Биз менен байланышыңыз

Кожошев: “Замандаштын” келечегине ишенем

Кыска кабар | 26 Окт 2018 | 1173 | 0

«Замандаш» саясий партиясы программасында жашыл экономиканы колго алганы жакшы болду. Мен “Замандаштын” келечегине ишенем. Мындай пикирин Мурунку Экономика министри Арзыбек Кожошев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, программада өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмүн эки эсе жогорулатуунун максаттуу жолдору айтылган.

«Эң негизгиси мамлекетти башкаруу системасы боюнча аймактык-территориалдык реформага да токтолушту. Бирок кадр маселесин камтыбай калышты. Себеби программаны ишке ашыруу үчүн жакшы кардлар керек», — дейт Кожошев.

Ал буга кошумча, «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов программасы тууралуу кыска-нуска түшүндүргөнүн айтып жакшы баасын берди.

Белгилей кетсек, 26-октябрда «Замандаш» партиясы программасы менен тааныштырды. Анда өнүгүүнүн негизги багыттары, партиянын пландары тууралуу маалымат берилди. Иш-чарага экс-депутаттар, саясатчылар, эл өкүлдөрү жана башка коомдук ишмерлер катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM