Шашылыш кабар:

Сариев: Мен да адаммын, албетте ыза болгом…

Сариев: Мен да адаммын, албетте ыза болгом…
кечээ. бүгүн. эртең
0

«Марал» радиосунун “Экстер менен экскюзив” программасында мурунку премьер-министр Темир Сариев менен маек курдук. Уктурууну Майраш Базлакунова алып барды.

— Бишкек ЖЭБин иликтеген депутаттык комиссия ишин жыйынтыктады.  Анда жылуулук борборундагы абалга тиешелүүлөрдүн арасында сиздин да атыңыз аталды. Айтсаңыз, ЖЭБди модернизациялоо ишине канчалык таасириңиз, тиешеңиз болгон?

— Бул маселе 2013-жылы мен Экономика министрлигин башкарып турганда коюлган. Анда негизинен Энергетика министрлиги иш алып барган. Алар өздөрүнүн сунуштарын, долбоорлорун бизге жөнөтүшкөн. 3 министрлик кайчы пикирин айткан. Экономика министрлигине макулдушуу кагазын бергенде менин колум менен кеткен. Ал жерде “TBEA компаниясына түз берүү опурталдуу болуп калат. Кытай ишканаларынын ичинен тендер өткөрүп талдоо зарыл, TBEA компаниясын эки чоң ири долбоорду алып барууда. ЖЭБ курууга булардын тажрыйбасы жок. Ошондуктан сөзсүз түрдө тердер өткөрүш керек”   деген сунуш менен жибергенбиз. Бирок өкмөт — коллегиалдуу орган. Алардын ой-пикири эске алынып, көпчүлүктүн добушу менен модернизация иштерин TBEA компаниясына берүү боюнча чечим кабыл алынган. Ал эми менин көз карашым тендер өткөрүү болчу. Кийин премьер-министр болуп иштеп турганда 2015-жылы ноябрь айында оңдоо иштери жаңы гана башталган. Мен реконструкция иштеринин башына катыштым. Ал эми негизги иштер 2016-17-жылдары болгон.

—  Депутаттык комиссия канчалык деңгээлде ачык-айкын, калыс иштешти?

— Бир депутат “Баарыңарды куттуктайм. Биз 7 — кабаттын көзөмөлүнөн кеттик. Азыр баарыңар эркин сүйлөп жатасыңар” деп тамаша иретинде айтты өңдөнөт. Ар бир депутат өзү кызыккан суроону, көз карашын айтат. Парламенттин табияты ушундай. Ар тараптуу сурап жатып чындыкты же кошумча маалыматтарды угушат. 3 күн талкууланып, бир топ меселелер чыкты. Аяганда ким түз кийлигишип, ким буйрук бергени, үстөмдүк кылгандар да айтылып жатты. Кылмыш иши козголгон, эми анын алкагында калгандары чыкса керек.

— Атамбаев бийликтен кеткен соң көп саясатчылар ачык сүйлөп, таарынычын да ачык айтып жаткандай ой калтырат. Эксперттер коомчулугу мындай жагдайлар ЖК депутаттарынын арасында да байкалганын белгилеп жатышат. Сиз өкмөттү башкарып турганда мурунку президент тарабынан түздөн-түз кийлигишүү болчу беле же таасирин сезчү белеңиз?

— Президент мамлекеттин башчысы болгондуктан албетте таасири бар. Анын үстүнө Атамбаев парламенттеги көпчүлүк каолиция менен тыгыз мамиледе болуп, КСДП да өкмөттү түптөп турду. Албетте Атамбаевдин таасири чоң, аны жашырып болбойт. Мен өкмөт башчы катары ири маселелерди макулдашчумун. Башкалар үчүн айта албайм, бирок мага түздөн-түз көрсөтмө берген эмес. Бирок кандайдыр бир маселе боюнча кеңешип калганда өз оюн айтып калчу. Кээде президенттик аппараттын башчысы телефон чалып “бизде ушундай ой бар эле, сиз кандай көрөсүз” деп калчу. Мен көп көз каранды болбой өз алдынча чечкиндүү кадам жасаганым өкмөттөн кетип калышымдын негизги себептеринин бири болду.

— Бирок өкмөт башчы болуп кызматка келгениңизде сиздин аркаңызда парламентте таяна турган күчтү сезгенибиз жок. Айтайын дегеним сиздин партияңыз парламентте отурган жок. Сизди колдогондордун жоктугу дагы кызматтан кетишиңизге себеп болгон жокпу?

— Жок. Партиясы барлар да кетип жатпадыбы. Бабановду 8 ай иштегенде эле кетиришти. Жоомарт Оторбаев “Ата-Мекен” партиясынын мүчөсү эле, ал да кетти. Парламенттеги фракциялардын колдоосу болот, бирок Атамбаев парламент менен тыгыз иштеп, көпчүлүк ага толук баш ийчү. Өткөрөм дегенин өткөрүп, каалабаганын өткөрбөй койчу. Ал жышыруун эмес. Көзүң турса жакшысың , өзүң кеткен соң ар түрдүү сөздөр айтыла баштайт. Тилекке каршы кыргыз саясатынын табияты ушундай.

— Атамбаев президенттикке келген жылдардын башында ЖК  менен жакшы мамиледе болгон эмес эле. Ушул эле көрүнүш А.Акаевде , кийин К.Бакиевде да кайталанып, депутаттар менен тил табышуусу оор болгон. Азыр бул жагынан айырмаланып Жээнбеков менен парламенттин ортосунда лоялдуу мамиле түзүлүп калды. Парламент бардык тарабынан президентти колдоп жатат. Мунун сыры эмнеде болушу мүмкүн?

— Башыбыздан чоң өзгөрүүлөрдү өткөрүп жатабыз. Эки жолу парламенттик шайлоо болуп, тынчтык жолу менен келди. Экинчи жолу президенттик шайлоо болду, бул биз үчүн чоң сыноо. 2005-2010-жылдары бийлик башкача шартта өзгөргөн. Азыркы өзгөрүүлөрдү Кыргызстандын жаңы тарыхынын баракары деп койсок болот. Атамбаев башында 2 жыл парламент менен тирешип кыйналды. Анда “Ата-Журт” сыяктуу күчтүү оппозициялык партиялар, Ө.Текебаев сыяктуу алп депутаттар болчу. Ал учур Атамбаеге оңой болгон жок. Бирок кийин кандайдыр бир ыкмалар менен парламентти өзүнө толук багындарып алды. 2015-жылы өзү каалагандай шартта тизмелерди бөлүштүрүп парламентке алып келгенге мүмкүнчүлүк түзүп алды. Ачыгын айтыш керек, шайлоодон өтүп келген фракциялардын тизмесине да кийлигишкен. Эки жыл кыйналса да 3 жыл үзүрүн көрдү. Анткени парламент толук колдоп берип, Атамбаев каалагандай башкарды. Ал эми Жээнбековдуку бираз башкача болду. Атамбаевдин “Жээнбеков башкара албай жатса тартипке салып коём” дегени элди, саясатчыларды кооптондурду. Мындайда элдин назары, оюу Жээнбековду көздөй ооп кетти. Эл президенттин эртерээк ыйгарым укукка ээ болуп, өзү башкаруусун күтүп калды. Муну Жээнбеков өзү да калаап тураган эле. Кыска мөөнөттө коомдук пикир туура түзүлүп калды. Экс-президент сайга сүт кошкондой кылып, боёктоп койду. Өзгөчө КСДПнын 31-марттагы пресс конференциясында көп нерселер ачык, катуу формада айтылып кетти. Мына ошонун негизинде коомчулук, интеллегенция, парламентте көпчүлүк Жээнбеков жака ооп кетти. Азыр реформаларды жасоого абдан жакшы шарт түзүлүп турат. Анткени элдин ишеними артылып, колдойм деп турат. Чоң реформалар кыйынчылык менен өтөт. Президент аны көтөрүүгө даяр. Эгер бул учур кетип калса кийинчерээк кыйын болуп калат.

— Мурунку  жана  азыркы  ажолор ортосундагы тиреш токтоп, баары жайына келет деп айта алабызбы?

— Эми Жээнбековдун бийлиги, кубаттуулугу, таасири күчөйт. Бийлик да колунда болгондуктан иши илгерилейт. Ал эми Атамбаев экс-президент катары өз ордун табуусу зарыл. Бирок бул оңой эмес. Мурункудай сый урмат кетип баратса аны көтөрүү кыйын. Биз башыбыздан өткөрүп жатабыз. Роза Отунбаева дагы кыйналды. “Өлгөнгө көмгөн” кылып ал кыйналып жатканда бир топ катуу сын-пикрлерди айттылып, сүрүп чыгаруу аракети болуп калды. Бирок баарына чыдады. Атамбаев да чыдашы зарыл. Жээнбековго доомат койгону болбойт. Анткени шайлоо убагында баары иштеп, жардам берет. Өтүп кеткен соң ал президент болуп, элдин милдетин алып жатат. Ал эл астында программасын айтып жоопкерчилик алууга. Ага эч ким тоскоол болбошу керек. Себеби президенет да 6 жылдан кийин эл алдында жасаган иштери тууралуу жооп берет. Бул жерде кынтык издеп, бирин-бири кайраштыруунун кереги жок. Мамлекет үчүн туруктуулук маанилүү. Биз ушулар аркылуу бийликтин аброюн түшүрүп жатабыз. Бирөөгө жакса да, жакпаса да шайланган президентти “биздин өлкө башчы” деп айтуу зарыл. Ал – мамлекеттин символу. Кандай болсо да жардам берүү маанилүү, эгер биз өнүгүүнү кааласак.

— ЖЭБдеги жагдайдан кийин эле айрым депутаттар экс-президенттен ыйгарым укуктарын алуу маселелесин көтөрүп чыгышты. Корутундуга дагы бир токтомду токуп беришти. Ага 114 депутаттын 87си макул деп карап жатат. Бул мыйзамдаштырылып, ишке ашып кетиши мүмкүнбү?

— Мыйзам кабыл алынышы мүмкүн. Бирок ал мурунку президентке тиешеси болбой калат. Мыйзам артка кайрылып иштебейт. Мыйзам ишке кирсе экс-президентке моралдык жагынан катуу маселе болуп калат. Иликтөө иштеринде Атамбаевди чакырып, айрым маселелерди тактайт да, бул жагынан кыйын болуп калат. Атамбаев маселелерди буга жеткирбей,  журналисттерди чогултуп, элге кайрылуу жасап койсо болмок. Экс-президенттин статусуна да кирет. Айбек Калиев менин колумда да иштеп калды. Бажы биримдигине киребиз дегенде бардык сүйлөшүүлөргө катышып жүрдү. Калиев — патриот, Кыргызстан үчүн күйгөн бала. Азыр аны күнөөлөп камап коюшту. Биз жаштарды алып келебиз, жакшы балдар болсун дейбиз дагы Момбеков айткандай, “жегендер эмес дегенгдер” камалууда. Камалгандарга ата-энеси, балдары убара болуп жатат. Ушулардын баарын жаап туруп эле, Атамбаев “мен башында туруп, сүйлөшүүнү кылгам, министрликтерге сунушумду айткам” деп айтып койсо мүмкүн көп маселе жабылып калмак.

— Анда жоопкерчиликти ким тартышы керек эле?

— Жоопкерчиликти ал мүмкүн түшүндүрөттүр. Бобосо “укук коргоо органдарына өткөрүп бергиле алар иликтеп чыксын” деп айтышы зарыл эле. Иликтенип жаткан маселелерге кийлигишүү болду да. Мурунку президентти айтып жатам. Көп учурларды саясий боёк болуп кетти. Эми бүгүн сотторго ишенбейм, алар көз каранды” деп айтышы мүмкүн. Чынын айтканда сотторду көз каранды кылган убагында бийлик өзү болгон.

— Ушул жагдай пайда болгон соң депутаттардын мурунку бийлик менен кийинки бийликке болгон мамилеси өзгөргөнүн белгилеп өттүңүз. Кезегинде экс-президент Алмазбек Атамбаев түзгөн КСДП партиясы   көпчүлүгүн жетелеп, өстүрдү. Бирок алардын оюу өзгөрүп кетти. Муну моралдык жактан караганда саткынчылык кылып кетишти деп кабыл алса болобу? Саясатчы А.Бекназаров дагы мурда Акаевдин жанында жүргөндөр Бакиевке өткөнүн, эми Атамбаевди колдогондор Жээнбековго ооп кеткенин айтты…

— Саясатта көп учурда кызыкчылык өйдө көтөрүлүп кетет. Бүгүнкү саясатты да туура  түшүнүш керек, кызыкчылыкка алдырып ийип жатышат. Буларды өзгөртүүгө бир топ убакыт, жол керек. Бизде классикалык  үлгүдөгү  партия жок болуп жатат. Баары эле кызыкчылык менен чогулган топ болууда. Атамбаев 25 жылдык партиялык тарыхы болгонун бүгүн көрсөттү. Анткени КСДПга депутат болуп келгендерди карап көрсөңөр ал жерде аталган партиянын мүчөлөрү сейрек кездешет. Калгандарынын баары ар түрдүү партиядан келгендер. “Ак жолдун” да, “Алганын” да мүчөлөрү бар. Саясий партиялар алсыз болуп жатат. Парламентти партиялар түптөсө ал өкмөттү түптөп жатат. Ошондуктан басымды саясий партияларга жасашыбыз кажет.

— Азыр “Ак шумкар” саясий партиясын жетектеп жатасыз. Бул партиянын бир топ шайлоолордо жеңишке жетпей калганынын түпкү себеби эмнеде?

— 2010-жылкы парламентттик шайлоону алсак, биз ал жерден чынчылдыгыбыздан, тазалыгыбыздан жеңилдик. 2015-жылкы шайлоого катышкан жокпуз. Ал эми былтыркы президенттик шайлоодо жеңилдик. Мен аны мойнума алам. Шайлоодо катышып жүргөндө кооз сөздөрдүн баарын айтпадыкпы, “бийликке келсек жыргатыбыз, эл үчүн күйөм” деп. Мына эли-жери үчүн күйгөнүн бийликке келбесе дагы көрсөтүш керек. Өтпөй калсаң эле баары жаман боло бербеши зарыл. Менин эч кимге таарынычым жок. Шайлоодон өтпөй калганда 6 жүзгө жакын адамды чогултуп, мага иштегендердин баарына ыраазычылыгымды билдирип, аларды да сооротуп, өзүм да сооронгом. Бирок кыйын, ичиң күйүп турат. Өтпөй калганыбыздын себеби Сариевдин жамандыгынан же анын алсыздыгынан эмес. Көп учурда партиялар мыйзамсыз жолго барып, шайлоо баракчаларын тобу менен ташташкан. Участкалык комиссиялар туура иштебей мыйзамды орой бузгандыгынан келип чыккан.

— Бул жолку президенттик шайлоо дагы мыйзамсыз иштер менен өттү деп эсептейсизби?

—  Мыйзам бузуулар болду. Бирок мурункудай протоколду эч ким жасаган, бюллетендер ыргытылган жок. Бул жерде акча ойноп кетти. Акча берүүнү да мыйзамдаштырып алды. Андан сырткары, ЖМКдар да бир жактуу болуп туруп алышты. Мамлекеттик ЖМКлар мамлекетке оогон адамдарды колдоду. Жеке менчик аналдар да бир тараптуу кетип калды. Ошондуктан шайлоо мыйзамдарына, үгүт иштерине чоң өзгөртүүлөрдү киргизиш керек. Гезиттерди да сатып алып жатышты. Бул биздин басып өткөн жолубуз, мен ага таарынбайм. Тескерисинче жыйынтык чыгарып, кийинки кадамдарды алдыга ташташыбыз зарыл. Анткени мамлекетти өзгөртүп, өнүктүрүшүбүз кажет. Мен өкмөт башчы болуп иштеп жатканда негизги максатым ошондой болчу. Көп иштерди баштаган элек. Балыкчы-Корумду жолунун тендери туура өткөн. Азыр бары далиденип жатат. Убагында мени күнөөлөшкөн эле.

— Балыкчы-Корумду жолун негиз кылып сизди ээрден оодарганга Атамбаевдин салымы болгонбу жа парламенттеги саясий күчтөр биргеликте иштеп кеткенби? Кандай анализ кыласыз?

— Ал убакта Атамбаевдин таасии күчтүү болчу, ансыз бир дагы маселе каралчу эмес. Экөөбүз сүйлөшкөндө ал ачыгын эле айткан. Мен саясия чыңалууга алып келүүдөн алыс экенимди айтып, сапарым карысы өз аразым менен кете турганымды билдиргем. Аткени мени кетирүү чечими кабыл алынганын түшүнүп турдум. Ошондо Атамбаев “Темир, мен түшүнүп турам, Балыкчы-Корумду жолунда эч кандай мыйзам бузуу болгон жок” деген. Себеби биз экөөбүз кеңешип, макулдашкан сон гана иштерди баштагам. Бүгүнкү премьер-министр дагы президент менен кенешип турушу зарыл. Анткени президент мамлекет башсы катары эмне иштер болоорун билиши керек. Ошол эле ЖЭБ маселесинде да кеңешүү, сүйлөшүү болгон.

— Айтыңызчы, сизге оппонент болуп, кызматтан кетишиңизге салым кошкондорго карата анын ичинде экс-президентке карата таарыныч же ыза барбы?

— Жок. Биз саясатта жүрөбүз. Кетип жатканда менин дарегиме жүйөсүз катуу сын-пикирлер айтылды. Албетте, ичиң ачышат. Анткени мен да адаммын. Мен үчүн уят, намыс, жоопкерчилик абдан жогору турат. Мен жоопкерчиликти өзүмө алган адам катары тарыхта калдым. Бул жөн гана куру сөз эмес, баары билишет. Менде да ага-тууган, үй-бүлө бар. Алар да ыза болушту. Кыйын болсо да саясатка барган соң көп нерсеге чыдаш керек. Кайым айтышып, кайра чыгып актансам туура эмес болмок. Бүгүн убакыт Сариевди актады. Азыр мен көчөдө эркин басам. Таарыныч кармоонун кереги жок. Мен эч кимге кек сактабайм.

— “Ак шумкардын” келечеги кандай болот?  Партияны кийинки шайлоого даярдап жатасызбы же айрым кесиптештериңиздей башка партияларга секиресизби?

— Биз партия менен даярдык көрүп жатабыз. Өзүм да активдүү болуп ЖМКлар аркылуу орчундуу ойлорумду айтып жүрөм. Шайлоого дагы эки жылдай убакыт бар. Жергиликтүү шайлоо болуп калат, биз сөзсүз түрдө катышабыз. Мен саясаттан кетпейм. Тажрыйбам, билимим, мунөзүм буга мүмкүнчүлүк берет. Башка партияларга кошулуп кетүүнү өөн көрбөш керек. Шайлоолордун астында сүйлөшүүлөр болот. Биз да башка партия, саясатчылар менен сүйлөшүп, бир чечимге келебиз. Мен башка партияга кирип кетем деп айта албайм. Башка партиялар менен биригип жаңы ат менен чыгышыбыз мүмкүн. Бирок “Ак шумкарды” таштап башка партияга кирип кетпейм. Анда мага болгон ишенич кетип калбайбы. Муну жалгыз мен чечпейм, аны саясий кеңеш, паптиянын мүчөлөрү чечет.

— Кандай ойлойсуз, өкмөт башчы алмашканда ал мурунку премьер-министрдин ишин улантуусу кажетпи? Экономика туруктуулукту сүйөт эмеспи. Бирок мурунку кишини өзүнүн оппоненти катары көргөн жагдайлар бардай таасир калтырат…

— Тилекке каршы ушундай. Келген адамдан да көп нерсе көз каранды болот. Мен келгенде өкмөттүн жакшы жагын алып кетип, туура эмес жагын оңдой турганымды айткам. Бир да жолу “буга мен жооп бербейм, аны мурунку өкмөт кылган” деп айткан эмесмин. Айтпайм дагы. Сенин учуруңда болгон бардык ишке жоопкерчилик аласың. Сен кеткенден кийин келген өкмөт өзү келген убакыттан тарта жооп бере баштайт. Биз ушуга көнөлү. Мурун иштеп кеткенди тепкилеп, жамандаган жакшы нерсе эмес. Атамбаев кетип калган соң аны эле тепкилебеш керек. Биз иштеп кеткен жетекчилердин ишин баалай билели. Иштеген адамдын барында катачылык болот. Бирок туура эмес иш кылып, кыянаттык кылса анда мыйзам алдында жооп бериши шарт. Түптөп жаткан жаңы маданияттын эрежелери бекемделиши зарыл. Ошондо бийликтен кетүү таргедияга айланбайт. Өнүккөн мамлекеттерде бийлик тынчтык түрүндө алмашып турат. Кылмыш кылбаса жөн эле куугунтуктаганды токтотуш керек. “Акаевчил”, “Бакиевчил”, “Атамбаевчил” дегенди токтотолу. Биз бир элбиз.  Алдыда чон максаттар турат. Биз мактангандай мамлекет курушубуз шарт. Мен буга көмөк көрсөткөнгө даярмын.

— Сиз мамлекетке патриоттук менен иштеп берүүгө даярмын деп жатасыз, сизди бийликке чакырган сунуштар болдубу? Айрым ЖМКлар “Сариев Бишкек шаарынын мэри болот экен” деген сөздөрдү да чыгарып жиберишти. Чын эле сунуш түшүп жатабы?

— Булар ушак. Мен буга чейин иштеп келгем, курагым да жаш, тажрыйбам бар. Мамлекет үчүн иштегенге даярмын. Сунуш болуп калса карап көрөм, балким шайлоо аркылуу бийликке барам. Бирок биз саясаттан кетпейбиз. Анткени бизди колдогон күйөрмандар бар. Шайлоочуларды жокко чыгара албайбыз. Мен жоопкерчиликтен качкан эмесмин. Кандайдыр бир сунуш болсо карап көрөм. Саясатта коомдук ишмер болуп жүрө беребиз, саясий партиябыз да бар. Ар түрдүү багытта көмөк көрсөтүүгө даярбыз. Болбосо алдыда шайлоого барабыз. Муну трагедия катары кабыл албаш керек.

— Бир топ жооптуу кызматтарда жүрдүңүз, сизге пара сунуш кылган учурлар болду беле?

— Жок, мени тааныган адамдар билет. Финансы министрлигинен кандай иштегенимди сурасаңар айтып беришет. Өкмөт башчы болуп турганда бирөөнүн чайын ичкен жокмун. Өкмөттөн кетип жатканда мүчөлөрдү чогултуп алып “ар бириңердин көзүңөргө тик карап айта алам. Бирөөңөрдөн бир да жолу мыйзамсыз пара сунаштап, сураган жокмун. Менин силердин, элимдин, Конституциянын астында жүрөгүм таза” деп айткам. Ошондо 3 мүнөткө жакын кол чаап узатышкан. Бул абдан чоң барометр. Алар бары менин иштегенимди көрүп турушкан. Апаратта жөнөкөй кызматкерлер да ар бир адамдын чечкиндүүлүгүн, ишти өздөштүрө билгенин, койгон талабын, жөндөмүн сезип, башкалар менен салыштырып турушат.

— Кыргызстанда бизнеске киришкендердин алгачкыларынан  болдуңуз.  Бүгүнкү күндө бизнесиңиздин абалы кандай? Анткени “президенттикке шайлоого аттанган учурда эртерээк киришип алып, аяганда акчасы жок калды” деген сөздөр таркап кетти. Бул чындыкпы?

— Туура, биз эртерээк кириштик. Анткени 2015-жылкы парламенттик шайлоого катышкан эмеспиз. Себеби талап боюнча мен премьер-министр катары шайлоого калыс карап, өз партиямды катыштыра албайт элем. Мен шайлоону таза өткөрүп бердим.  Өкмөттөн кеткен соң бир жылдай кызматы жок жүрдүм. Андан соң партияны жандандырып, иштерди эртерээк баштадык. Акча жетпей калганы да чындык. Анткени менде чоң көлөмдөгү каражат жок болчу. Парламентке келгенге чейин ири бизнесмен элем. Парламентке келгенде баарын башкаруучу компанияларга өткөрүп бердик. Мен бүгүнкү күндө орто кирешеси бар катмарга кирем. Айрым акционердик коомдордо үлүштөрүм бар. Көп нерсени бир туугандар чогуу кылабыз.

— Саясий өнөктүктөрдү эске алганда чоң каражат керек экенин түшүнүп калдыңыз. Демек бизнести жолго коюп жатат экенсиз да?

— Сейрек гана адам өз акчасы менен барбаса шайлоолордо атайын демөөрчүлөр болушу зарыл. Өтө чоң бизнеси бар адамды көрдүңөр, ал шайлоо бүткөн соң сырка чыгып кетти. Анткени чоң бизнесин жоготкусу келбейт. Бийликке катуу оппоциция боло албайт эле. Ошондуктан бизнес менен саясатты айырмалаш керек. Мен президент болсом саясатчыларга “же бизнес менен же саясат менен алек бол, бирок эки орундукта отурууга жол жок” деп айтмакмын. Биз ошого баралы.

— Темир мырза, 5 жылдан кийин президенттик шайлоодо өзүңүздү көргүңүз келеби?

— Аны убакыт көрсөтөт.

— Маегиңизге рахмат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache