Шашылыш кабар:

Студенттердин билим алуусуна насыя берүү сунушталды

Май 21st, 2018 | by Анара Бакытбекова
Студенттердин билим алуусуна насыя берүү сунушталды
Билим жана Маданият
0

Студенттердин билим алуусу үчүн жеңилдетилген насыя берүү сунушталууда. Бул багыттагы мыйзам долбоору Жогорку Кеңештеги Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде биринчи окууда кабыл алынды. Ага ылайык, студент жеңилдетилген насыя алып, аны менен окуу акысын төлөп, билим ала баштаса, насыяны кийин жумушка орношкондо төлөй баштайт. Эл өкүлү бул демилге студенттердин өзү каалаган кесиптин адиси болууга жана билим алуусуна стимул болот деген пикирде.


Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Аалы Карашев студенттердин билим алуусу үчүн жеңилдетилген насыя берүү сунушун киргизүүдө. Буга байланыштуу мыйзам долбоор Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде биринчи окууда каралды.

— Мыйзам долбоорун сунуштап жаткан депутаттар анализдеп чыктык. Жылына 60 миңден ашуун окуучу орто мектепти, 30 миңдей окуучу толук эмес жогорку окуу жайды аяктайт экен. Алардын алдында жогорку билимге ээ болуу маселеси турат. Тилекке каршы, 5 миңдин тегерегиндеги эле окуучу бюджеттик негизде окуса, калганы акча төлөп окуйт. Көпчүлүгү акча таап келип, анан окуйм деп чет өлкөгө чыгып кеткен бойдон окубай калып жатат. Себеби үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жардам берип калып жатышат.

Карашев мыйзам аркылуу болочоктогу студенттерге жеңилдетилген кредиттерди берүүсү каралып жатканын айтты. Анын айтымында, студент жеңилдетилген кредит алып, аны менен окуу акысын төлөп, билим ала баштаса, насыяны кийин жумушка орношкондо төлөй баштайт. Эл өкүлү бул демилге студенттердин өзү каалаган кесиптин адиси болууга жана билим алуусуна стимул болот деген пикирде.

-Ошондуктан биз жеңилдетилген түрдө насыя берүүнү сунуштап жатабыз. Насыянын үстөк пайызы 5 пайызга чейин болушу керек. Эгерде андан жогору боло турган болсо, калганын мамлекет төлөп берүүсү зарыл. Ал эми студент жыл сайын насыяны алып, төлөөнү окуу жайды аяктагандан кийин төлөп баштайт. Ата-эненин акчасына окуган бала окубайт, насыя алып окуса жакшы окуйт. Себеби өзү төлөйт.

Каржы министрлигинин маалыматына караганда, мыйзам долбоору 2019-жылдан баштап иштеп баштайт, 500 абитуриентке насыя берилсе, бюджеттен 2 миллион 275 миң сом талап кылынат. Бул тууралуу Каржы министринин орун басары Улукбек Кармышаков билдирди.

Биринчи жылга биздин алдын ала эсептөөбүзгө ылайык 2 млн сомдон ашык каражат керектелет. Эгерде беш жүз студент насыя алчу болсо. Бул Билим берүү жана илим министрлигинин бюджетинин алкагында каралат. Кийинки жылдарга сумма көбөйүүсү мүмкүн. Аны өзүнчө бюджет бекитилип жаткан мезгилде карайбыз.

КМШ өлкөлөрүнүн арасынан Кыргызстанда жогорку окуу жайларддын контракт төлөмү арзан. Буга карабастан абитуриенттер бюджеттик окууга өтпөй калса, ЖОЖдон баш тартып, миграциялык агымга карай бет алат. Анткени университеттин келишим акысын төлөөгө бардык эле үй-бүлөлөрдүн чамасы жетпейт.

Долбоордун дагы бир максаты – студенттердин билимге болгон умтулуусун арттырып, жоопкерчилигин күчөтүү. Ал тандаган кесибин өздөштүрүү үчүн окуп,  насыяны төлөө милдетин сезе билет.

Эл өкүлү Садык Шер-Нияз сунушталган демилгенин концепсиясы жакшы экенин айтып, бирок жаңы коррупциялык көрүнүштөргө жол ачылат деп кооптонууда.

-Анткени насыяны муктаж болгон гана студенттер алат деген кепилдик жок.

Деген менен айрым агартуучулар бүгүнкү күндө университетти бүткөндөр, айрыкча, келишимдик негизде окуган кадрлардын жумушка орношуусу көйгөй болуп жатканын кошумчалашат.

Билим берүү тармагындагы адис Асылбек Жооданбеков студенттердин билим алуусуна насыя берүү өнүккөн өлкөлөрдө кеңири жайылганын айтат. Бирок Кыргызстандын шартында насыя алууга жогорку окуу жайлар жана студенттер жооп бере алабы деген суроо жаралат деди.

 -Демилгени колдоймун. Студенттердин билим алуусуна насыя берүү Батыш өлкөлөрүндө жакшы колдонулат. Бул насыяны максатуу ким колдонот? Көп батыш окуу жайларында студенттер кайсы окуу жайда кандай билим алуусун, кандай жумушта иштей тургандыгы тууралуу болжолдор бар. Ал эми бизде студенттер менен окуу жайлар насыяны алууга жооп бере алабы? Эгерде дүйнөлүк сапатууу билим берүү стандарттарына туура келсе, демилге дурус. Кыргызстанда окуу төлөмдөрү анчалык деле жогору эмес.

Кыргызстанда окуу үчүн келишимдик төлөмдүн эң төмөнкү суммасы 16 миң сом болсо, жогоркусу 5 миң АКШ долларын чапчыйт.  Эгер студенттерди насыя менен окутуу долбоорун көпчүлүк депутаттар колдосо, билим берүү тармагында жаңы механизм ишке кирери пландалууда.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache