Биз менен байланышыңыз

Быйыл электр энергиясынын баасы көтөрүлбөйт

Экономика | 25 Окт 2018 | 1314 | 0

Жогорку Кеӊеште өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө маселе каралды. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты. Маалыматка ылайык, быйыл электр энергиясынын тарифи көтөрүлбөйт. Ал эми Бишкек ЖЭБи жылытуу мезгилине даяр.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, өлкө аймагында кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча атайын штабдар иштеп жатат. Ушул кезге чейин премьер-министрдин катышуусунда үч жолу  көчмө жыйыны өткөн. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, быйыл суу жакшы болуп, учурда  Токтогул суу сактагычында 19,1 млрд куб суу топтолду. Быйыл Өзбекстанга 612 млн сомго электр энергиясы сатылган.

Январь-август айларынын аралыгында пландуу ремонт иштерине баш-аягы 412 млн сом өлчөмүндө каражат жумшалды. Жылдын биринчи жарымында негизинен сатып алуулар жүрдү, жылдын аягына чейин калган каражат толугу менен оӊдоо жумуштарына жумшалат. Бишкек ЖЭБдин жаӊы химиялык цехтин курулушу 1-октябрга карата бүткөрүлүп, 18-октябрдан тарта ишке киргизилди.

Андан тышкары, ушу тапта күз-кыш айларына даярдык алдын ала бекитилген графикке ылайык жүрүп жатканы белгилүү болду. Азыркы учурда өлкө аймагында 630 отун базасы иштейт, ал өткөн жылга караганда 37 бирдикке көп.

Жыйындун жүрүшүндө быйыл электр энергиясынын тарифи көтөрүлбөй турганы айтылды. Азыркы учурда 2019-2023-жылдар аралыгындагы орто мөөнөттүү тариф саясаты иштелип чыгууда. Бул тууралуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттигинин башчысы Таалайбек Нурбашев билдирди.

Бишкек ЖЭБ аварияга байланыштуу жана ОЭКти оптималдаштыруу алкагында тарифтик саясатты кайра кароо чарасы кийинкиге калтырылды.

Отурумда депутат Алмазбек Эргешов Бишкек ЖЭБинин жылытуу мезгилине даярдыгына кызыкты.

Бишкек ЖЭБи жылытуу мезгилине даярбы? Жергиликтүү көмүргө өткөрүү маселеси көтөрүлдү эле, эмне иштер аткарылды, канча пайыз көмүр жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн алынат?

Маалым болгондой, аталган борбор кышка даяр.  Бүгүнкү күндө ЖЭБдин 60 пайызы — жергиликтүү көмүргө өткөн. Ал эми көмүрдүн 40 пайызы Казакстандан келген.

Депутат Сайдулла Нышанов кышында өткөн жылдагыдай кризис болсо ким жооп бере турганын тактады.

-Жылытуу мезгилинде былтыркыдай болбосун, бирок былтыркыдай кризис болсо ким жооп берет, ким жоопкерчиликти алат? Буга чейин депутаттар да колдогон деп бизге “стрелка” багытталды эле.

Өз убагында Боронов бардыгы мыйзам жолу менен болорун белгиледи.

Жогорку Кеӊеш жыйынында өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө маселени кароо жол-жоболору улантылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM