Шашылыш кабар:

Турдукулов: Сапар Исаков аркылуу Атамбаевден өч алуу болбошу керек

Турдукулов: Сапар Исаков аркылуу Атамбаевден өч алуу болбошу керек
Күн Чабыт
0

Активисттер мурунку-премьер-министр Сапар Исаковду Атамбаевдин тарапкери болгон үчүн мыйзамсыз жана далилсиз камашса, коргоого даяр. Бул демилге  «Сөз эркиндигин коргоо комитети» тараптан көтөрүлүп жатат. Соңку учурда саясаттагы кырдаал жана ага карата Сөз эркиндигин коргоо комитеттин бул кадамы тууралуу  аталган комитеттин жетекчиси Адил Турдукулов «Күн чабыт» программасында айтып берди.

-Сиз башында турган активисттер мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковду коргоого даярбыз деген пикириңиздерди айтып чыктыңыздар. Эмне максатты көздөп жатасыздар ?

Биринчиден Сапар Исаков көптөгөн коррупциялык фактыларга малынган чиновник. Аны так аныктоо үчүн иликтөө жүргүзүлүшү керек. Эгерде фактылар далилденсе, анда кылмыш иши козголуп, сотко жетип акыйкаттык менен чечим чыгышы керек. Бирок бул жерде Сапар Исаков аркылуу  Атамбаевден өч алуу болбошу керек. Анткени бул жерде жаңы бийлик эски адатка салуу менен өз оппоненттерине карата укук коргоо органын пайдаланып, аларды басынтууга аракет кылбасын деп үн катып жатабыз.

 -Бүгүнкү күнү Укук коргоо кызматы тараптан Сапар Исаковго карата басынтуу аракети башталдыбы?

-Укук коргоо кызматтарынын табити жана маңызы таптакыр өзгөргөн жок. Президент алардын башындагы адамдарды алмаштырды. Ошону менен саясий абал дагы оң жакка өзгөрүп жатат. Муну сөз эркиндигине карата кадамдарынан байкаса болот. Бирок ошол эле учурда былык иштерге аралашкан, мыйзамсыз иштерди баштаган адамдар ошол эле Сегизбаев, Жолдубаевалар, соттор жана прокурорлор мыйзамсыз иш козгогону үчүн жоопко тартылган эмес. Ошондуктан бизде дагы күмөн жаратып жатат. Эгерде жаңы иштер башталса, бул дагы эски адатка салып, өзүм билемдикке салып жибербейби деген кооптонулар бар. Биз ошон үчүн алдын ала айтып жатабыз. Кандай гана саясий позиция болбосун, биз ага кошулбасак дагы конституцияга каршы келбесе оюн билдирүүгө толук укугу бар. Ошондуктан бул жерде саясий туткундар дейбизби же жалпыга маалымдоо каражаттары менен бир пикирде болбошубуз мүмкүн. Бирок алардын пикири дагы эл үчүн, мамлекет үчүн маанилүү. 

Сапар Исаков бүгүн коргоого муктажбы?

  Эми биз алардан коргоого муктажбы же муктаж эмеспи деп сурабайбыз. Буларды азыр формалдуу түрдө дагы оппозиция деп айтуу кыйын. Анткени алардын  Жогорку Кеңеште фракциясы бар. Көптөгөн жооптуу кызматтарда кишилери отурат. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов сындуу кызматтагы чиновниктер бар. Бирок ошол эле учурда саясат кайсы нукка бурулуп баратканын көрүп жатабыз.  Саясат Сооронбай Жээнбековду күчтөөгө өзгөрүүдө. Маселен ЖЭБ маселесинде күнөөлүүлөр деп бир гана каршылаштарына багытталбашы керек. Бир жагынан Сапар Исаковдун айтканы туура. Эгерде аларды күнөөлүү десе, анда ошол маселеге малынган адамдар баары жоопкерчиликке тартылышы керек. Бул жерде принцип оппозиция же бийлик болобу баарына бирдей принцип колдонулсун деп айтып жатабыз. Себеби бүгүнкү күнгө чейин  мыйзамсыз иштерди козгогону үчүн бир дагы адам жоопкерчиликке тартыла элек.

-Маегиңизге рахмат!

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache