Шашылыш кабар:

Чыныбай Турсунбеков: «Апам көбүрөөк жашаса болмок деген арманым бар»

Май 20th, 2018 | by Орозгүл Арстанова
Чыныбай Турсунбеков: «Апам көбүрөөк жашаса болмок деген арманым бар»
Блог
0

«Апам көбүрөөк жашаса болмок деген арманым бар»

Адамзаттын тукумун улоо касиети аялзатына берилгендиктен, эне деген даңктоого арзый турган ыйык адам. Эненин милдети, түйшүгү баланы тогуз ай боюна көтөрүп, жарык дүйнөгө алып келүү менен чектелбейт. Аны татыктуу инсан кылып коомго кошууну дагы энелер өз мойнуна алган. Андыктан, ар бир баланын келечеги эненин берген ак сүтүнө, мээримине жана таалим-тарбиясына байланыштуу экендиги талашсыз. Биз коомдук саясий турмушта өз орду бар инсандардан алардын апалары тууралуу өз ооздорунан угуп көрдүк. Жогорку Кеӊештин депутаты, мурдагы спикер Чыныбай Турсунбеков апасы 10 балага татыктуу тарбия берип өстүргөнүн, бирок жашоодогу бир өксүгү апасы азыр жанында жоктугу экенин айтып берди.

— Менин апам 11 бала төрөп анын ичинен 10 баланы өстүрүп уядан учурган. Өтө эмгекчил жана жоош киши болчу. Эч качан бир орунда отурчу эмес. Балдардын кийим-кечесин, тамак-ашын карап, бизге кам көрүп, толугу менен биз менен алектенчү. Атабыз өзүнүн баскан-турганы менен гана үлгү болбосо, апабыз акыл-насаатын айтып, окуубузга карап кам көрүп тургандыктан учурунда «10 күн түйшүк деген» энемдин 10 баласы үчүн арткан түйшүгү тууралуу ыр жазган элем. Биз чоӊойсок деле апа үчүн анын ар бир баласы түйшүк экенин кийин сездим. Анткени эне канча жашаса дагы балдарын ойлоп жүрүп өтөөрүн көрдүм. Мен бир гана нерсе айта алам апам баарыбыздын жакшылыгызды көрүп, көбүрөөк жашаса болмок деген арманым бар. 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache