Шашылыш кабар:

Султан Раев: Балалыгым апам менен кошо кетти…

Май 20th, 2018 | by Орозгүл Арстанова
Султан Раев: Балалыгым апам менен кошо кетти…
Блог
0

Эне менен кошо кеткен балалык…

Эне үйдүн коломтосу, эне үйдүн ырыскысы, ал бардык жакшы нерселердин башаты экенин акындар ырларында, жазуучулур чыгармаларында жазып келет. Апанын жүрөгүнүн кеӊдиги, мээриминин чексиздиги айтылып бүтпөйт. Баланын эмес өлкөнүн башына кандай мүшкүл түшпөсүн ал ошол замат чымыркана болгон жүктү көтөрүп кетээри тарыхта далилденген. Биз Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев менен дагы эне тууралуу маектештик. Жазуучунун апасы Марапат Жумабаева тилекке каршы өткөн жылы узакка созулган оорудан улам 82 жашында дүйнөдөн өткөн. Раев ал бир нече өлкөгө барып даражалуу инсандардын сыйын көргөнүн, бирок «мен көргөн жакшы нерсенин баарын апам көрсө эмне» деп аттиӊ кылаарын айтып берди.

— Тилекке каршы менин апам былтыр өтүп кетти. Апаӊ жок болсо өзгөчө бир дүйнөӊдү, өзгөчө бир күнүӊдү жоготуп жибергендей болот экенсиӊ. Эне сени менен чогуу жашап жатканда көп нерсени байкабайт экенбиз. Мен канча жашка келсем дагы энем барда өзүмдү бала сезип, балалыктын дүйнөсүндө жүргөндөй сезчүмүн. Менин апам өткөндөн кийин мен балалыгым менен дагы коштошкондой болдум. Балалык деген түшүнүк, балалык деген өзгөчө бир дүйнө энемдин өлүмү менен бир кеткендей болуп калды. Апабыз жаныбызда жүрсө аны сыйлай билишибиз керек экен. Энебиз биз менен түбөлүк болчудай жүрө берген экенбиз. Ушуга өкүттө калгандай болуп турам. Менден сиз үчүн эӊ ыйык майрам кайсы майрам деп сураса энелер күнү деп айтат элем. Мен дүйнөнүн көп эле жагында болдум, дүйнөнү кыдырдым. 2002-жылы кыргыздардан биринчи жолу Улуу Британиянын чакыруусу менен мен бардым. Ага чейин бир дагы кыргыз жараны барган эмес экен. Ошондо мени кабыл алып, мага сый көрсөтүп жатканда ушул нерсени апам көрсө гана, жанымда отурса кандай жакшы болот эле деп ойлодум. Пекинден, Моквадан, Швециядан көп эле дүйнөлүк сыйлыктарды алдым. Ошондо ар дайым апамды ойлой турган болдум.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache