргызстанда жалпы 2300гө чукул мектеп бар. Өткөн жылы аталган агенттик 190го жакын мектепте спорт залдары менен кошо курулуш иштерин жүргүзгөн. Быйыл 120 билим берүү мекемелеринде оңдоо-түздөө иштери болуп жатканы кабарланды. Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрага орун басары, депутат Алтынбек Жунус уулу айрым мектептердин курулуш иштеринин 1 чарчы метри миң доллардан айланган окуялар бар экенин ачыктады.

— Алайда болобу, Ат-Башыда болобу, Таласта болобу бирдей эле мектеп салгыла деп айтканбыз. Ал мектептин ичинде спорт залы, даратканасы жана ашканасы болсун деген талап коюлган. Баасынан айырма болсо курулуш материалдарын ташып келүүдө, курулуш техникалары тартыш болгондо гана чыгыш керек. Мисалы кээ бир айылда кран жок болсо аны Бишкектен айдап барса баасы көтөрүлөт. Ушул гана себептерден баа 20 пайызга чейин айырма болушу мүмкүн. Мисалы Ошто бир мектеп салышыптыр 1 чарчы метри 1000 доллардан ашыптыр. Анын сапатын деле укмуш деп айтыш болбойт.

«Мектеп курууда коррупция көп»

Былтыр Булан институту иликтөө жүргүзүп Кыргызстандагы басымдуу мектептер 30-40-жылдары ашар жолу менен курулгандыктан абалы начар деген жыйынтык чыгарган. Аталган институттун директору Чолпон Орозобекова мектептердин абалы акырындан болсо дагы жакшырып баратканын айтат. Бирок курулган мектептердин сапаты начар экенин, курулуш иштеринде коррупция көп экенине кейийт.

— Мисалы кайсы бир райондо 250 орундуу мектеп бир баага салынып жатса ошол эле сыйымдуулуктагы мектеп башка райондо обу жок көтөрүлгөн миллиондогон каражатка салынган. Бул жерде коррупция жатат. Дегиле мектеп курулушунда коррупция көп. Биринчиден курулуштун баасын обу жок жогорулатуу, экинчиден курулуш компаниялары сапатсыз материалдарды колдонуп кийин директордун колун койдуруп алып туруп 1 жылдын ичинде жоопкерчиликтен чыгып кетип жатат. Эч кандай ачыктык жок, тендер ачык өтпөйт. Ушунча каражат кетип жатат бирок сапат кайда? Алайдан, Кочкордон жаңы курулган мектеп салынгандан кийин балдары кире элек жатып бузулуп баштаган мисалдар толтура.

Билим берүү мекемелеринин курулушуна өткөн жылы 6 млрд сомго жакын акча каралган экен. Архитектура жана курулуш агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевдин билдиришинче акыркы үч жылда 200гө жакын мектептин үстүнөн иш жүрүп жатат. Алар Жер-үй кенинен түшкөн акча жана бюджеттен бөлүнгөн каражыттын эсебинен салынууда. Ал эми бир эле типтүү мектепти салууга эки башка каражат сарпталып жатканын жер кыртышына байланыштырып жатат.

— Кээ бир жерлерде мектептин пайдубалын жердин астынан 3-4 метр өйдө көтөрүп жатабыз. Кээ бир жерлерде 1-2 метр болуп калат. Бул жердин кыртышына байланыштуу. Ошондой эле сууга, канализацияга кошулат, жарык тартып келиш керек. Алар алыстан тартылып келсе дагы акчадан өзгөрүүлөр болот.

Кубанычбек Кулматовдун ишине келсек ал ТВЕА компаниясы мектепти курууга 2 миллион долларды өзү пайдаланганын, мэриянын эсебинен бир тыйын которулбаганын айтып жатат. Кулматов мэрия суу, свет жана канализация киргизүүгө 100 миллион сом бөлгөнүн ырастады. Эске салсак ал 2014-2016-жылдары калаа башчысы болгон.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache