Биз менен байланышыңыз

Жапарова: Китепти басып чыгарарда сырткы экспертизага бериш керек

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Окт 2018 | 684 | 0

Китептерди басып чыгарарда сырткы экспертизага бериш керек. Себеби басмаканаларда бардык предметтер боюнча адистер жок. Мындай пикирин «Кутаалам» басмаканасынын директору Бегайым Жапарова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, китеп басып чыгарууда көпчүлүк жумуш басмаканага жүктөлөт.

«Бардык жумушту аягына чейин басмакана жасайт. Кыргыз билим берүү академиясы китептерди орусча сыноодон өткөргөн эмес. Эреже боюнча жаны чыккан китеп 1 жылдык сыноодон өтүшү керек. Бирок андай болбойт. Алсак, 1-класстын китептери 1 ай дагы сыноодон өткөн жок», — дейт директор.

Ал белгилегендей, авторлор жалпы стандартка таянып китеп жазат. Бирок алар  эмгегин ар кандай методика менен түрдүү стилде жазып беришет. Ар биринин өзүнө тиешелүү технологиясы болгондуктан башаламандык орун алып жатат. Ошондуктан бир технологияны таап, авторлорго байланыштырып берүү зарыл.

Эске салсак, буга чейин 5-6 класстардын табият таануу жана география китептеринде интернеттен алынган сүрөт, эскирген маалыматтар жана грамматикалык каталар табылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM