Биз менен байланышыңыз

Президент: Мамлекет инвесторлордун укугун коргош керек

Кыска кабар | 25 Окт 2018 | 561 | 0

Бүгүн, 25-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовду кабыл алды.

Жолугушууда өлкөнүн тоо-кен тармагын, өнөр жай жана энергетиканы мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Жээнбеков мамлекет инвесторлордун укуктарын коргошу керек, ошол эле учурда калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, жер казынасын пайдаланууга болгон сынактардын жана аукциондордун ачыктыгын камсыздоо зарыл экенин билдирди.

Мындан тышкары, аймактарда өнөр жай ишканаларын ачууну сунуштады.

Эмил Осмонбетов республиканын өнөр жай жана энергетикалык тармагын өнүктүрүү, ГЭСтердин мындан аркы кубаттуулугун жогорулатуу жана бул тармактардагы укуктук-нормативдик базаларды жакшыртуу боюнча маалымат берди.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM