Биз менен байланышыңыз

Лаурентис: Футболдук беттешти 60 мүнөт кылуу керек

Кыска кабар , Спорт | 25 Окт 2018 | 1304 | 0

“Наполи” клубунун президенти Аурелио де Лаурентис футболду жаштарга кызыктуу кылуу үчүн анын мөөнөтүн кыскартуу керектигин айтты. Eurosportко жарыяланган маалыматта Лаурентис жаштардын бара-бара футболго кызыгуусу төмөндөп баратканын белгилейт. Мындай темп менен кетсе бир топ жылдан соң алар футболго келбей да, ойнобой да калышат. Ошол үчүн беттештердин эки бөлүгүн 30 мүнөттөн жалпы 60 мүнөт кылуу сунушталды.

Ошондой эле ал: “Буга биз, улуулар күнөөлүүбуз. Биз акылсыздык кылдык. Ушунчалык зеригичтүү оюндар бар, уктап калайын дейсиң. А убакыты болсо узундан-узун. Андан көрө эки таймды кыскартып, ортодогу танаписти да 3-4 мүнөт кылган жакшы”, — деп кошумчалады.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM