Шашылыш кабар:

Учкуч Союзбек Салиев: Батиримди сатып дүйнө кыдырдым

Учкуч Союзбек Салиев: Батиримди сатып дүйнө кыдырдым

Май 17th, 2018
Коом

Саякаттан кайра келериме ишенбей, 4 жаштагы кызыма кат жазып кетүү оор болду…

“Мен кетерде кайра келеримди билген эмесмин. Анткени абдан опурталдуу ишке бел байлаган элем. Келбей калсам деп бардык балдарыма кат жазып калтырдым. Мага баарынан 4 жаштагы кызыма коштошуу катын жазуу оор болду. Кайра келгенде аларды ыйлатпайын деп жазган каттарды өрттөп салдым”…

Бул кыргызстандык учкуч, саякатчы Союзбек Салиев. Ал “Мууней Овейшн 2” аталышындагы жалгыз моторлуу учагында дүйнө жүзүндөгү 26 мамлекетке Кыргызстандын желегин желбиретип келди. Бул саякат боюнча айтып берерден мурун Салиевдин өзү, анын үй-бүлөсү ким экендигин айтып берели.

26 мамлекетти жалгыз моторлуу учак менен кыдырган учкуч

Союзбек Салиев 49 жашта. Ал Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Кароол айылында төрөлгөн. Ата-энеси мугалимдик кесипти бийик туткан адамдар. Эки бала эки кыздын атасы. Жубайы да жогорку окуу жайлардын биринде окутуучу болуп иштейт. Учурда жеке бизнеси бар.

Айтмакчы, учкуч менен маектешип отурганда, ал дүйнө жүзүн кыдырууга камынып жатып, каражаттын жетишсиздигинен, колдоо болбогондуктан улам өзүнүн жашап жаткан батирин сатып, ошол акчага учак сатып алып анан саякатка чыкканын айта кетели.

Мага аялым гана ишенди. Батирибизди сатып, ошол акчага саякатка кеттим

“Мен жакшы иш кылып жатам, муну баары эле колдойт деп ойлогом. “Мегаком”, “Билайн” сыяктуу чоң-чоң компанияларга кайрылып, учак менен жер жүзүн айланат элем, сиздин компанияңызга да жарнама болот десем бирөө да ишенген жок. Бирөө да жардам берген жок. Учагыңыз эски экен, бул идеянын ишке ашуусу мүмкүн эмес деп жатышты. Ден соолугу ордунда эмес адамдай көрүштү. Бир гана жубайым мага ишенди. Анан жашап жаткан батирибизди саталы учак алууга акча жетпей жатат дедим. Ары ойлонуп, бери ойлонуп отуруп, саттык. Жетпегенине насыя алып анан учак сатып алып, кыргыздын желегин желбиретип саякатка бет алгам».

Учуу сезимин билип калган адам аны эч качан кое бербейт

Союзбек Салиев учкуч болууну бала кезинде эле кыялданчу экен. Талаада кой кайтарып жүрүп да учкуч болуу эңсөөсүн жоготкон эмес. Авиация тармагында китептерди окуп, программаларды көрүп жүрчү. Мектепте жакшы окугандыктан ата-энесинин жолун жолдоп, орус тили жана адабияты боюнча мугалимдик кесипти окуган. Андан кийин Кыргыз улуттук университетинде экономикалык багытта билимин улантып, иштей баштаган. Бала-чакалуу болуп, жашоосу өз нугуна түшкөндө бала кезиндеги кыялын ишке ашырууга реалдуу киришүүнү чечкен. Ошентип 28 жашында Ишенбай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжине тапшырып, көк бетине учууга мүмкүнчүлүк алган.

«Мен алгачкы жолу учканымда учакка отурганда эле үйрөнгөндөрүмдүн баарын унутуп калдым. ЯК-40 деген учак эле. Шашкалактап кеттик кеттик деп жатып, акырында анан бир калыпта уча баштагам. Ошондо “4” деген баа алгам. Бирок учуу сезими – эбегейсиз сезим, адам ал сезимди баалып калса эч качан кое бербейт. Кайра-кайра учкусу келе берет. Учкучтарды ден соолугунан улам чыгарып салганда баары бир деле авиация тармагында иштеп калышат. Жок дегенде учактын түтүнүн жыттап турайын дегендер болот. Авиация – бул романтикалуу сезим, бул базар же курулуш эмес, бул башкача сезим».

Учакта жер кыдырганда Баткендин өрүгүн шимип жүрдүк

Жогоруда айтып өткөндөй Союзбек Салиев мекени үчүн өлкө тарыхында кала турчу кадам жасагысы келип, бирок эч кимден колдоо көрө алган эмес. Ошентсе да Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгына карата 2016-жылдын 25-августунда, литвалык Йонас Жукнус менен Ашхабадга бет алып, андан ары 26 мамлекеттин үстүнөн учуп, 47,6 миң чакырым аралыкты багынтууга бет алышкан. Учкучтар Тынч океанды, Атлантика океанын, Араб чөлдөрүн, Африка саванналарын, Бразилия жунглилерин, Амазонка дарыясын, жалпы эле жер шарын 58 күндө айланып келишкен.

Ал учууга аттанганда медициналык жактан дыкат текшерүүдөн өткөн. Эң кызыгы, учуу кезинде жанындагы учкуч экөөнө Баткендин өрүгү азык болуп берген. Мындан тышкары, учкуч эки кишилик учакта 2 ай убакытта кандай эрежелерди сактоо керектиги тууралуу айтып берди.

«Асманга көтөрүлгөндө техниканы да, тамак-ашты да белгилүү бир чек менен колдонуш керек. Себеби кичинекей учакта ажаткана болбойт. Ошондуктан учууга бир күн калганда тамак жебеш керек. Ал эми учуп бара жатканда азыкты, сууну эң аз өлчөмдө колдонуу керек. Биз Баткендин өрүгүн эле алганбыз, глюкоза болсун деп шимип жүрдүк. Сууну саат сайын ченемдүү ичип коебуз. Учуп жатканда учактын ичинде жылуулук бар, андан буу чыгат. Эгер бирдеме тырс этсе эле күйүп кетет. Ошондуктан дайыма аны шамалдатып карап туруш керек. Мындан тышкары, навигацияны көзөмөлдөп туруу керек. Адашып калсаң океандын үстүндө каяка барасың? Бул абдан кыйын. Ошондой эле, күйүүчү майды ченемдүү колдонуу шарт. Шамалдын багытын да эсептөө керек. Ошого жараша ылдый же бийик учуп туруу талап кылынат».

Айрым өлкөнүн адамдары мени “крейзи мен” деп таң калышты

Учкуч болуу үчүн өтө чоң талаптар коюлат. Ден соолук жактан, кыймыл аракеттин бат болушу, акыл жүгүртүү, кабыл алуу, тез эсеп чыгарууга жөндөм болушу керек. Себеби учак өтө татаал техникалардын бири. Ал жерде 5-6 системаны бир убакытта башкара билүү талап кылынат. Ошондуктан учкучтук элиталык деңгээлде турган кесип болуп эсептелет. Анан Салиевдин чакан учакта дүйнө жүзүн кыдыруусуна анын тайманбастыгы, максатынан баш тартпагандыгы түрткү болгон. Айрым мамлекеттин жашоочулары аны “крейзи мен” деп таң калышкан.

«Тынч океандын бир кичинекей аралына барып калганда, жалгыз моторлуу учак менен океанды кыдырып жүргөнүмдү көрүп таң калышты. “Сиз абдан кесипкөй учкуч болсоңуз керек. Себеби учагыңыз абдан кичинекей экен”, — дешти. Анан менин кайсы окуу жайдан билим алганыма кызыгышып, абдан белгилүү окуу жай болсо керек дешти. Мен сыймыктануу менен Абдраимов атындагы окуу жай дедим. Алар билбейт да..(күлүп). Ошентип Тынч океандын бир аралына барганда Ишенбай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжин даңазаладым»

Мамлекет тарабынан моралдык колдоо болду

Дүйнө жүзүнө Кыргызстандын желегин желбиреткен учкуч, мамлекет тарабынан кандай колдоо болду деген суроого мындайча жооп берди.

«Мамлекттен колдоо – моралдык колдоо жакшы эле болду. Ошол кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мени кабыл алып, желек берип, батасы менен узатты. Өлкөнүн премьер-министри өзү желек берип ак жол каалап жатканда, менин жоопкерчилигим эки эсе артты. Уят кылбайын дедим. Желегибиз суу болуп калбасын, ным болуп калбасын деп коргоп жүрдүм. Келгенде да өкмөт башчы кабыл алып, грамота тапшырды. Жер жүзүн кыдырган желекти Мамлекеттик тарых музейине коюлушун тапшырды. Мен буга аябай ыраазымын».

Бир дагы өлкөнүн желеги жер жүзүн кыдырган эмес

Бүгүнкү күндө жер жүзүн учак менен кыдырган бир дагы желек жок. Ал эми Союзбек Салиевдин желеги 58 күндө 26 мамлекетти кыдырды. Учурда бул желектердин бири учкучтун өзүндө, бири мамлекеттик тарых музейине коюлат, бири Эл аралык Манас аба майданында турат.

Дүйнө эли Кыргызстанды канчалык таанышат?

«Көп жерде Кыргызстанды таанышпайт. Мисалы, Латын Америкада жарым миллиард калк бар. Алардын өзүнүн  философиясы, музыкасы, тили, киносу, адабияты бар. Башкача айтканда, өзү менен өзү болгон калк. Анча-мынча Түндүк Американы билиши мүмкүн. Кыргызстанды билесиңби деп сурасаң, ал кайсы жакта деп сурашат. Советтер союзу, Орусия менен Кытайдын ортосунда десең анан бираз божомолдоп билип калышат. Бирок биз барган жерибизге түшүндүрүп тааныштырып жаттык. Дароо эле гуглду ачып, өтө алыс экен, кантип келип калдыңыз деп таңыркап жатышты».

Жалгыз моторлуу учак менен дүйнө кыдырган 230 учкуч бар

«Жер жүзүн бир моторлуу учак менен айлангандардын саны 230ду түзөт. Ал эми космонавттардын саны 480. Бирок эми 230 киши бул аман-эсен калгандар гана. Канчалаган учкучтар жоголуп кетишти. Акыркы жолу кайсы бир аралда Пакистандык учкучтар, андан кийин австралиялыктар табылбай калды. Эми чоң боингдер жоголуп кетип жатат, анан кичинекей учакты океандын арасында ким тапмак эле. Анын үстүнө океанда суунун тереңдиги 2-3 чакырымдан ылдый болот».

26 мамлекетти кыдырууга 30 миң доллар акча жумшалды

Дүйнө жүзүн кыдырып жүргөндө кыргыз саякатчысы өзүнө кылдаттык менен карап жүргөнүн айтат. Себеби үч континентти кесип өтүп, Африка мамлекетине барганда ар кайсы ооруларды жуктуруп алуу кооптуулугу да болгон. Анын алдын алуу үчүн дайыма колуна антисептик чачыратып, же болбосо мөмө-жемиш жегенде марганцовка менен жууп анан жеп жүрүшкөн.

Ошентип аба аркылуу 26 мамлекетти – Араб чөлдөрүн, Ариканск саванналарын, Бразилия жунглилерин, Амазонка дайрасын жана башка аймактарды басып өтүүгө жалпы 30 миң доллардын тегерегинде акча сарпталган.

Учкуч болуу үчүн мандатымдан баш тарткам

Белгилей кетсек, Союзбек Салиев Бишкек шаардык кеңешинде депутат болуп иштеген. Ал депутатыкка караганда учкуч болуу жан дүйнөсүнө жакын экенин айтат.

Сиз Бишкек шаардык кеңешинде депутат болуп иштедиңиз эле. Айтыңызчы, депутат болуу жакшы бекен же учкуч болуу жактыбы?

-(Күлүп)…мен эки жолу депутат болуп шайландым, бул үчүн шайлоочуларыма ыраазымын. Бирок мени баары бир авиация жеңип кетти. Анткени авиацияга, жер-жүзүн айланууга көп убакыт керек эле.

Жер жүзүн айланууга 5 жыл даярдык көрдүм

Салиев жалгыз моторлуу учакта дүйнө жүзүн кыдырууга 5 жыл даярдык көргөн экен. Ошондон улам адам өзүнүн койгон максатына жетүү үчүн чыдаймкайлык, тырышчаактык керек экендигин түшүнсө болот.

«Мен мисалы, саякатка чыгууга 5 жыл даярдандым. Бир эле нерсени айтайын, Панапай деген аралды кесип өтүү үчүн андагы аба ырайы, климаты боюнча 3 жыл изилдедик. Же болбосо Бенгал булуңунан кесип өтүүдө да өтө даярдануу керек, себеби ал жерде муссон жааны деген бар. Ошондой эле, Атлантикадан өтөрдө тайфундарды жулуу жолдору бар, аларга да тоскоол болбош керек. Эң негизгиси эсеп-кысабың туура болушу керек. Антпесе аралга жетпей калып калуу коркунучу бар.

Мен эми бактылуу адам экенмин, ата-энем мага туура тарбия берген экен. Туура билим алган окшойм. Кыргыздын намысына жарап бердимго деп ойлойм».

Кыргыздардай копол эл көргөн жокмун

Дагы бир белгилей кетчү жагдай, башка мамлекеттерди көрүп элин тааныган учкуч, кыргыздар алда канча орой, копол болот экенбиз деп, жүрүм турумду өзгөртүү зарылдыгын айтты.

«Мен көптөгөн эл, мамлекеттерди көрдүм, аралдагы мурдагы колонияларды көрдүм. Бирок кайсы жерде болсо да аракетчил элдин жашоосу жакшы экен. Эми болгону болоор, акырын жылып жашай берели деген да калктар бар.

Дагы бир нерсени байкадым – биз кыргыздар жүрүм-турумду өзгөртүшүбүз керек экен. Биз-бири-бирибизге ырайымсыз болот экенбиз, копол тиебиз. Мындай кополдукту мен эч жерде көргөн жокмун. Керек болсо Бразилияда кылмыштуулук абдан кенен жайылган, бирок алар бири-бирине абдан сылык мамиле кылат. Ошол себептен биз сылык-сыпайылыкты, сабырдуулукту коомго таратышыбыз керек. Келген туристтер жакшы айтып кетиши мүмкүн, бирок англис, немис сайттарын ачып окусаң Кыргызстан жөнүндө жаман ойлорду жазышат».

Колунда жоктордун өкмөттөн жардам суроосу – өтө уят нерсе

«Филиппинде 100 миллион калк жашайт. Ал жерде жүргөндө жетим-жесирлерге өкмөттөн кандай жардам болот деп сурадым. Өлүп баратса да өкмөттөн жардам алганга умтулушпайт, себеби бул өтө уят нерсе экен. Бизде болсо кезекке туруп, кичине болсо да бирдеме жула калайын, төлөсүн эмнеге бербейт дегендер бар. Башка калктар бул уят нерсе деп эсептейт».

Сөздүн башында кыргыз учкучу саякатка чыгуу үчүн жашап жаткан батирин сатып учак алганы тууралуу айттык эле, бүгүнкү күндө батирлүү боло алдыңызбы деген сурообузга Салиев аман болсок аларбыз деп гана күлүп жооп берди.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache