Биз менен байланышыңыз

Жекшенкулов: «Замандаштын» инновация меселесин көтөргөнү жакшы болду

Кыска кабар | 26 Окт 2018 | 638 | 0

«Замандаш» саясий партиясынын инновация меселесин көтөргөнү жакшы болду. Анткени элге жаңы технология, жаңы ыкмалар керек. Мындай пикирин мурунку Тышкы иштер министри, коомдук ишмер Аликбек Жекшенкулов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жаңы технологиялар айыл чарбага, өндүрүшкө бардык тармакка керек.

“Замандаш» программасын коомчулукка сунуштап жакшы идеяларды айтты. Бүгүнкү абал боюнча да маалымат беришти. Эми бул партияга ийгиликтерди калайбыз», — дейт Жекшенкулов.

Белгилей кетсек, 26-октябрда «Замандаш» партиясы программасы менен тааныштырды. Анда өнүгүүнүн негизги багыттары, партиянын пландары тууралуу маалымат берилди. Иш-чарага экс-депутаттар, саясатчылар, эл өкүлдөрү жана башка коомдук ишмерлер катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM