Шашылыш кабар:

Шахра Талипова: «Эскерүү кечеде Гүлзаттын кызын ырдатып, тушоосун кестик»

Май 20th, 2018 | by Каныкей Бозгунова
Шахра Талипова: «Эскерүү кечеде Гүлзаттын кызын ырдатып, тушоосун кестик»
биздин жолдор
0

«Биздин жолдордогу» жолугушуу бул ирет КРнын Эл артисти, Т.Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын солисти Шахра Талипова менен болду.


ШАХРА ТАЛИПОВА:

Өмүрүм өткөнчө Гүлзатымды даңктап ырдай берем…

— Алгач кирип келген Орозо айы жана бүгүнкү Энелер күнү менен жалпы кыргыз элимди куттуктайм! Мен кызым Гүлзаттын көзү өтүп кеткенден бери аны эскерүүсүн өткөрөм деп атып, үч жарым жылдай убакыт өтүп кетиптир. 16-май күнү эскерүү кечесин өткөрдүм. Эл колдоп келди, колдоочулар, жардам бергендер көп болду. Ушул концертти өткөргөнчө ар нерсени ойлонуп, уктабай калган күндөрүм болуп атты. Эми бир аз жүрөгүм ылдыйлап, бир-эки күн эс алсамбы деп отурам. Баланын жамандыгын эч качан ата-энеге салбасын, мындай нерсени жыланга дагы каалабайм. Кызым күнү бүгүнкүдөй эле менин жанымда жүргөндөй сезилет. Оюман дагы, түшүмөн дагы, бассам-турсам оюман дагы кетпейт. Кечээ ыйык Орозо айынын башталаар алдында анын бейитине барып, тегерегин тазалап, Куран окуп келдик. Ал эми концерт учурунда дагы чоң жамаат менен Куран окуп, аябай жакшы эскерүү болду. Ошол кечеде Гүлзаттын кызын ырдатып, тушоосун кестик. Апасына арналган жана атайын буйрутма менен жаздырган ырлар бар эле ошолорду ырдадык. Эл бир ыйлап, бир басылып аябай жакшы кабыл алып отурушту. Эми жаның, жакаң башка болгондон кийин күнүң өтүп, жашай берет экенсиң. Негизи «убакыт дарылайт» деп коюшат, бирок, андай деле эмес экен. Артында калган балдарын көрүп, «калгандары аман болсун, мага сабыр берсин» деп өзүңдү өзүң кармап, токтотот экенсиң. Мен ошондой аялмын. Себеби, Гүлзатыман башка дагы менин балдарым, келиндерим, неберелерим бар. Кудайга шүгүр баары чоңоюп калышты. Ошолордун өмүрүн, келечегин тилеп отурам. Эми анын ырдалбай калган ырларын ырдап, өмүрүм өткөнчө Гүлзатымды даңктап, эл үчүн кызматымды кыла берем…

45 жылдан бери бир багытта, бир эле жерде иштеп келе жатам…

— Менин ата-энем жылкычы, колунда бар, кадыр-барктуу кишилер болгон, жакшы турган үй-бүлөдө чоңойдум. Бала чагымда айылга артисттер барып калганда алардын сулуулугун көрүп, «ушулардай артист болом» деп аябай суктанчумун. Мектепте окуп жүргөндө өздүк көркөм чыгармачылыктарга катышып, жакшы ийгиликтерге жетишип жүрдүм. Жаштын тилегин берет дегендей, мен ушул ырчылык кесипти тандап, 45 жылдан бери өз кесибимди сүйүп, Т.Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясында бир багытта иштеп келе жатам. Азыр деле үнүмө кам көрүп, дайыма ырдап машыгып, күлүк сыяктуу таптап, багып турам.

Бешинчи кызым 9 жашарында чарчап калган…

— Мурат деген балам кесиби боюнча энергетик, кийинки уулум Марат музыкалык билим алган, аранжировщик. Кыял деген кызым болсо эсепчинин окуусун бүткөн, бирок, музыкалык дагы билими болгондуктан ырдап жүрөт ал дагы. Ал эми, Гүлзат болсо 17 жашынан баштап, өмүрүнүн акырына чейин филармонияда иштеди, Коргоо министрлигинин алдындагы аскердик оркестрде эмгектенип жатты, акыркы учурларда өзүңүздөр билгендей, «Сармерден» долбоорунда шайыр жеңенин ролун аткарып жүрдү. Бешинчи кызым 9 жашарында чарчап калган. Биз балдарым менен чогулуп калганда балдарым, келиндерим, неберелерим болуп баарыбыз эле ырдай беребиз. Балдарымдын бардыгы Бишкекте жашап, иштешет. Сагынганда келип турам.

Биз алган наамдарыбызга зор эмгек менен жеткенбиз…

— Биз ырдаган, биз иштеген убактарда жада калса азыркыдай үндү күчөтө турган дагы микрофондор жок болчу. Свет дагы жок, чырак күйгүзүп алып ырдаган күндөрүбүз болгон. Азыр үнүн жасатып алып ырдап, жылдыз болуп жатышпайбы. Биздин убакта худсовет деген болот эле. Алар биздин бутубуздан башыбызга чейин карап, басканыбызды, сахнада өзүбүздү алып жүргөнүбүздү, кийимибизди, боюбузду, сулуулугубузду, сүйлөгөнүбүздү карап туруп ишке алчу. Бир-эки жыл тарбиялап туруп анан сахнага чыгарчу. Жайлоолорго чейин барып малчыларга концер койчубуз. Ошентип жүрүп алган наамдарыбызга зорго жеткенбиз.

Мен бактылуу эне жана заманбап кайненемин…

— Балалуу болсоң, алар оюңдагыдай болуп чоңойсо, акылдуу болсо, ден-соолугу болуп, иши жүрүшүп турса, балдарыңдын жакшы күндөрүн көргөндө сыймыктанып турсаң, ошону менен катар ишиң дагы жакшы болуп турса – мына ушуну аялдык бакыт деп билем. Балдарың энени ыйлатпай, сыктатпай турса, эне үчүн мындан өткөн бакыт жок да. Албетте, адамдын башында кыйынчылыктар болбой коймок беле. Анын баарына чыдаш керек, мээнет менен аны жеңсе болот. Мен жалгыз бой болсом дагы балдарымды эл катары окутуп-чокутуп, эч нерседен кем кылбай тарбиялап, үйлөнтүп, жайлантып өз туурларына кондурдум. Ар кимиси өз алдынча жашап жатышат. Мен бактылуу энемин десем болот. Ал эми мен өзүмдү заманбап кайненемин деп эсептейм. Себеби, келиндерим менен курдаштардай сүйлөшөм, сый мамиледемин. Кайнене десе эле какчаңдай бербей, өзүңдүн дагы кыздарыңды ойлоп, келиниңди өз кызыңдай кабыл алышың керек. Келиндериме колдон келишинче жардам бергенге аракет кылам, үйдө жок болсо, идиш-аягын жууп, үйүн жыйнап, тамагын жасап коем.

Менин атым Шахрезада-Тынычкан деп коюлган…

— Шахра деген атым «Миң бир түн» деген чыгармадагы башкы каарман Шахрезаданын атынан улам коюлган. Менин апам мага чейин 4 эркек балар төрөп, бирок, алар чарчап калыптыр. Ата-энем мени «кыз болсо экен» деп Кудайдан тиленип алган экен. Атам мергенчи дагы болгон. Ал ошол мен төрөлөөр маалда мергенге чыгып кетиптир. Апам төөканага саман салып, баканды илип өзүнчө даярданып жүрөт. 25-июнь күнү мен төрөлүп, атамдын бир тууган иниси менин киндигимди кескен экен. Агам аябай билимдүү, партиялык кызматтарда иштеген адам эле. Ал киши «Миң бир түндөгү» башкы каармандын атынан Шахрезада жана «тынып калсын» теп Тынычкан деп коюптур. Кийин мен паспорт алганда кыскартып эле Шахра деп жаздырганбыз. А туулгандыгы тууралуу күбөлүгүмдө Шахрезада-Тынычкан деген узун атым бар. Кудай ата-энемдин тилегин берип, аман-эсен чоңоюп, элдин кызы болуп калдым.Үй-бүлөдө жалгыз кыз, эрке болуп чоңойдум. Бирок, ага карабай апам мени үй оокаттарынын баарын жасоого үйрөткөн.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache