Шашылыш кабар:

Фронтбек кызы: Аалымдар сүйүүнү он экиге бөлүп келишет

Фронтбек кызы: Аалымдар сүйүүнү он экиге бөлүп келишет
Босого
0

«Марал» радиосунун “Босого” программасынын бул жолку чыгарылышында “Мутакалим” прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы жана Мааткабыл уулу Шаршенбай ажы атындагы “Ынтымак” медресесинин мугалими Абдубасир ажы Гапаров менен адамгерчилик жана адамзатты сүйүү жөнүндө ой бөлүштүк. Берүүнү саясат талдоочу Орозбек Молдалиев алып барды.

Уктуруу «Демократия жана дин»: Тең жана байистүү добуш аркылуу баарлашуу» долбоорунун алкагында даярдалды. Анын башкы максаты — Кыргызстанда бирдиктүү демократиялык коомду тарбиялоо жана буга кызыктар болгон тараптарды тартуу. Айрыкча жаштардын радикалдашуусуна жана экстремизмге кошулушуна бөгөт коюу болуп саналат.

Фронтбек кызы:

Ислам – тынчтыктын дини…

Мусулмандардын жакшы сапаттарынын бири — мээримдүүлүк, боорукердик. Мусулмандарды боорукер болууга чакырган аят, хадистер көп. Алсак, Пайгамбарыбыз (сав) өзүнүн неберелерин өөп жатса аны көргөн бирөө “менин он балам бар, аларды эркелетип өппөйм” дегенде Аллахтын элчиси “бирөөгө мээримиң түшпөсө, сага да мээрим түшпөйт”деп айткан. Ошондуктан мусуламандар жакшы сапаттарыбызды көрсөтүшүбүз керек. Жашоо өзгөрүлүп, глобалдык чоң саясаттар болот экен. Буга кээ бир учурда тиешеси жок адамдар тиешелүү болуп калышы да мүмкүн. Бул өзүнчө чөйрө. Адамдар канчалык мээримдүү болуп, туура ой жүгүртсө, мамлекеттин ата-энесин, жашаган жерин, динин сүйсө өнүгүү болот. Сүйүүнүн көп тарабы бар. Мамлекетти, динди сүйүүнү көбүрөөк даңазалашыбыз керек. Ар бир адамдын ички дүйнөсү болуп, ошону жакшы көрүшү зарыл. Ал адам аткарган иштерди сүйүшүбүз керек. Көзүбүз көбүрөөк жакшы нерселерди көрүп, сүйүнө турган даражага жетишибиз кажет.

Аалымдар сүйүүнү он экиге бөлүп келишет…

Алардын алгачкылары Аллахка жана Пайгамбарыбызга (сав) болгон сүйүү. Мындан сырткары, билим алууга дагы чоң сүйүү болушу зарыл. Билими жок адам өзүн жараткан Аллахты да тааный албайт. Бул дүйнөнү түшүнүүгө, ой жүргүртүүгө аракет кылып, билим алууга умтулуусу кажет. Анткени сабатсыз адам динге зыянын тийгизип калышы мүмкүн. Үй-бүлөдө балдарга, неберелерге болгон сүйүү дагы өзгөчө. Бул жерде сүйүүгө мээримдүүлүк, сый, түшүнүктүүлүк сыяктуу жакшы сөздөрдү синоним катары айта алабыз. Ата-эне мээримдүү болсо балдарына жакшы мамиле кылат. Мамлекетке болгон сүйүүнү мекенди коргоо, колдоо көрсөтүү менен далилдей алабыз. Өлкөнү гүлдөтүп койгон соң “мен мамлекетти сүйөм” деп айтсак болот. Азыркы учурда креслодо отуруп алып баары мекенчил. Өздөрү жумуш жасабай бирөөлөрдүн кылган иштерин сындагандар көп. Шаарды эч ким сүйбөйт, анткени эч ким көчөлөргө гүл, дарак тикпейт. Тигилген гүлдөрдү уурдап жатканыбыз аң сезимдин жардылыгынан, төмөндүгүнөн. Эгерде адамдын критикалык ой жүгүртүүсү көтөрүлбөсө эч качан сүйө албайт. Ал Кудай берген белектердин кадырын биле албайт.

Эл уксун деп жашап калдык…

Сөз менен “апамды сүйөм, атамды сүйөм” деп айтып коюшу мүмкүн. Бирок СССР тараганда өлкөдө 39 мечит болсо, азыр алардын саны 2834кө жетти. Союз мезгилинде баары намаз окубаса да, динге сугарылбаса да бир да мусулман ата-энесин карылар үйүнө алып барган эмес. Карылар үйүндө жашагандардын 90 % кыргыз улутундагы мусулмандар. Ал жактагылар ачык эле балдары, кызы урганын айтып жашап жыташыт. Биз кылган иштерди эл уксун деп жасап калдык. Дин күчөп, шарттар түзүлгөнү менен натыйжа аз болуп жатат. Демек, биз иштерди чын жүрөктөн жасабай жатабыз же жасалма кылып жатабыз. Отуруп анализ жүргүзүш керек. Медреселердин саны өстү, аалымдар да көбөйдү. Биз айткандарды жаштар кабыл албай жатса, сөздүн ордуна иш менен үлгү болсок пайдалуу, балким. Мусулмандар жашаганын далилдеп, көчөбүзгө гүл тигели. СССР Кыргызстандын мамлекет болуп түптөлүүсүнө көп салым кошту. Эгер бул союзга бирикпесек башка жака кичинекей афтономия болуп кирип калышыбыз мүмкүн эле. СССР учурунда биз өзүнчө мамлекет болдук. Тарыхты карасак болгон окуялардын пайдалуу жактары да бар. Кыргызстанда жашап жаткандыктан мамлекеттин майрамдарына сый урмат көрсөтө билишибиз абзел. Эмне үчүн мекенди коргойм деп каза тапкандарды сыйлап, аларга Куран окутуп койбошубуз керек? Бизде бирөөгө жакшы мамиле кылуу, тилек айтуу азайып бара жатат. Мүмкүн биз алган билимибизди амал кылбай жатабыз…Ибадат кылуу боюнча коркуу сезимибиз азайып, напсибизди шайтанга алдырып жатат окшойбуз. Көпчүлүк учурда эл көрсүн деген түшүнүк менен жашап калдык.

Биз светтик же диний билимди толук албай жатабыз…

Улуу инсандардын, белилүүлөрдүн атын көчөлөргө беребиз да, кайра эле алмаштырып отура беребиз. Андан көрө көчөлөргө номур коюп койсок бюджеттен да аз каражат кетмек. Кыяматтын белгилери жакындады. Ажылык сапарга кайра-кайра баруунун ордуна башкалардын баруусуна шарт түзүп берсе же башкаларга колдоо көрсөткөнү жакшы. Биз же светтик билимди же диний билимди толук албай жатабыз. Ошондуктан баалуулугубуз жок. Коомчулукта деградация болуп жатат. Өз баалуулуктарыбызды акча менен эсептеп калдык. Коомдо «молдо идеалдуу болуш керек» деген стереотип бар. Жолук салган кызды көрсөк да бүт жагы жакшы дейбиз. Китепте мындай, сенде андай эмес деп чыга калышат. Ислам — таза дин. Ал кынтыксыз, биз ага жетпей калышыбыз мүмкүн. Диний адамдар дагы өзүбүзчө чөйрө түзүп алганбыз. Башка жакта эмне болгонун түшүнбөйбүз. Мамлекетте мыйзамдар аткарыла турган болсо дин эркиндиги болот. Жашообуз күчтүү болсун десек, мамлекет кубаттуу болушуна шарт түзөлү. Ошондо гана жакшы жашайбыз, анткени Кыргызстанда Исламдан башка да дин өкүлдөрү бар. Азыр карабасак, башка диндер ортосунда көйгөй  чыкса, бизге мыйзам керек болот. Бир тараптан өз укугубузду коргосок, башкалардын укугу тебелене баштаганда чыр чыгат.

Абдубасир ажы:

Сүйүү, жакшы көрүү сезими Ислам динине сиңгенин көрө алабыз…

Аллах Куранда Пайгамбарыбызды (сав) бул аалам үчүн падыша же өкүмдар болуу үчүн эмес Рахмат (мээримдүү) кылып жибергенин айтат. Бул жерде ааламдашуу дегени глобалдашууга төп келет. Демек, Ислам бир гана мусулмандар үчүн эмес, бүткүл аалам үчүн глобалдуу дин экенин түшүнө алабыз. Буга кошумча, Ислам бизди курчап турган чөйрө, жан-жаныбарлар үчүн дагы мээрим экенин билебиз. Пайгамбарыбызды (сав) «мээримдүүсүң» дебей ырайымдуулуктун өзү экенин айтканында кеп бар. Бул дагы көңүл бура турган нерсе. Бирөөге “сен акмаксың” деп айта берсе ал акмак болуп калгандай эле динди да жамандап, “Ислам – террор, ал күч колдонот” деп айтып отуруп акыйкат жоголуп бара жатат. Исламдан алыс болгондордон ушундай абалды көрүүгө болот. Алсак, Батыштагылардын мучулмандарга кылан мамилеси далил боло алат. Экинчиден, өзүбүздүн сабатсыз мусулмандар да ооп бара жатышат. Бул учурда Ислам боорукерликтин, сүйүүнүн дини экенин даңазалоо маанилүү. Пайгамбарыбыздын (сав) өмүрү ырайымдуулук менен өткөн. Ашыкча күч колдонууну же ташбоордукту тандап алган эмес.

Мусулмандардын сүйүүсү Аллахты сүйүүгө жетелеши зарыл…

Сүйүү тууралу көп аят, хадистер болгон. Пайгамбарыбыздын (сав) аттарынын бири Хабибуллах – Аллахтын сүйүктүүсү деп атылган. Бир хадисинде Аллахтын Элчиси (сав): “Силер бейишке кире албайсыңар, эгер ыйманыңар толук болмоюнча. Бири-бириңерди жактырмайынча ыйманыңар толук болбойт” деген. Демек, мусулмандардын ортосунда бир туугандык, диндештик сүйүү болушу керек. Бул сүйүү бир туугандары, досторунун арасында гана чектелбейт, сүйүү чет өлкөдөгү мусулмандарга да жетиши мүмкүн. Керек болсо ааламга сүйүү сезимин алып жүрүү кажет. Мындан сырткары, динде Аллахты сүйүү деген түшүнүк бар. Бул теманы иликтеген аалымдар “Аллахка ашык болуу, Аны жактыруу” деп айтышып койгон. Аллахтын сүйүүсүнөн башка ой калбастан ээрип кетүү деп түшүнүшкөн. Мусулмандардын сүйүүсү Аллахты сүйүүгө жетелеши зарыл. Алсак, аялын да Аллахты сүйгөнү үчүн жакшы көрүү дегендей. Муну менен катар эли, жерди сүйүү деген маселе бар. Пайгамбарыбыздын (сав) Меккени сагынганда айткан хадистери бар. Мединага кайтып келе жатканда да үйлөр көрүнө баштаганда сүйүнгөнүн билдирип, унаасын чапкылап койчу экен. Динибиз сүйүүнү да туура багытка салып, айрым чектөөлөдү киргизип койгон. Айтсак, бирөөнү жакшы көргөн адам шарыяттын мыйзамдарынын чыгып кетпеши зарыл. Андай болсо эрксиздик кылып, напсининин буйругун аткарган абалга түшүп калат.

Руханиятты изилдеген илим өнүкпөй жатат…

Динде бир түзүлүштүн же окуянын жакшы жагын көрө билүү деген нерсе бар. Дайыма жаман көз карашта болбой, жакшы ой жүгүртүү маанилүү. Бардык нерсенин пайдалуу жактарын алганга аракет кылалы. Башкалар менен толеранттуу мамиле куруп жашай алуу маанилүү. Бири-бироибизди айыптасак да бир диалогго келишибиз керек. Фактыларды бурмалабай, болгонун болгондой айтып, кабыл алууга көнгөн жакшы. Биз 70 жылдай катуу тартиптер, чектөөлөрдүн арасында туруп бир учурда эле эркиндикке ээ болдук. Бул учурда адамдар стресске кабылды өңдөнөт. Негизи дин илимдери үчкө бөлүнөт. Биринчиси, адамдын ишенимин коргогон, экинчиси, адамдын амалдары менен байланышкан, үчүнчүсү, адамдын жан дүйнөсүн жөнгө сала турган илимдер. Бизде руханиятты изилдеген илим өнүкпөй жатат. Пайгамбарыбыз (сав) чыныгы байлык жан дүйнөнүн байлыгы экенин айтат. Бул жаатта кемчилик бар бизде. Ислам тарыхын карасак, бул тармакта жасалган эмгектер көп. Суфилер адамдардын жан дуйнөсүн байытканга, руханиятын толтурууга аракет кылган. «Адам тааныбаган нерсесине» душман деген сөз бар. Диалогдон эч качан качпаш керек.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache