Биз менен байланышыңыз

Ташкент шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Кыска кабар | 25 Окт 2018 | 890 | 0

Бүгүн, 25-октябрда Өзбекстандын Ташкент жана Самарканд шаарларында Кыргызстандын маданият күндөрү башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага Кыргызстандан бара турчу делегацияны маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Бактыбек Секимов жетектейт.

Иш-чаранын алкагында көчмө көргөзмө болуп, театралдык көрүнүштөр орун алат.

Ал эми концерттик бөлүгүндө Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониянын артисттери, “Ак-Марал” мамлекеттик бий ансамблинин бийчилери, “Камбаркан” элдик-этнографиялык ансамблдын ырчылары өнөрлөрүн тартуулашат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM