Шашылыш кабар:

Экс-депутат Жолдошева: Апам бизди багам деп таманы жарылгыча иштечү

Экс-депутат Жолдошева: Апам бизди багам деп таманы жарылгыча иштечү
Блог
0

Таманы жарылганча талаада иштеген апа…

Апалардын ыйыктыгын даӊктаган, энелердин эмгегин даӊазалаган канчалаган чыгармалар жазылса да алардын балдарына берген ак сүтү менен төккөн мээримин эч нерсе алмаштыра албасы шексиз. Турмуштан азап чегип турсаӊ, жада калса колуӊа тикенек кирсе дагы барыдан мурун апа деген сөз оозубузга келет. Энелер акыркы деми калганча баласы үчүн жашап, анын бактысы үчүн каражанын карч ураарынан бирибиз дагы күмөн санабайбыз. Муну Парламенттин V чакырылышынын депутаты Жылдызкан Жолдошеванын апасынын балдарына болгон камкордугу тастыктайт. Анын апасы Алима Мырзаканова жети баласын окутуп, кардын ач кылбай багыш үчүн согунчогу жарылганча иштегени мисал.

— Кудай буюрса быйыл апам 89 жашта. Тилекке каршы атам эрте кайтыш болуп кеткен. Апам ошондуктан жети баланы жалгыз багып чоӊойтту. Апам сабатсыз болгондуктан пахта талаасында иштеди. Ушул талаада иштеп жүрүп жетөөбүздү теӊ жогорку билимдүү кылды. Өзүӊөр билгендей ал кезде пахта 3 гана тыйын эле. Атам мугалим болгондуктан «Алима эгер мен эрте кайтыш болсом сенден бир гана суранарым балдарга билим берип кой» дечү. «Балдар билим менен гана өз нанын таап жей алат» деген сөздөрдү көп айтчу. Апам талаадан келип кечинде жатканда буттары жарылып-жарылып кеткендиктен таӊ аткыча кыйналып уктабай чыкчу. Биз баарыбыз теӊ апамдын бутун кир самын менен жууп анан кезектешип үйлөп чыкчубуз. Ошондо кичине эс алып калчу. Апам бир гана талаадан иштебестен жети баланын кирин жууйт эле, жети балага тамак жасайт эле, жетөөнүн ар биринин мүнөзүнө чыдайт эле, апам ушинтип жети баласына өз өмүрүн арнады. Азыр мен Ошто апамдын жанындамын. Албетте апам картайып калды. Көргөн сайын зээним кейип мен өзүмдү жаман сезип жатам (ыйлап айтып берди). Себеби энелер балага өмүрүн арнайт экен. Ал эми бала аны түшүнөбү, эненин кадырын билеби, бала эненин ак сүтүн актай алабы, эне баласы үчүн өзүн курмандыкка чалгандай бала эне үчүн өзүн курмандыкка чала алабы деген суроонун көбүнө жооп тапсам, көбүнө жооп таппай турам.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache