Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 9 айда 44 миңден ашуун жаран жөлөк пул алды

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Окт 2018 | 1072 | 0

Бишкекте 2018-жылдын 9 айында 44 миң 823 жаранга жөлөк пул берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Нурбек Курманбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал мындан тышкары, быйыл 8 миң 171 жаран сүйүнчү пул алганын кабарлады. Ошондой эле, сүйүнчү пул алуунун убактысын кыскартуу процесси жүрүп, 1 жуманын ичинде берилип жатканын айтты.

Ал буга кошумча, Бишкек шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгын каттоодо турган жарандардын маалыматтарынын электрондук базасын түзүү пландалып жатканын белгиледи.

«Айрым жарандар социалдык жардам алуу үчүн кирешелерин жашырып коёт. Ошондуткан текшерүү үчүн 5-6 маалымкат талап кылынат. Биз мындай шартты жеңилдетүү үчүн автоматизацияны киргизели деп жатабыз», — дейт Курманбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM