Шашылыш кабар:

Карабаева: Сомдун Кыргызстанда басылып чыгышына шарт жол бербейт

Май 18th, 2018 | by Бахар Хакимова
Карабаева: Сомдун Кыргызстанда басылып чыгышына шарт жол бербейт
Эколикбез
0

“Эколикбез” программасынын бул жолку чыгарылышында кыргыз сомунун 25 жылдыгы, улуттук валютанын туруктуу сакталып келишине түзүлгөн шарттар, сомдун басылып чыгышынын коопсуздугу, деги эле сом чейрек кылымда кандай жолду басып өтүп, өзүнүн туруктуулугун сактап калды, мына ушул маселеге токтолдук. Суроолорубузга Кыргызстандын Улуттук банкынын расмий өкүлү Аида Карабаева жооп берди.

Марал: Быйыл 10-майда улуттук валюта — сомдун жүгүртүлө баштаганына 25 жыл толду. Чейрек кылымда Кыргызстандагы акча-насыя саясатында сомдун ролу, орду кандай болду?

Аида Карабаева: Өлкөнүн көз карандысыздык жылдары ичинде макроэкономикалык өнүгүүсү негизинен ар кандай болуу менен бир нече факторлордун таасири алдында жүрдү. Акча-кредит саясаты өлкөнүн экономикасына таасир берүү менен катар эле өзү да ар кандай тышкы жана ички факторлордун таасири алдында болду. Бул жагдай Улуттук банк тарабынан салмактанган акча-кредит саясатын жүргүзүүнү талап кылган. Өлкөнүн акча-кредит системасынын калыптануусунун чейрек кылымдык мезгилине кылчайып көз жүгүртүү менен карасак көптөгөн жетишкендиктер болгонун көрүүгө болот.

Советтер Союзунун жоюлгандан кийин өлкөдө экономикалык жагдай кескин начарлаган. Мисалы, мурунку союздук республикалардын ортосунда соода-экономикалык байланыштар үзүлгөн, өлкөдө өндүрүштүн төмөндөөсү күчөгөн, импорттук товарларга баалар кыйла көтөрүлгөн, ички баалардын түзүмү дүйнөлүк бааларга жакындаган. Өлкөдө жогорку деңгээлдеги инфляция орноп, анын гиперинфляцияга өтүүсү байкалган.

Бул шарттарда 1990-жылдардын башында Улуттук банктын акча-кредит саясаты өлкөдө инфляциялык басымды азайтууга жумшалган. Ошондо улуттук валюта – сом жүгүртүүгө киргизилген. Бул инфляциянын жогору деңгээлдеги өсүшүн басаңдатууга, финансылык стабилдүүлүккө жетишүү жана өз алдынча акча-кредит саясатын жүргүзүү үчүн жоопкерчиликти алууга мүмкүнчүлүк берди.

Марал: Сомдун тарыхында канча жолу инфляция болду жана андан чыгууга кандай аракеттер болду?

Аида Карабаева: Эгерде 1993-жылы өлкөдө жылдык инфляция 930 пайыздан жогору болсо, 1996-жылы ал 35 пайызга чейин түшүрүлгөн. Кийин инфляция акырындык менен төмөндөтүлүп, 1998-жылдагы жана 2008-жылдагы дүйнөлүк финансылык кризистер жана өлкөдө болуп өткөн саясий окуялар учурунда байкалган инфляцияны эске албаганда, Улуттук банк жарыяланган максаттуу багыттардын алкагында болуп турган.

Сом жүгүртүүгө киргизилген эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары өлкөдө гиперинфляция орун алып, 1993-жылы баалар 10 иреттен ашуун кымбаттаган. 2001-жылга чейин Улуттук банк гиперинфляцияны ооздуктап, баалардын өсүш арымын 10 пайыздан төмөн түшүргөн. Буга 1997-жылы кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тууралуу» мыйзам өбөлгө түзгөн, анда баалардын туруктуулугуна жетишүү жана аны кармап туруу Улуттук банктын максаты болуп белгиленген. Мындан тышкары, ошол мыйзамда Улуттук банк тарабынан мамлекеттик органдарга кредит берүүгө тыйуу салынган, анткени мындай максаттар үчүн акчанын эмиссиясын жүргүзүү улуттук валютанын баасынын арзандашын алып келиши мүмкүн. 2016-жылдын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамында ушул нормалар сакталган.

2001-жылдан тартып Кыргызстанда дүйнөлүк кризистер жана өлкөдөгү саясий туруксуздуктар себеп болгон айрым кескин толкундатуу мезгилдерден тышкары инфляция жалпы алганда туруктуу болгон. Ушул мөөнөттүн ичинде инфляциянын орточо мааниси 7 пайыздын деңгээлинде түптөлгөн. Улуттук банк бардык маанилүү факторлорго токтоосуз мониторингди жана иликтөөлөрдү жүргүзүү негизинде баалардын туруктуулугуна багытталган акча-кредиттик саясатты иштеп чыгып ишке ашырат.

Акыркы жылдары өлкөдө стабилдүү инфляциялык динамика байкалууда. 2013-2017-жылдарда өлкөдөгү инфляция орточо 4,8 пайыз деңгээлинде кармалып турат. Бул 2013-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында белгиленген инфляция ориентирине туура келүүдө.

Марал: Негизи Кыргызстан өзүнүн валютасын жүгүртүүгө бербегенде азыр акыбал кандай болмок?

Аида Карабаева: СССР кулагандан кийин, баардык постсоветтик өлкөлөрдө каржы кризиси башталып, макроэкономикалык жагдай начарлап, өлкөлөрдүн ортосунда өндүрүштүк байланыштар жоголуп, импорттолуучу энергия жана башка товарларга баалардын кескин өсүшүнө алып келген. Өлкөдө инфляциянын кескин жогорулашы байкалган.

Эгерде ошол убакытта улуттук валютаны киргизбегенде, гиперинфляцияны токтотууга жана өз алдынча акча-кредит саясатты жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болбойт эле.

Марал: Сомдун 25 жылдыгына карата Бишкекте өткөн эл аралык конференцияда чет жактан эксперттер келишти. Алар Кыргызстандын акча кредиттик саясаты, улуттук валютасы тууралуу кандай ойдо экен?

Аида Карабаева: Аталган конференцияга маанилүү коноктор жана эксперттер келишти. Мисалы, борбордук жана улуттук банктардын тѳрагалары, эл аралык финансылык уюмдардын ѳкүлдѳрү, серепчилер. Алардын ичинде Казакстанды, Грузиянын, Швейцариянын жана Ѳзбекстандын башкы банктары жана Эл аралык валюта фонду.

Эксперттердин баары эле сомдун жүгүртүүгѳ чыгарылышы Кыргызстандын ѳз алдынча экономикалык саясыттынын башкы жана эң маанилүү негизи экени деп айтып кетишти.

Чогулуштун темасына байланыштуу серепчилердин ар бирѳѳсү сомдун туруктуулугу боюнча дагы бир жолу белгилеп кетишти. Биринчиден, Кыргыз Республикасында кабыл алынган өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу режими туура деп айтышты. Себеби, өзгөрүлмөлүү алмашуу курс режими 1998-ж., 2008-2009-жж., ошондой эле 2014-2015-жж. тышкы жана ички экономикалык жана финансылык шокторго каршы турууга мүмкүндүк берди. Экинчиден, эң маанилүү нерсе бул улуттук валютанын бизнес жана калк тарабынан ишенимге татыктуу болушунун факты.

Ошондой эле, Улуттук банктын акча кредиттик саясатын мактап кетишти. Бирок заманга ылайык мезгилде акча кредит саясаты алдын ала турган чакырыктарга туруктуу болушу талап кылынат. Бул талаптарга туруктуулук көрсөтүү үчүн биз акча кредиттик саясатынын жаңы негизине өткөнбүз. Анын негизинде Улуттук банктын башкы максатына жооп берүүгө жана башкы милдеттерин аткарууга ылайыктуу шарттар түзүлѳт.

Марал: Сомдун курсун туруктуу кармоодо тышкы мамлекеттерден насыя албаса да болобу?

Аида Карабаева: Кыргыз Республикасында 1993-жылдан тартып өзгөрүлмөлүү алмашуу курсунун режими тандалып алынган, анда алмашуу курсун чет өлкө валютасына суроо-талаптын жана сунуштун балансынын негизинде аныктоо болжолдонгон, башкача айтканда курсту аныктоо рынок механизмдери аркылуу ишке ашырылат. Чет өлкө валютасына суроо-талап жана сунуш экономикалык жагдайга, экспорт жана импортко, инфляцияга, туристикалык тармак, мигранттардын акча которуулары сыяктуу факторлорго байланыштуу.Ошентип, алмашуу курсуна көптөгөн факторлор таасир этет.

Тышкы карыздар менен алмашуу курсунун байланышы жөнүңдө айта кетсек, Кыргыз Республикасы башка өлкөлөрдөн жана эл аралык уюмдардан алган кредиттер менен түздөн түз таасири жок. Алынган кредиттер негизинен өлкөнүн бюджетинин дефицитин жабууга жумшалат.

Марал: Биздин акчалар эмне үчүн башка мамлекеттен басылып чыгат?

Аида Карабаева: Республика аймагында банкнотторду жасап чыгаруу олуттуу  каражатты талап кылат. Анткени, банкноттор кыйла капиталдык сарптоолор жумшалган, өзгөчө техникалык мүнөздөмөлөргө, мүмкүнчүлүктөргө ээ атайы жабдууларда басып чыгарылат. Ушунун өзү көчүрүп алууга мүмкүн болбогон коргоо элементтеринин камтылышына өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, учур талабына жооп берген жогорку сапатка ээ, жасалма акча жасоочулуктан ишенимдүү корголгон, эсептөө-сорттоо жабдууларында иргелген банкнотторду даярдап чыгаруу үчүн туруктуу негизде илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн да капиталдык салымдар талап кылынат.

Ар кандай эксперттик баа берүүлөргө таяна турган болсок, калкынын саны 20-25 млн адамды түзгөн өлкөдө гана банкнот жасап чыгаруу өндүрүшүн жөнгө салуу өзүн экономикалык жактан актай алат. Мисалы, эсептөөлөргө ылайык республиканын банкнотторго болгон ар жылдык керектөөсү банкнот чыгарган фабриканын натыйжалуулук чегинен беш эсе аз. Ошондуктан, калкынын саны 6 млн адамды түзгөн Кыргызстан үчүн банкнот чыгарган фабриканы куруу азырынча экономикалык жактан максатка ылайыксыз, деп эсептейбиз.

Марал: Улуттук валютанын чет мамлекеттерде басылып чыгуусу кооптуу эмеспи?

Аида Карабаева: Улуттук валютанын чет мамлекеттерде басылып чыгуусу кооптуу эмес. Анткени бул компаниялардын басып чыгарган банкнотторунун сапаты жогорку эл аралык стандартка жооп берет жана жогорку деңгээлде басып чыгаруу коопсуздугуна ээ. Улуттук валютанын банкнотторун даярдоочусу эл аралык тендердин негизинде аныкталат.

Марал: Сомдун канча коргоо элементтери бар?

Аида Карабаева: Улуттук валютанын банкноттору заманбап технологиянын акыркы жетишкендиктери менен даярдалган жана 20дан ашык коргоо элементтерине ээ. Банкнотторду жасалма акча жасоочулуктан сактаган жана банкноттун аныктыгын ар кандай деңгээлде текшерсе болот, мисалы, ар бир жаран детекторлорду колдонбой туруп, кассалык персоналдар атайы жабдуулар менен жана Улуттук банктын эксперттери тарабынан, үч деңгээлде текшерсе болот.

Банкнотту тез арада аныктыгын текшерүү үчүн, ар бир жаран эмнеге көңүл буруш керек:

1.Жогорку сапаттагы банкнот кагазы.

2.Атайы суу белгиси жана ачык түстө берилген номиналдын саны.

3.Көзөнөкчө түрүндөгү коргоо тилке.

4.Бири-бирине дал келген сүрөттөлүш (өтмө регистр) .

5.Голографиялык тилке.

6.Көмүскөдөгү сүрөттөлүш.

7.Микротекст.

8.Сүрөттөлүштөрдүн одуракайлыгы (же рельефтик ыкмада басылганы).

9.Иридисценттик элемент.

10.5000 сом номналындагы банкнотто, сандын көлөмдүү берилиши байкалат. Түшүрүлгөн сан күнгүрт жашылдан ачык жашыл түскө өзгөрөт.

Банкнотту колдонууда өтө этияттык талап кылынат. Жогоруда айтылган коргоо белгилеринин беш-алтоосун бардыгын текшерип, аныктыгына ынанып алуу зарыл. Эгерде колуңуздагы банкноттун аныктыгына шектенген болсоңуз, аны Мамлекеттик Финансылык полиция кызматынын жакын жайгашкан бөлүмүнө же Улуттук банкына тапшырууңуз зарыл.

Марал: Бүгүнкү күндө акчаны туруктуу кармап туруунун кайсы жолдору бар

Аида Карабаева: Биринчиден айтып кетчү нерсе, Улуттук банк сомдун  төмөндөшүн же болбосо анын өсүшүн максат кылбайт. Биздин өлкөбүздө сомдун өзгөрүлмөлүү алмашуу курс режими колдонулуп келет, башкача айтканда, сомдун курсу ички валюта рыногунда суроо-талапка жана сунушка жараша өзгөрүп турат. Ошондуктан, кандайдыр бир учурда сомдун курсунун өсүшүн же төмөндөшүн байкоо мүмкүн. Ал эми, Улуттук банк, сомдун курсунун кескин өгөрүүсүн жумшартуу максатында валюталык интервенцияларын (АКШ долларын сатып алуу же сатуу операциясы) керектүү учурларда өткөзүп турат.

Марал: Бишкекте өткөн эл аралык конференцияда президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук банкка кыска мөөнөттө экономиканы өнүктүрүүнү, төлөө системасын жакшыртууну тапшырды, бул боюнча кандай пландарыңыздар бар?

Аида Карабаева: Республиканын узак мөөнөттүү экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүү үчүн улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларынын иш натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу белгиленген максатка жетүүдөгү Улуттук банктын негизги милдеттеринен болуп саналат.

Ал эми 2016-2017-жылдарда жана азыркы учурда, орточо чектеги инфляциялык динамиканы эске алып, Улуттук банк ички керектөөнү жандандыруу жана экономиканын өсүшүнө түрткү берүүгө бир нече чараларды көргөн. Улуттук банк өзүнүн негизги саясат ченин – эсептик ченди – 5 пайыз деңгээлине чейин төмөндөтүп жана акыркы 2 жыл ичинде аны өзгөртүүсүз калтырган.

Бул шарттарда, ошондой эле тышкы жана ички инфляциялык тобокелдиктер орун албаса, Улуттук банктын эсептик чени төмөн деңгээлде сакталышы экономиканын өсүшүнө түрткү берүү боюнча чараларды колдоого мүмкүнчүлүк берет, жана ошондой эле орто мөөнөттүк мезгилде инфляциянын 5-7 пайыздык максаттык көрсөткүчтүн аралыгында болуушуна өбөлгө түзөт.

Улуттук банк кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү жана экономиканы өнүгүүсүнө түрткү берүү максатында, экономиканы сомдук ресурстар менен камсыз кылууну улантууда. Мисалга алсак, 2018-жылдын январь-март айларында Улуттук банк тарабынан кредиттик аукциондордун алкагында сунушталган кредиттердин көлөмү 1,5 млрд сомду түзгөн, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 4,8 млрд сомдук каражаттар берилген.

Улуттук банк тарабынан түзүлгөн шарттарга ылайык, азыркы учурда банк системасында кредиттер боюнча пайыздык чендердин төмөндөшү, кредиттик портфелдин көбөйүсу жана долларлашуу деңгээлинин төмөндөшү байкалууда.

Мындан ары да, Улуттук банк макроэкономикалык жагдайды туруктуу кармап турууга жана анын өнүгүшүнө өбөлгө түзүү үчүн инфляцияны максаттык көрсөткүчтүн аралыгында кармап туруу, ошону менен бирге эле реалдуу секторун колдоо үчүн акча рыногун өнүктүрүү боюнча чараларды улантат.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache