Биз менен байланышыңыз

Индонезияда учак деңизге кулап түштү

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Окт 2018 | 1132 | 0

Индонезиянын борбору Жакартадан көтөрүлгөн Боинг-737 учагы деңизге кулап түштү. Бул тууралуу Индонезия өкмөтүнүн маалыматына таянып Би-Би-Си жазып чыкты.

Абага көтөрүлгөнүнө 13 мүнөт болгон учак радардык көзөмөлдөн чыгып кеткен. Учактын пилоту кайра аэропортко кайтууга уруксат сураган бойдон дайынсыз кеткен. Тиешелүү тараптар дароо издөө ишин баштап, учакты батыш жээктеги Ява деңизинен табышты. Учурда куткаруу иштери жүрүп жатканына байланыштуу ичиндеги 188 жүргүнчү тууралуу эч нерсе айтыла элек. Деңизден учактын сыныктары жана жүргунчүлөргө тиешелүү болуусу мүмкүн деген буюмдар табылды.

Кулаган учак Индонезиядагы ири Lion Air компаниясына таандык болчу. Компаниянын эсебинде 100дөн ашык учак бар. Аталган учакты алар ушул жылдын август айында колдонууга беришкен.

Кошумчалай кетсек, ушул эле компаниянын учагы 2013-жылы да аварияга туш болуп, Бали аралына жетпей сууга конуп калган. Учак экиге бөлүнүп, ичиндеги жүргүнчүлөрдүн баары аман калган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM