Шашылыш кабар:

Кадырбеков: Апам бир күн нан жаппай коюп, бизге нандын кадырын үйрөткөн

Май 20th, 2018 | by Орозгүл Арстанова
Кадырбеков: Апам бир күн нан жаппай коюп, бизге нандын кадырын үйрөткөн
Блог
0

«Апанын кадырын жыл өткөн сайын биле баштайт экенсиӊ»

Эне деген үч тамгадан турган улуу сөздүн ичинде бүтүндөй Аалам, жашоонун маңызы камтылган сыяктуу, жашоодо эне мээримине, ак сүтүнө, аруулугуна тең келээр эч нерсе болбосо керек. Эненин сүйүүсүнөн өткөн сүйүү жок. Анын баласы кандай болбосун, көзү өткөнчө ал күлсө күлүп, ыйласа ыйлап, ийгилигине кубанып, азап-тозогуна чыдай турган жалгыз адам. Ал баласы үчүн эмнеге гана даяр эмес. Чүрпөсү үчүн кандай гана тоскоолдуктар болбосун жеӊип чыгууга жан үрөйт. «Ыйман» фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков апасы Суусаркан Шекееванын кабагым-кашым дебей үй ишин дагы мамлекеттик кызматты дагы бирдей алып кеткенин айтып, апасына арнап чыгарган ырын окуп берип, кичинекей кезиндеги кызыктуу окуялар менен бөлүштү.

— Менин апакем ар тараптуу инсан. Мамлекеттик кызматтарда эмгектенип биз бала кезде Сельсоветтин төрагасы болгон. Мектепте директорлук кызматта иштеди, айылдык кеӊештин депутаты эле. Ошол эле кезде кайнене, кайнатага кызмат кылып, бизге тарбия берип, билимибизди текшерчү. Ой жүгүртүүсү абдан кенен, новатор педагог иши кылып апам бир Кудай берген аял. Апам ажыга барып келген. Ыйман жагынан да, интеллектуалдык жагынан да, ошол эле учурда физикалык жагынан жетишкен адам катары апакемди аябай сыйлайм. Өзү алты бир тууганбыз. Кудайга шүгүр баарыбыз теӊ турмушта өз ордубузду тапканга аракет кылып жүрөбүз. Ошондо да негизги кыймылдаткыч күч апа болот экен. «Ата сырткы тон, апа ички тон» деп коёт эмеспи. Ата материалдык дүйнөнү, акылды деле, ыйманды деле эшике чейин алып келип берет экен аны ичкери алып кирип балага сиӊирип берген апа болот экен да. Апам кээде тарбияны укмуш берет эле. Эсимде бар кичинекей кезимде курсагым ачты деп тополоӊ кылганымда апам түшкө чейин нан жаппай койгон. Анан ошондо нандын кадырын билгенбиз. Кийин өзүбүзгө суу алып келдирип, камыр журдуруп үйрөтчү. Мен Японияда жүргөндө апамды абдан сагындым. Ага чейин Америкага барган элем бирок ал кезде жаш болгондуктан анча сагынган эмесмин. Жыл өткөн сайын апанын кадырын биле баштайт экенсиӊ. Японияда жүрүп апама жазган саптарым:

Денемдесиӊ каны болуп тамырдын,

Дилимдесиӊ шаӊы болуп жаӊы ырдын.

Алыс жерде жүрөктү эзип кусалык,

Апа Сени ушунчалык сагындым. 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache