Шашылыш кабар:

Министрлик: Бүтүрүүчүлөргө иш-чара уюштурууга катышкан мугалим иштен алынат

Министрлик: Бүтүрүүчүлөргө иш-чара уюштурууга катышкан мугалим иштен алынат
Билим жана Маданият
0

Өлкө аймагында мектептерде акыркы коңгуроо 25-майда кагылат. Бул боюнча билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Буйрукка ылайык, салтанаттуу иш-чаралар саат 9да башталат. Ал эми мектептин аймагынан тышкары оюн-зоок, иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Ошондой эле ал күнү жол коопсуздугун камсыздоо максатында да жол кыймылын камсыздоо башкы башкармалыгынын өлкө аймагы боюнча 1 миңдей кызматкер нөөмөттө болот.


(сүрөт интернеттен)

25-майда мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн акыркы коңгуроо кагылат. Бул күн алар үчүн мааниси зор экени талашсыз. Жылда бул күндө ар кандай кырсык, башаламандыктарды алдын алуу максатында министрлик буйрук чыгарып, акча чогултууга, ар кандай кечелерди өткөрүүгө тыюу салса да, ачык-жашыруун кечелер өткөрүлүп, ата-энесинин автоунаасын айдап чыгып, аягы кырсык менен бүткөн учурлар да катталып келет.

Буга байланыштуу быйыл да министрлик буйрук чыгарып, мектептин короосунан тышкары ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салды. Министрдин орун басары Надира Жусупбекова белгилегендей, буйрукка ылайык 25-майдагы акыркы коңгуроо аземи мектептин короосунда же жыйындар залында күндүз болуш керек. Ал эми 23-июнда аттестат алган күнү да күндүз мектепте белгилениш керек жана эч кандай акча чогултууга жол берилбейт.

Эгерде мугалимдер же мектептин жетекчилери өз алдынча аземди, кечени уюштурууга демилгечи болуп, же көмөктөшсө тиешелүү чара көрүлөт. Аларды кызмат ордунан бошотууга чейин барабыз. Бирок тилекке каршы министрликтин буйругун четке кагып, өз алдынча уюштурган ата-энелер да бар. Аларга биз мыйзам чегинде эч нерсе дей албайбыз. Ошондой эле ата-энесинин автоунааларын айдап кеткен балдар да болот. Акыркы 3-4 жылга салыштырмалуу алардын саны азаюуда десек болот.

Буга байланыштуу өлкө аймагы боюнча 1 миңдей кызматкер акыркы коңгуроо боло турган күндөрү тартипти сактайт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, өткөн жылы өлкөдө бүтүрүүчүлөр катышкан 2 жол кырсыгы катталып, 10го жакын бүтүрүүчү жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыпка жыгылган. Кырсыктын бирөө Ош шаарында катталып, бирөө Чүй облусунда болгонун Тилек Оторов айтып берди.

Республика боюнча ЖККББнын 1 миңге жакын кызматкери жол кыймылынын коопсуздугун камсыздайт. Учурда түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Ата-энелерди балдарына автоунааларын бербөөгө чакырып жатабыз. Өткөн жылы ушунун кесепетинен 2 кырсык катталган. Ал эми 10дой бүтүрүүчү жол эрежесин бузуп, айыпка жыгылган.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаары боюнча 96 мектеп бар. Жалпысынан борбор калаада 5 миңдей окуучу 11-классты аяктайт. Адистердин баамында акыркы коңгуроо жана бүтүрүү кечеси белгиленген күнү башаламандык жана бейбаштыктардык көпчүлүгү Бишкек шаарында катталат. Мындан улам Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы да алдын ала чараларды иштей баштады дейт башкармалыктын жетекчиси Сауле Мейрманова.

Министрлик чыгарган буйруктун үстүндө иштеп жатабыз. Акча чогултууларга каршы түз байланыштар иштеп жатат. Түшүнбөстүктөр болсо, чечүүгө аракет кылуудабыз. Эгерде буйрукка каршы чыккан мектеп жетекчилери болсо, чара көрүлөт. Ал эми мектептеги аземдерден кийинки убактарга ар бир ата-эне өзү жооптуу. Жакынкы күндөрдө мектеп директорлорун Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен жолуктурууну пландаштырып жатабыз.

Маалыматка ылайык, быйыл 9-классты 90 миңден ашык окуучу, ал эми 11-классты 60 миңдей бала бүтүрөт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache