Шашылыш кабар:

Сооронкулова: Кол тийбестиктен ажыратуу мыйзамы Атамбаевге да иштеши керек

Май 18th, 2018 | by Бахар Хакимова
Сооронкулова: Кол тийбестиктен ажыратуу мыйзамы Атамбаевге да иштеши керек
Күн чекит
0

Бишкек жылуулук электр борборунун айланасындагы маселелер боюнча Жогорку Кеӊештин токтомуна экс-президенттердин кол тийбестигине байланыштуу сунуш дагы киргизилди. Буга чейин дагы экс-президенттердин кол тийбестиги чексиз болуп калганы жана мурдагы президент мыйзамсыз иштерге барса жоопкерчиликтен качып кетип жатканы көтөрүлгөн. Акыркы учурларды экс-президенттердин макамына байланышкан маселенин байма-бай көтөрүлүшүн өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштыргандар бар. Депутаттар мыйзам долбоорун иштеп чыкканы менен ал буга чейин өлкөнү башкарган экс-президент статусу бар адамдарга иштебей турганы айтылууда.

Ушул теманын алкагында Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара СооронкуловаКүн чекит” программасына маек курду.

Марал: “Экс-президенттер оор жана өтө оор кылмышка шектелген учурда алардын кол тийбестигин алуу боюнча механизмдерди иштеп чыгуу” сунушу айтылып, бул сунушту 87 депутат колдоду. Эми бул мыйзам кандай ишке ашат?

Клара Сооронкулова: Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Же болбосо өз алдынча башка бир мыйзам, экс-президенттин статусу жөнүндө деген мыйзам менен мурдагы президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу маселесин жөнгө салса болот.

Марал: Кол тийбестик маселеси жөн жерден көтөрүлбөсө керек. Учурда Бишкек жылуулук электр борбору боюнча тийиштиги барларды жоопко тартуу маселеси талкууда. Мыйзам кабыл алынса экс-президент Алмазбек Атамбаевге колдонулушу мүмкүнбү?

Клара Сооронкулова: Мыйзамдын артка иштөө күчү жок деген жалпы эреже бар. Укуктук-ченемдик актылар жөнүндөгү мыйзамда көрсөтүлгөндөй, эгерде мыйзамдын өзүндө артка кете турган күч көрсөтүлбөсө анда жок деп турат. Жаңы мыйзам киргизип жатканда артка күчү бар, азыркы президентке да колдонула тургандай жобо киргизип койсо болот. Ошол эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге да тийиштиги боло тургандай жобо киргизбесе анда мыйзам кабыл алуунун мааниси жок болуп калат.

Негизи бул механизм ишке сөзсүз кириши керек эле, анткени 2016-жылы бир топ мыйзамдарга өзгөртүү киргизилген. Андан тышкары прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары боюнча өзүнчө мыйзам кабыл алынган. Ошол жерде жогорку кызматта турган адамдар кандай негизде кылмыш жоопкерчилигине тартылары көрсөтүлгөн. Ошондо экс-президенттердин кол тийбестигин алып салуу боюнча мыйзам долбоору даяр болчу. 2015-жылы Юстиция министрлиги иштеп чыккан, коомдук талкууда да болгон. Бирок анын кабыл алынышына жол берилбей калды. Менин оюмча атайын эле киргизилбей калды. Себеби Алмазбек Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин кандай болуп кетет деп кооптонушкан. Эми азыр аны импичментке окшоштуруп, процедураларды жөнөкөйлөтүп кабыл алыш керек.

Марал: Негизи Кыргызстанда импичмент маселеси кайсы учурда жарыяланат жана кандай ишке ашат?

Клара Сооронкулова: Импичмент маселеси аракеттеги президентке карата колдонулат. Конституцияда көрсөтүлгөндөй бул абдан татаал процедура. Кыргызстандын тарыхында мындай колдонулган эмес. Импичмент кайсы учурда колонулат?

Эгерде президенттин ишмердүүлүгүндө кылмыштын белгилери бар болгондугу аныкталса, парламент иштеп жаткан президентке импичмент жарыялоо процедурасын баштайт. Башкы прокурор ага карата чечим кабыл алып берет. Анын негизинде кайра комиссия иштеп, анан жыйынтык чыгарылат. Ошондой эле, добуш берүү жагы да аябай татаал процесс.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache